Париждин четиндеги Сен-Дени аймагындагы атайын операциянын жүрүшүндө полиция 13-ноябрдагы теракттарга шектелген беш адамды колго түшүрдү. Бул тууралуу француз прокуратурасы билдирди. Учурда атайын операция уланып жатат, анын жүрүшүндө бир жанкечти аялдын өзүн жардырып өлгөндүгү айтылууда.

Париждин четиндеги Сен-Дени аймагында беш шектүүнүн кармалгандыгы тууралуу Франциянын прокуратурасы 18-ноябрда билдирди. Париждеги теракттарга шектелген адамдар райондогу үйлөрдүн бирине болгон рейддин жүрүшүндө колго түшүрүлүшкөн. Атайын операциянын өзү болжол менен таңкы саат 4:30да башталган.

Террорчу болушу мүмкүн деп эсептелип жаткандардын үчөөсү батирдин ичинде колго түшүшкөн, азырынча алардын тек жайлары аныктала элек. А берки экөөсү батирден бир аз алсыраак жерде кармалышкан.

Ошондой эле атайын операциянын жүрүшүндө дагы бир аялдын жардыруучу затты ишке келтирип, жарылып өлгөнү кабарланууда.

Рейддин жүрүшүндө террорчу болушу мүмкүн деп эсептелип жаткан адамдар колго түшүрүлгөн батирди ижарага алган жаран да камакка алынган.

«Досум эки кишини бир нече күнгө киргизип турчу деп өтүнгөн. Мен үйдө төшөнчү жок экенин айткам, а алар болсо ал көйгөй эмес экенин, аларга болгону суу керектигин жана намаз окууга мүмкүнчүлүк болсо болорун айтышкан. Менин жардам берип коюшумду өтүнүшкөн, анан мен жардам бергем. Мен алардын террорчулар экенин билген эмесмин», — деп билдирген ал «Франс-Пресс» агенттигине.

Коңшу батирдин жашоочусу BMF француз телеканалына жарылуунун жана атышуулардын үнүнөн улам ойгонгондугун айткан.

«Мен жарылуу болгондо ойгонуп кеттим. Андан кийин көптөгөн атышуулар болду. Террористтер каршылык көрсөтүшүп, полиция болсо аларды көздөй окторду чыгарышты», — деп жазган «The Guardian» басылмасы анын айткандарын.

Басылма билдиргендей, жергиликтүү тургундар кеминде жети жолу жарылуу болгонун угушкан. Батирдин айланасы полиция жана аскер кызматкерлери тарабынан курчоого алынган. Жашоочуларды болсо үйлөрүнөн чыкпоого жана терезелерге жакын барбоого чакырышып, кээ бирлерин убактылуу башкалка жайларга жеткиришкен.

Такталбаган маалыматтар боюнча, рейддин негизги максаты Париждеги терракттарды уюштурган делинген Абдельхамид Абауданы колго түшүрүү болгон.

Парижде 13-ноябрдан 14-ноябрга караган түнү бир нече теракт жасалган: футбол боюнча Франция жана Германия курмаларынын ортосунда жолдоштук беттеш өтүп жаткан «Стад де Франс» стиадионунун жанында үч жардыруу болуп, шаардын 10чу жана 11-округдарында террорчулар ресторан кардарлары менен көчөдөгү адамдарды аткылашкан.

Андан сырткары кол салгандардын тобу америкалык Eagles of Death Metal рок-тобу ырдап жаткан «Батаклан» концерттик залындагы адамдарды барымтага алышкан.

Франциянын президенти Франсуа Олланд теракттардан улам 129 киши каза болгонун билдирген. Өлкөдө өзгөчө абал жарыяланган. «Би-би-си» билдиргендей, полиция бүткүл өлкө боюнча рейддерди өткөрүп жатат жана алардын жүрүшүндө 20дан ашык киши кармалган.

Теракттар үчүн жоопкерчиликти эл аралык «Ислам мамлекети» экстрмисттик уюму алган.

Тема боюнча:

Париж теракттардан кийин, 1-бөлүк [сүрөт]
Туроператорлор: Теракттар кыргыз туристтеринин Парижге баруусун токтоткон жок

Автор: Эвелина Зайцева
Сүрөт: AP