Кыргызстандагы зыяндуу заттардын агындыларынын көлөмү 2010-жылга салыштырмалуу эки эсеге көбөйгөн. Мындай маалыматтар статистика комитетинин айлана чөйрөнү коргоо боюнча 2010-2014-жылдарга карата жарыялаган отчетунда келтирилген.

Улуттук статистика комитети 18-январда Кыргызстандагы айлана-чөйрөнүн абалы тууралуу отчет чыгарды. Андагы маалыматтарга ылайык, 2010-жылга салыштырмалуу Кыргызстанда зыяндуу заттардын агындылары эки эсеге көбөйгөн.

2014-жылы бул көрсөткүч 60,5 миң тоннаны түзгөн. А төрт жыл мурда атмосферага эки эсе аз, 30,7 миң тонна зыяндуу зат чыгарылган.

18-1024x576

Изилдөөчүлөр зыяндуу заттардын агындыларынын мындай көбөйүүсүн «кескин» деп аташып, аны суунун аздыгы жана буу казандарда көмүрдүн пайдаланылышы менен байланыштырып жатышат.

«Бир чарчы километрге эсептеп чыкканда атмосфераны булгаган зыяндуу заттардын жарымына жакыны Бишкек шаарына туура келди», — деп жазылган отчётто.

22

Жалпысынан Чүй облусу менен Бишкек шаарына зыяндуу заттардын бардык агындыларынын үчтөн экиси туура келет. Ошондой эле Баткен облусунда да зыяндуу заттардын агындылары 25 эсеге же 0,3 миң тоннадан 7,5 тоннага чейин көбөйгөн.

Epizod-01.00_00_44_04.nepodvizhnoe-izobrazhenie003

Отчётто экономикалык ишмердүүлүктөрдүн түрлөрү боюнча айлана-чөйрөгө зыян келтирүүлөрдүн көлөмдөрү тууралуу маалыматтар да келтирилген:

  • иштеп чыгаруу өнөр жайында үч эсеге — 8 миң тоннадан 24 миң тоннага чейин;
  • пайдалуу кендерди казып алууда эки эсеге — 1,9 миң тоннадан 3,8 миң тоннага чейин;
  • электр энергиясы, газ жана буу менен камсыз кылууда бир жарым эсеге — 20,4 миң тоннадан 31,7 миң тоннага чейин көбөйгөн.

Epizod-01.00_00_41_15.nepodvizhnoe-izobrazhenie004