Чучукту жылкынын жыныстык мүчөсүнө салыштырган британиялык Майкл Макфит 5-январь күнү эртең менен Кыргызстандан депортацияланды. Британиялыкты депортациялоо тууралуу соттун чечими Макфиттин өлкөнүн миграциялык мыйзамын бузгандыгына негизделген.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев Kloop.kgге курган маегинде Макфит Бишкек-Стамбул каттамы менен болжол менен эртең мененки саат 8де учуп кеткенин билдирди. Бул маалыматты Тышкы иштер министрлигинен ырасташты.

Осмонбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет британиялыктын билдирүүсү «кенде массалык нааразычылык акциясынын башталышына түрткү болгондуктан» ага расмий эскертме бергенин кошумчалады.

«Ал факты боюнча кылмыш иши козголгон эмес, бирок анын аракеттери [чучукту жылкынын жыныстык мүчөсүнө салыштыргандыгы — редакциянын түшүндүрмөсү] Кыргызстандын Кылмыш кодексинин 299-беренеси менен каралган улуттар аралык кастыкты козутуу катары түшүндүрүлүүдө», — деди ИИМ өкүлү.

Макфит «Кумтөр» алтын өндүрүү компаниясында ширетүүчү болуп иштеген, бирок компаниянын басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, ал алардын кызматкери болгон эмес.

«Ал биздин компанияда иштечү эмес, ал жалданма компаниянын кызматкери болчу», — деп билдиришти «Кумтөрдүн» басма сөз кызматынан Kloop.kgге. Алтын өндүрүү компаниясынын өкүлдөрү жалданма «компаниялар көп экенин» айтып, Макфиттин алардын кайсынысынын кызматкери экенин так айтып бере алышкан жок.

Чучуктун айланасындагы ызы-чуу

Алтын өндүрүү кенинин мурдагы кызматкери Майкл Макфит 31-декабрда «Фэйсбук» социалдык түйүнүндөгү баракчасына «анын кыргыз кесиптештери жылкынын жыныстык мүчөсүн жегени кезекте тургандыктары» жазылган билдирүү чыгарган.

Анын ал билдирүүсү «Кумтөрдүн» калган кызматкерлеринин нааразычылыгын жаратып, алар «улуттун улуттук кадыр-баркын кемсинткендиги» үчүн Макфиттин жоопко тартылышын талап кылышкан.

«Талап бирөө гана – кыргыздардын улуттук кадыр-баркын кемсинтүүгө жол берген чет өлкөлүк кызматкеринин аракети үчүн компания жетекчилигинин жоопкерчиликти өзүнө алуусу жана кызматкердин өзүнүн тиешелүү жоопко тартылышы», — деп жазылган тоо-кенчилердин кесиптик кушуунунун билдирүүсүндө.

Кийинчерээк британиялык соцтүйүндөгү ал билдирүүсү үчүн кечирим сурап, аны баракчасынан өчүрүп салган.

«Менде чынында эле бирөөнү кемсинтейин деген ниетим жок болчу. Эгер ошондой кабыл алсаңар бардыгыңардан кечирим сурайм», — деп жазган Макфит.