Боршайкомдун мүчөлөрү Хулкарпаша Сабированы «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын депутаттыкка талапкерлеринин тизмесинен чыгаруу чечимин кабыл алышты — чек ара кызматынын маалыматы боюнча, анын экинчи жарандыгы бар.

Сабированы талапкерлер тизмесинен чыгаруу чечими Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) 14-октябрдагы жыйынында кабыл алынды. Ал депутаттыкка талапкер катары «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын тизмесинде сегизинчи сапта болчу.

Жыйында БШКнын мүчөсү Рашид Бекбасаров парламент депутаттыгына талапкердин экинчи жарандыгы болушу шайлоо тууралуу мыйзамга каршы келе тургандыгын билдирди — анын 46-беренесине ылайык, талапкердин башка өлкөнүн жарандыгына ээ экендиги аныктала турган болсо, аны каттоо токтотулат.

Тема боюнча: Шайлоо-2015: БШК депутаттыкка талапкер катары Орусиянын жаранын каттаган

Бирок Бекбасаров учурда Боршайком Сабированы талапкерлер тизмесинен чыгара албай турганын кошумчалады — шайлоо тууралуу мыйзам боюнча, аны добуш берүү күнүнө беш күн калганга чейин чыгаруу керек болчу.

«Биз алгач аны талапкер катары тааныйбыз, андан кийин  [ал депутаттык мандат алгандан соң] чыгарабыз», — деди Боршайкомдун мүчөсү.

«Өнүгүү-Прогресс» партиясынын жыйынга катышып жаткан өкүлү комиссиянын чечими менен макул болду.

Хулкарпаша Сабирова — болжолдуу жыйынтыктар боюнча Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты боло турган «Өнүгүү-Прогресс» партиясынан талапкер.

Орусиянын Федералдык салык кызматынын Жеке ишкерлердин бирдиктүү мамлекеттик тизмесиндеги маалыматка ылайык, Сабирова Орусиянын жараны болуп эсептелет.

Федералдык салык кызматынын маалыматы боюнча, келечектеги кыргыз депутаты 2013-жылдын октябрынан 2015-жылдын сентябрына чейин жеке ишкер болуп эсептелген жана Москва облусунда ресторан бизнесине ээлик кылган.

Автор: Сайкал Токтогулова