Бишкек милициясынын кызматкерлери 17-декабрь күнү Бишкектин борборунда өткөн нааразычылык акциясын чагылдырып жаткан журналисттерди кармашты.

ИИМдин кызматкерлери Бишкектин борборунда өткөн акция маалында бир нече басылманын кабарчылары менен операторлорун кармашты.

Ошондой эле өкмөт үйүнөн Ак үйгө чейин «Президенттин ар-намысы = 12 миң сом» деген ураан менен жүрүш жасоону пландаган активисттер да кармалышты.

Анда активисттер президент Алмазбек Атамбаевге соттун чечими менен акциянын катышуучуларынын бири, журналист Дайырбек Орунбеков «моралдык зыян келтиргендиги» үчүн өлкө башчысына төлөп бериши керек болгон 2 миллион сомдун монеталар менен чогулган 12 миң сомун берүүгө ниеттенишкен.

Zanoza.kg интернет басылмасынын акцияны чагылдырып жүргөн журналисти Марина Сколышева милиция журналисттер менен активисттерди акция башталары менен дароо эле кармап баштагандыгын айтты.

«Биринчилерден болуп алар Адил Турдукуловду колдон алышты, андан кийин «Занозанын» операторун кармашты. Мен үчүн бул күтүүсүз болду. Албетте мен операторумду автобуска салып жаткан байкени кубалап жетүүгө аракет кылдым. Чуркап жетип анын далысына колумду коюп, «Байке, операторду кое бериңиз» деп айтканча болбой мени да кармап автобуска түртүп киргизип башташты», — деди ал Kloop.kgге курган маегинде.

Журналисттин айтымында, милиционерлер күч колдонушкан эмес.

«Эч ким уруп, колдорду сындырган жок — жөн гана унчукпастан автобуска тыгып жатышты. Бирок чынын айтканда андан менин ачуум азыраак келип калган жок. Негизи эле чоочун кишилердин кармаганын жактырбайм. Болгондо да мени кармоого эч кандай себеп жок болгондо кармагандарын», — деди Сколышева.

2014-жылдын сентябрында Дайырбек Орунбеков «Отунбаева көз жумуп койгон жана Атамбаев унутуп калган Ош окуяларына качан баа берилет?» деген аталыштагы убактылуу өкмөт мүчөлөрүн 2010-жылдагы Ош окуяларына айыптаган макаласын жарыялаган.

Кийин башкы прокурор Индира Жолдубаева Аламүдүн райондук сотуна президенттин ар-намысын коргоо боюнча доо арыз жолдогон. Анда сот журналистти «Кыргызстандын ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери тууралуу» беренени бузган деп таап, аны Атамбаевге 2 миллион сом төлөп берүүгө милдеттендирген болчу.

Сүрөт: Zanoza.kg