Фрунзенин көчөлөрүндө алгачкы троллейбус 65 жыл мурда пайда болгон — 13-январда троллейбус башкармалыгы өз мааракесин белгиледи. Kloop.kgнин кабарчылары троллейбус айдоочулары жана аларды оңдоо менен алектенген жумушчулардын иши менен таанышып келишти.

Болотбек Абдиев — 20 жылдан ашык эмгек тажрыйбасына ээ троллейбус айдоочусу. Күн сайын ал өз унаасын №11 каттамга алып чыгат. Жушумчу күнү эрте башталат — таңкы саат үч жарымдан тарта нөөмөт автобусу шаар кыдырып жумушчуларды чогултат.

Абдиев жумушунун оордугу Бишкектин көчөлөрүндөгү жол кыймылынын татаалдыгында экенин айтты.

«Троллейбустун ири габариттеги коомдук транспорт экенин жана аны кое берүү керектигин түшүнгөн маданияттуу айдоочулар бар, ал эми джиптер менен бустар болсо бизге көңүл бурушпайт», — дейт ал.

Болотбек Абдиев негизги жол коопсуздук эрежелеринин бузуучулары катары маршруттук таксилердин айдоочуларын эсептейт.

«Эгер аларга ар бир эреже бузуусу үчүн айып салышса, анда ал айыптарды өмүр бою төлөөгө туура келмек. Алар тараптан бир жолу айланып келүүсүндө эле көптөгөн эреже бузуулар болот! Абдан көп авариялык абалдарды жаратышат», — деди ал.

Көбүнесе троллейбустарда күбөлүктөрү бар пенсия курагындагы адамдар менен жол жүрүү документине ээ студенттер жүрүшөт, анткен менен коомдук транспорттун бул түрүнө баары эле жакшы мамиле кыла беришпейт.

Троллейбустун айдоочусу аялдамада турган студенттер анын унаасын «лоховоз» деп атап, бирок баары бир ошол эле троллейбуска отуруп кеткен учурду эстеди.

«Кайсыл бир жолу политехтин [Кыргыз мамлекеттик техникалык университети] жанындагы аялдамада турганда алдынкы эшиктин жанында 10го жакын студенттин «Мына, лоховоз келип калды» деп сүйлөшүп жаткандыктарын угуп калдым. Алар мени карап алып күлүштү, андан кийин бирөөсү: «Жүргүлө, отуралы, бул дагы филармонияга чейин барат» деп, кирип отуруп алышты», — деп айтып берди ал күлүп.

Оңдоо иштери күнү-түнү жүргүзүлөт

Башка коомдук транспорт каражаттарындай эле троллейбустар дагы күн сайын текшерүүдөн өткөрүлөт. Бузулган жерлери табылган учурларда аны оңдоо менен атайын бригада иштейт.

«Деподо электриктер, механиктер бар. Оңдоо иштерин биз өзүбүз жасабайбыз, бирок кээ бирде жардам беребиз», — дейт Абдиев.

Владимир Бондарев деподо 15 жылдан бери слесарь болуп иштейт. Айтымында, күн сайын жабуудар кароодон өткөрүлүп, тормоз баскычтары көзөмөлдөнөт, керектүү учурларда майлары алмаштырылат. А зарыл болсо троллейбусту тетиктерге бөлүп, кайрадан чогултушат.

«Биз суткалап иштейбиз. Бүгүн эртең мененки саат 8де жумушка кириштик, эми эртең сегиз жарымда кетебиз, анткени бардыгын [жүргүнчүлөрдү] жумуштарына жеткирүү керек. Эң жакшы график», — деди слесарь.

Анын айтымында, оңдоо иштеринде керек болгон тетиктер Орусия менен Белоруссиядан алынып келинет.

«Азыркы тапта тетиктерге байланышкан көйгөйлөр жок. Эгер бир нерсе жетишпесе аны менен жетекчилик алектенет», — деди Бондарев.

Азыр деподо 154 троллейбус бар жана алар 660 кишини жумуш менен камсыз кылышат, алардын 75и мында 25 жылдан ашык убакыттан бери иштеп келишет.

Жалпысынан баары эле жумушуна ыраазы, бирок бардык жерде эле кемчиликтер болот эмеспи, мында — айлыктын аздыгы кемчилик. Абдиев премьер-министр Темир Сариев алардын жамааты менен жолугушуу уюштурса дейт.

«Биз дайыма эле белгиленген кошумча эсептелген акчаларды толук албай калабыз — ага көптөгөн тоскоолдуктар бар. Биз азыр Бажы биримдигине кирдик, доллар болуп көрбөгөндөй кымбаттап жатат, андан улам айлыгыбыз эч нерсеге жетпей калууда», — деп нааразычылыгын билдирди ал.

Буга карабастан айдоочунун жумуш ордун алмаштыруу ниети жок.

«Эгер мен жумушума башкача көз караш менен карасам, анда эбак эле кетип калмакмын. Жумушумда троллейбусту ары-бери айдап жүрүү, адамдардын бизге карата айтылган ыраазычылыктары жагат», — дейт Абдиев.

Автор: Айдана Апазбекова
Видео: Дмитрий Мотинов