Милиция Эски жаңы жылда петарда жардырган бишкектиктерди таап, аларга айып салуу ниетинде. Ал түнү эки жардыруу болуп, жарандар ызы-чууга даттанышкан.

Укук коргоо органдары менен атайын кызматтагылар 14-январь түнү Бишкектеги жардыруулардын булагы кубатуу петардалар болгонун билдиришти. Милиция Эски жаңы жылда фейерверк уюштурган бишкектиктерди таап, аларга айып салуу ниетинде.

«Саат 2:50дө биринчи жарылуудан ойгондум. 3:03тө экинчиси [андан да катуураак] жардырылды», — деп жазды «Дизель» интернет-форумунун Aichkin деген колдонуучусу.

Форумдун катышуучулары жазышкандай, жардыруулардан алардын терезе айнектери дирилдеген. Алар уккан үндөрдү газ баллонунун же башка бир жабдуунун жарылуусу менен салыштырышты — алар анын фейерверк эмес экенине ишенишкен.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев Kloop.kgге Бишкекте эч кандай жарылуу катталбаганын билдирди.

«Ал петардалар же дагы башка бир нерселер болгон. Мен нөөмөт бөлүмү менен байланыштым, шаарда баары тынч, жарылууларга байланышкан эч кандай окуялар болгон эмес […] Балким, кандайдар бир турмуш-тиричиликтик кырсыктар болгондур», — деди ал.

Жарылуулардын фейерверк болгонуна Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттегилер (УКМК) ишенишет.

«Кечээ Эски жаңы жыл болгон, ошону белгилешкен, азыр петардалар кубаттуу. Жарылуулар боюнча бизде эч кандай маалымат жок», — деп билдиришти УКМКнын басма сөз кызматынан.

Осмонбаев майрам эмес күндөрү петарда жардыруу майда бейбаштык болуп саналарын жана эгер аны жасаган адам кармалса болжол менен бир миң сомго айып салына тургандыгын кошумчалады.

«Жаңы жыл эбак эле өтүп кеткен, а бул [петардаларды жардыруу] баарын тажатып жиберет. Көбүнчө аны менен кыларга иши жок жаштар алектенишет […] Айып пул өлчөмү 10-20 миң болгондо алар дароо эле тынчып калышмак», — деди ал.

Жарылуулар Бишкектин бир нече районунда угулган — көбүнчө шаардын түштүк жана борбордук бөлүктөрүндө.

Автор: Александра Ли