Кыргызстанда дээрлик параолимпиадалык спорт жок — бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан даярдалган параолимпиадалык спорттун өнүгүшү боюнча жаңы мыйзам долбоорунун негиздеме маалымкатында жазылган.

«Параолимпиадалык спорт тууралуу» мыйзам долбоору парламентте 24-ноябрда каттоодон өткөн — документ бийликти Кыргызстандын түрдүү деңгээлдердеги параолимпиадалык мелдештерге катышуусун камсыздап, ал спорттун өнүшүнө шарт түзүүгө милдеттендирет.

Мыйзам долбоорун Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик демилгелеген. Документке ылайык, мамлекет ошондой эле жыл сайын спорттун параолимпиадалык түрлөрү боюнча чемпионаттарды жана ар төрт жыл сайын спартакиадаларды өткөрүп турууга милдеттүү болот.

Жалпысынан параолимпиадалык спорттун өнүгүшүнө Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин жалпы бюджетинин 3 пайызы бөлүнүшү мүмкүн — маморгандын эсептөөсү боюнча, ал болжол менен 14,5 млн. сом болот.

«Салыштыруу үчүн айтсак, бүгүнкү күндө параолимпиадалык спортту өнүктүрүүгө 2 миллионго жакын сом бөлүнөт. Көрсөтүлгөн маалыматтар сунушталып жаткан мыйзам долбоорун ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен каражаттын талап кылынбастыгын күбөлөндүрүүдө», — деп жазылган мыйзам долбоорунун негиздеме маалымкатында.

Ошондой эле мамлекет спорттук объектилердин курулушу жана оңдолушу, меценаттарды сыйлоо менен аларга дем берүү, спорттун параолимпиадалык түрлөрү боюнча квалификациялуу адистерди даярдоо жана өстүрүү боюнча колдоолорду көрсөтүүсү керек болот.

«Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга спорттун параолимпиадалык түрлөрү менен бекер машыгуу үчүн шарттарды түзүү. Ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды параолимпиадалык спортту өнүктүрүү иштерине тартуу», — деп жазылган мыйзам долбоорунда анын максаттары.

Документ параолимпиадачыларга социалдык кепилдиктерди сунуштайт: эл аралык мелдештерге Кыргызстан курамасынын атынан катышуу мүмкүндүгү, кураманын мүчөлөрүнө мамлекеттик стипендиялар, мелдештердин жыйынтыктары боюнча акчалай сыйлыктардын берилиши.

Кыргызстанда бир нече жылдан бери Спорттун параолимпиадалык түрлөрүнүн федерациясы бар. Мыйзам долбоору кабыл алынгандан тарта ал федерация өкмөт тарабынан расмий түрдө таанылат. Бирок андагы маалыматтардан анын бийликтин аткаруу бутагы тарабынан таанылышы ага эмнени берери түшүнүксүз.

Имиджге жакшы таасир

Агенттиктин директору Шейшенкул Бакиров мыйзам долбооруна тиркелген негиздеме маалымкатка Кыргызстанда «майыптар спорту дээрлик жок» экенин жазган.

«Мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга ылайыкташтырылган дене тарбия жана спорт объектилери дээрлик жок, спорттук шаймандар, медицина адистери, классификаторлор, атайын окутулган машыктыруучу-мугалимдер жок», — деп түшүндүргөн ал.

Бакиров параолимпиадалык спорттун өнүгүшү жана спортчулардын эл аралык мелдештерге катышуусу «сөзсүз түрдө» өлкөнүн имиджин «жакшыртат» деп эсептейт.

«Аны менен катар бүткүл дүйнө жүзүндө майыптардын спортунун өнүгүүсүнө, дене тарбия жана спорт аркылуу мумкүнчүлүгү чектелген адамдарды социалдаштырууга эбегейсиз чон көңүл бурулууда», — деп жазган спорт агенттигинин директору.

Кыргызстанда параолимпиадалык спорт дээрлик өнүкпөй эле — 2012-жылкы эл аралык оюндар маалында эле жалгыз кыргыз параолимпиадачынын машыктыруучусу мамлекет спорттун ал түрүнүн өнүгүүсү үчүн акча бөлбөй жатканын айтып даттанган болчу.

Сүрөттө параолимпиадалык кыймылдын желеги