Болгар соту «Центерра Голд» компаниясынын мурдагы башчысы Леонардо Хоменюкту Кыргызстанга өткөрүп берүүдөн баш тартты. Себептердин арасында кыргыз прокуратурасы ишкерди экстрадициялоого керектүү болгон бардык документтерди бербегендиги көрсөтүлгөн. Кыргызстанда Хоменюк коррупцияга айыпталып издөөгө жарыяланган.

Соттун Леонардо Хоменюкту өткөрүп берүүдөн баш тарткандыгы тууралуу Болгариянын ЖМКлары билдиришти.

«7-октябрда Видин шаарынын аймактык соту Болгарияда кармалган канадалык-америкалык ишкер Леонардо Хоменюкту аны «коррупцияга аралашкан» деп ишендирип жаткан Кыргызстан тарапка өткөрүп берүүдөн баш тартты», — деп билдирди The Sofia Globe.

Сайттын маалыматы боюнча, сот өз чечимин Болгария менен Кыргызстандын ортосунда экстрадиция тууралуу эки тараптуу келишимдин жоктугу, ошондой эле айыпталуучуларга карата Кыргызстандагы «бирдей эмес» мамилелер менен түшүндүргөн.

Андан сырткары болгар соту Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Хоменюктун иши боюнча доо арыздын эскирүү мөөнөтүнүн бүткөн-бүтпөгөндүгү боюнча сурамга жооп бербегендигин билдирген.

The Sofia Globe сот Кыргызстан тиешелүү документтерди берүүгө жетишсин деп ишти кароону эки жолу кийинкиге жылдырганын билдирүүдө. Ал ортодо Хоменюктун тарапташтары айыптоочу тараптын жөнөткөн документтери экстрадиция боюнча иштерде бериле турган документтерге салыштырмалуу «кыйла аз» экенин белгилешкен.

«Центерранын» мурдагы президенти чек ара көзөмөлүнөн өтүп жаткан маалда 27-июлда Болгарияда кармалган. Ал Кыргызстандын сурамы боюнча Интерполдун эл аралык издөөсүндөгү адамдардын базасында болгон.

«Издөөнүн демилгечиси — жогорудагы беренелер боюнча козголгон кылмыш ишин иликтеп жаткан Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын Тергөө башкармалыгы. Иштин фигуранты эл аралык издөөгө 2014-жылдын сентябрында жарыяланган», — деп билдирген анда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги.

Хоменюк 2008-жылга чейин «Центерра Голддо» башкы директорлук кызматты ээлеп турган. «Центерра Голд» — «Кумтөр» алтын өндүрүү ишканасынын жана ошондой эле аталыштагы кендин 100 пайызына ээлик кылат. Өз кезегинде Кыргызстан «Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасы аркылуу «Центерранын» акцияларынын 33 пайызына ээлик кылат.

«Айыптоолор негизсиз»

«Центерра Голд» Хоменюктун кармалышына карата өз реакциясын билдирип, кыргыз бийлигинин айыптоолорун «толугу менен негизсиз» деп атаган.  

«[Компания] ал айыптоолорду буга чейин карап чыгып, алардан эч кандай негиздерди тапкан эмес. «Центерра» Кыргыз Республикасынын бийлигинен мындай ишенимдүү айыптоолорго себеп болгон чыныгы негиздер тууралуу маалымат берүүнү бир нече жолу өтүнгөн, бирок андай маалымат берилген жок», — деп билдирген компания.

«Центерранын» маалыматы боюнча, айыптоолор 2003-2004-жылдардагы «Кумтөрдүн» түзүмүн өзгөртүү маселелерине байланыштуу — Хоменюк алтын өндүрүү ишканасы боюнча экинчи келишимди даярдоо маалында «мыйзамга туура келбеген бүтүмдөргө» катышкан деп айыпталууда.

Канадалык корпорация мурдагы башкы директорунун кармалышы боюнча тынчсыздануусун билдирип, Хоменюктун кармалышынын мыйзамдуулугун кайрадан карап чыгуу боюнча анын аракеттерин колдоого алган.

Коррупцияга айыптоо

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы кылмыш ишин 2003чү, 2004чү жана 2009-жылдары «Кумтөр» боюнча келишим түзүүдөгү коррупциялык схемалар боюнча козгогон.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Кыргызстандын ал кездердеги өкмөттүк чиновниктери «көзкөрүнөө пайдасыз келишимдерди» түзүшкөн.

Ал кылмыш иши боюнча Хоменюктан сырткары айыпталуучу катары «Кыргызалтындын» мурдагы башчысы Алмаз Жакыпов менен мурдагы каржы министри Болот Абилдаев дагы өтүшкөн.

Тергөө иштери чет элдик юридикалык жактар менен Кыргызстандын кызмат адамдарынын ортосундагы коррупция тууралуу кылмыш иши боюнча жүргүзүлүүдө. Бул иштин фигуранттарынын бири болуп Леонард Хоменюк эсептелет.