15-январдан тарта мамлекеттик кызматкерлерге жеңилдетилген шарттарда турак жай сатып алуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Ал үчүн өкмөт ипотекалык компания түздү. Мамлекеттик ипотеканын кандай иштей тургандыгы жөнүндө макаладан окуңуздар.

Ипотекалык насыя — бул турак жай сатып алуу үчүн коммерциялык банктар тарабынан берилчү насыя. 2015-жылы өкмөт коммерциялык банктардын ипотекасына альтернатива болуп, кыргызстандыктарга (негизинен мамлекеттик кызматкерлерге) турак жай сатып алууда жардам бериши керек болгон Мамлекеттик ипотекалык компания түзгөн.

Мамлекеттик ипотека эмне үчүн зарыл?

Өкмөттүн идеясына ылайык, мамлекеттик ипотека «Жеткиликтүү турак жай» долбооруна кирет жана муктаж адамдарды ыңгайлуу шарттарда турак жай менен камсыз кылууга багытталган.

Программа биринчи кезекте жеке турак жайга ээ эмес же аны кеңейтүүгө муктаж болгон мамлекеттик кызматкерлер менен алардын үй-бүлөлөрүнө арналган.

Babanov-200x130

Бул мамлекеттик ипотекалык компания түзүү боюнча өкмөттүн алгачкы демилгеси эмес — мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов мамлекеттик насыялоону 2012-жылы эле сунуштаган, бирок ал идея ошол кезде ишке ашкан эмес.

Мамлекеттик ипотека коммерциялык ипотекадан эмнеси менен айырмаланат?

Биринчиден, мамлекеттик ипотекага билдирме жөнөтүүдө мүлктү күрөөгө коюу зарыл эмес.

Жалгыз күрөө — бул насыяга алынып жаткан батир. Бирок кепилдик берчү адамдын (зайымчынын ипотекалык банктын алдындагы милдеттенмелерин ала турган адам) болушу баары бир милдеттүү болот.

Эгер зайымчы насыяны төлөй албаса, анын ордуна кепилдик берген адам төлөшү керек болот.

Коммерциялык ипотекалык насыяларга салыштырмалуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын пайыздык чени төмөнүрөөк, насыянын максималдык мөөнөтү узагыраак жана алгачкы төлөм чеги төмөндөтүлгөн. Мамлекеттик ипотекадан алууга мүмкүн болгон насыянын максималдуу суммасы үч миллион сомду же дээрлик 40 миң АКШ долларын түзөт.

Алсак, коммерциялык «Оптима-Банк» тарабынан сунушталган ипотека сом менен жылына 25 пайыздык үстөк менен берилет жана турак жай үчүн максималдуу төлөө мөөнөтү жети жылды түзөт.

KICB банкы ипотекалык насыяларды доллар менен гана, үч жылдан он жылга чейинки мөөнөткө берет. Аны менен катар зайымчы алгачкы төлөм катары турак жайдын жалпы баасынын 40 пайыздан кем эмес бөлүгүн төлөшү керек.

Мамлекеттик ипотека программасынын катышуучулары үчүн пайыздык чен алгачкы төлөнчү суммага жараша болот: турак жайдын баасынын 10 пайыздан 20 пайызга чейинки бөлүгүн төлөөдө пайыздык чен жылына 14 пайыз болот, а эгер алгачкы төлөм жалпы сумманын 20 пайыздан 30 пайызга чейинки бөлүгүн түзсө, анда насыя 13 пайыздык үстөк менен берилет.

Эгер алгачкы жеке төлөм турак жайдын баасынын 30 пайыздан көбүн түзсө, анда ипотекалык программанын катышуучусу жылына 12 пайыздык үстөк менен төлөйт. Зайымчы ошондой эле алынган насыяны 15 жыл ичинде төлөп кутулушу керек, андай болбосо турак жайга ээ боло ала албайт.

Ипотеканын катышуучусу жашаган аймагына карабастан эң көп дегенде үч миллион сом ала алат, батирдин аянты 70 чарчы метрден, ал эми жеке үйдүн аянты 150 чарчы метрден ашык болбошу шарт.

Азырынча катышуучулар жаңы салынган, ошондой эле экинчи колдонуудагы үйлөрдү ала алышат, бирок кийинчерээк жаңы батирлер менен жаңы үйлөргө артыкчылык берилип баштайт.

Насыялар ким тарабынан берилет?

Baktygul-ZHeenbaeva-200x130

«Жеткиликтүү турак жай» программасы боюнча насыялар банктар тарабынан берилет. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрайымы Бактыгүл Жээнбаеванын айтымында, программага катышууга эки мамлекеттик банк — «РСК Банк» менен «Айыл-Банк», ошондой эле коммерциялык KICB банкы макулдугун билдиришкен.

Банктар келишимдерден белгилүү бир пайыздарга ээ болушат, Жээнбаеванын айтымында, ал пайыз бардык банктар үчүн бирдей болот. Банктар өзүлөрүнө зайымчынын документтерин, анын насыяны төлөп берүү мүмкүнчүлүгүн текшерүү жана келишимдин шарттарын аткаруусуна көз салуу үчүн жоопкерчилик алышат.

Ким насыя ала алат жана кимдерге артыкчылык берилет?

Мамлекеттик ипотека алуу үчүн негизги талаптар — бул банктын шарттарына дал келүү, жеке турак жайынын жок болушу же үйүн кеңейтүү зарылдыгынын болушу, билдирме жөнөтүүдөн мурдагы акыркы үч жыл ичинде жарандык келишим түзүүлөрдүн жоктугу.

Ошондой эле программанын катышуучусунун каржылык абалы анын насыяны төлөп берүүсүнө мүмкүндүк бергидей болушу шарт.

Көп балалуу, мамлекттик милдетин аткаруу маалында каза болгон жана майып балдары бар үй-бүлөлөргө артыкчылык берилет.

Комиссиянын кызматкерлери программада «коррупциялык схемаларга жол бербей, социалдык адилеттүүлүктү камсыз кылууну» убадалашты.

Мамлекеттик ипотекалык копаниянын төрайымынын айтымында, насыя берүүдө саламаттыкты сактоо, билим берүү жана социалдык коргоо тармактарында эмгектенгендерге артыкчылык берилет.

Ипотека алууга билдирме жөнөтүү процесси

Мамлекеттик ипотека программасынын катышуучусу болуу үчүн жаран алгач өз мекемесинде билдирме толтурушу керек болот. Андан соң айкындуулук үчүн мекеме билдирме бергендердин тизмесин жарыялайт.

Жарыялангандан кийин тизмелер мекемелер аралык комиссияга жөнөтүлөт, андан кийин комиссия аларды банктарга берет. Насыя берүү тууралуу акыркы чечимди келишимдин шарттарын текшерүүнү жана көзөмөлдөөнү камсыз кылган банк кабыл алат.

Ипотекалык программанын катышуучуларынын тизмелери кантип түзүлөт?

Gulmira-Kudajberdieva-200x130

Вице-премьер министр Гүлмира Кудайбердиеванын айтымында, тизмелер жарандардын жашаган жерлери боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялардан турган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан түзүлөт.

Тизмелерди түзүү үчүн бардык жоопкерчиликтерди жер-жерлердеги жетекчилер алышат. Программанын катышуучуларынын аты-жөнү Мамлекеттик ипотекалык компаниянын расмий сайтында жеткиликтүү болот.

Каржы булагы

Adylbeka-Kasymaliev-200x130

Каржы министри Адылбек Касымалиевдин айтымында, азыркы учурга карата «5 миллиард сомго жакын» акча табылган.

«Февралдан тарта биз ал каражатты Мамлекеттик ипотекалык компанияга берип баштайбыз», — деп билдирди ал маалымат жыйынында.

Министрдин айтымында, 4 миллиард сомго жакын каражат Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан алынган. Дагы бир бөлүгү мамлекеттик топтоо фондунан түшкөн.

Касымалиев кошумча каржы булактарын издөө иштери уланып жатат деп ишендирди.

Насыялар сом менен гана берилет

Мамлекеттик ипотекалык компания турак жай үчүн насыяларды сом менен гана берет.

Компаниянын төрайымы Бактыгүл Жээнбаеванын ишендиришинче, сомдун долларга болгон курсу насыянын суммасына таасир этпейт жана сомдун куну түшсө дагы калган сумма өзгөрбөйт.

«Катышуучулар насыяларды сом менен алышат, батир үчүн да сом менен төлөшөт, насыя он беш жыл бою сом менен төлөнөт, эч кандай индекстөө болбойт», — деди Жээнбаева.