Олимпиадалык коло медалдын ээси Руслан Түмөнбаев милиция кармаган маалда ал соо болгондугун билдирди. Өз кезегинде Ички иштер министрлиги кармоо маалында анын канында алкоголдун болгондугуна ишендирүүдө.

25-январда ИИМдин басма сөз кызматы кармалган маалда Түмөнбаевдин мас абалында болгондугу жазылган медициналык күбөлөндүрүү кагазынын көчүрмөсүн жарыялады.

Күбөлөндүрүү кагазы 21-январда түзүлгөн, анда текшерүү маалында балбандын кандай абалда болгондугу жазылган.

«Текшерүүнүн себеби: мас болушу мүмкүн деген шектенүү. Текшерилген адамдын сырткы көрүнүшү: кийими бүтүн. Жүрүм-туруму: колу артына байланган, сол көзүнүн үстүндө сыйрылган жери канап жатат. Акыл-эси тунук, сүйлөгөнү акырын», — деп жазылган документте.

Милициянын басма сөз кызматынын бул пресс-релизи олимпиадалык байге ээсинин жасаган билдирүүсүнө карата реакция болду — Түмөнбаев «Заноза» агенттигине курган маегинде «таптакыр спирт ичимдиктерин ичпей тургандыгын» айткан.

«Буга байланыштуу биз кармалган маалда Түмөнбаевдин мас абалында болгондугу жазылган медициналык күбөлөндүрүүнүн протоколунун көчүрмөсүн көрсөтөбүз», — деп жазылган ИИМдин билдирүүсүндө.

Түмөнбаев 21-январга караган түнү өткөрүлгөн рейддин жүрүшүндө Токомбаев көчөсүндөгү блокпостто кармалган. Бишкек милиция кызматкерлери спортчунун башкаруусундагы «Лексус 330» үлгүсүндөгү унааны токтотушкан.

ИИМдин билдирүүсү боюнча, Түмөнбаевдин жанында айдоочулук күбөлүгү болгон эмес.

Түмөнбаевдин унаасын айып унаа токтотуу жайына алып барышып, өзүнө карата «Айдоочулук күбөлүгү жок адамдын унаа башкаруусу» беренесинин негизинде административдик протокол түзүлгөн.

«Тапанча менен коркуткан»

ИИМ Түмөнбаевди анын унаасын айып унаа токтотуу жайына алып кеткенден кийин ал милиция кызматкерлерин тапанча менен коркуткан деп айыптап жатат.

Милиция кызматкерлери балбанды кармашып, «газ тапанчасын мыйзамсыз алуу, берүү, сатуу, сактоо, алып жүрүү жана бийлик өкүлүнө карата кол көтөрүү» фактылары боюнча кылмыш ишин козгошкон.

Түмөнбаевдин өзү милиционерлерди тапанча менен коркуткандыгы тууралуу айтылган айыптоолорду четке кагууда.

«Милиционерлерди тапанча менен коркуткандыгым жөнүндө айтылган маалымат да чындыкка дал келбейт. Мен спортчу катары алган тажрыйбаларды спортто гана пайдалануу керектиги жазылган олимпиадалык принциптерди карманам», — деген Түмөнбаев.

Азыр ал белгилүү бир аймактан чыкпоо шарты менен сотко чейин бошотулду.

Руслан Түмөнбаев — 2008-жылы өткөн Пекиндеги Олимпиада оюндарынын грек-рим күрөшү боюнча коло байгесинин жана Азия оюндарынын алтын байгесинин ээси.