Бишкектеги Жылуулук электр борборунун түтүктөрүнүн бири 27-сентябрда жардырып кулатылды — бул ишкананы реконструкциялоо иштеринин алкагында жасалды. «Электр станциялар» ААКсынан анын ордунда Жылуулук электр борборунда 150 метр бийиктиктеги жаңы түтүк пайда болорун айтышты.

Жардырылган түтүктүн бийиктиги 100 метрди түзгөн, а анын жердин деңгээлиндеги диаметри 10 метрден ашык болгон. Түтүктүн өзү 1959-жылы курулган.

Анын жардырылышы Жылуулук электр борборун пландуу реконструкциялоо иштеринин алкагында жүргүзүлдү — буга чейин ал түтүк тейлеп келген буу казандары алынган болчу, андыктан эми анын кереги жок болчу. Ошондуктан түтүктөрдүн жардырылышы Жылуулук электр борборунун мындан аркы ишине эч кандай таасир этпейт.

Жылуулук электр борборунун калган түтүктөрү өз ордуларында калышат — алар калган буу казандарын тейлөө үчүн керек. Бул тууралуу Kloop.kgге «Электр станциялар» ААКсынын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Жардыруу ийгиликтүү болду, эч кыйшаюсуз, анын жүрүшүндө эч нерсеге тийген жок, тактап айтканда, бардыгы пландагыдай өттү», — деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Ошондой эле андан түтүктүн жардырылуусу Жылуулук электр борборунун мындан аркы ишине эч кандай таасир этпегенин белгилешти.

Андан сырткары «Электр станциялар» ишканасынан Жылуулук электр борборун реконструкциялоо маалында эки жаңы блоктун курулушу пландалганын айтышты. Алар үчүн бийиктиги 150 метрлик түтүк курулат. 300 метрди түзгөн эң бийик борбордук түтүктөн башкасынын бардыгы тең учурда 150 метрди түзүшөт. Анын курулушу 2017-жылы аякташы керек.