Бийик тоолуу аймактарда иштегендерге кошумча төлөнчү акынын көлөмүнө, электр энергиясына болгон тарифтерге жана облуста транспорттун жоктугуна нааразы болгон нарындыктар митингге чыгышты.

200дөн ашык кишини чогулткан митинг 27-январда Нарын шаарынын борбордук аянтында өттү. Чогулгандар бийик тоолуу аймакта жашагандар менен эмгектенгендерге төлөнчү кошумча акынын «төмөндүгүнө» нааразычылыктарын билдиришти.

20160127_105723

Азыр бул кошумча акы 50%ды түзөт — мисалы, эгер кыргызстандык Бишкекте сабак өткөндүгү үчүн 10 миң сом алса, ушул эле жумуш үчүн Нарындагы айлык маяна 15 миң сомду түзөт.

Нарындыктар ушул кошумча акыларды кыскартуу тууралуу парламент сунуштаган мыйзам долбооруна нааразы болушкан. Демонстранттар бул мыйзам долбоорун кабыл албоону талап кылышып, кошумча акыларды 70%га чейин көбөйтүүнү өтүнүштү.

«Дарыгерлерге кошумча акы 2015-жылдын май айынан бери төлөнбөй келет», — деди митингге катышып жаткан дарыгерлердин бири.

SAM_1999 (1)

Ошондой эле митингдин катышуучулары транспорт инфраструктурасынын жоктугу менен Нарын облусундагы электр энергиясына болгон тарифтерге карата нааразычылыктарын билдиришти.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укутуу өкүлү Аманбай Кайыпов менен Нарын шаарынын мэри Рахат Адиев митингдин катышуучуларынын алдына чыгышты. Алар бийик тоолуу аймактарда жашагандардын жеңилдиктерин кыскартуу тууралуу мыйзам долбоору чакыртылып алынганын айтышты.

«Жеңилдиктерди кыскартуу тууралуу мыйзам долбоору кайра кайтарылып алынды», — деп белгиледи Кайыпов.

Облус башчысы дарыгерлерге кошумча акы төлөп берүү маселеси Эмгек кодексине өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин чечиле тургандыгын убадалады — бирок өзгөртүүлөрдүн качан киргизилерин тактап айткан жок.

«Транспорт каражаты менен камсыз кылуу маселеси 2020-жылга чейин жылдырылды. Чынын айтканда, ал мыйзам элдин кызыкчылыгында эмес, а жеке компаниянын, бир адамдын кызыкчылыгында жазылган, бул себептерден улам мыйзам долбоору 2020-жылга чейин жылдырылды», — деди Кайыпов.

20160127_115502

Нааразы болгондор өкмөткө талаптары көрсөтүлгөн кат жазуу үчүн атайын комиссия түзүштү.

«Комиссиянын курамында бардык кесиптин өкүлдөрү бар: такси айдоочулары, сатуучулар, милиция кызматкерлери, дарыгерлер жана бийик тоолуу аймактын башка жашоочулары. Митингде көтөрүлгөн бардык маселелер өкмөткө жөнөтүлөт»,— деди митингдин катышуучусу Бактыгул Исаев.

Комиссиянын курамына 26 киши кирип, алар өкмөткө кайрылуу планын иштеп чыгышып, анда беш пункту бөлүп көрсөтүштү:

  • Электр энергиясына болгон тарифтердин бааларын төмөндөтүү;
  • бардык ымыркайларга жөлөк пул төлөп берүү;
  • Бийик тоолуу аймактарда жашаган жана эмгектенгендердин жеңилдиктерин кыскартуу тууралуу мыйзам долбоорун кабыл албоо;
  • Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларын транспорт менен камсыз кылуу;
  • Бийик тоолуу аймактардагы дарыгерлерге кошумча акы төлөп берүү маселесин жөнгө салуу;

«Кайрылууну юристтер текшерип чыгышып, андан кийин ал министрлер кабинетине жөнөтүлөт. Эки күндөн кийин жөнөтөбүз», — деди Исаев.

Эгер өкмөттөн жооп болбой турган болсо нарындыктар кайрадан митингке чыгуу ниетинде. Андагы коомдук тартиптин сакталышына көз салып турган милиция кызматкерлери билдиришкендей, митинг тынч өттү.

SAM_1992

Чакырып алып, кайрадан иштеп чыгуу

Бийик тоолуу аймактарда жана жаратылыш шарты катаал райондордо жашагандар менен эмгектенгендердин жеңилдиктерин кыскартууну сунуштаган мыйзам долбоору Эмгек министрлиги тарабынан 2014-жылы иштелип чыккан.

Документке ылайык, мамлекеттик кепилдиктер менен компенсацияларды деңиз деңгээлинен 2000 метр бийиктикте жашаган жана иштеген кыргызстандыктарга берүү сунушталган. Мыйзамдын азыркы редакциясы боюнча, жеңилдиктер деңиз деңгээлинен 1800 метрден бийиктикте жашагандарга берилет.

25-январда премьер-министр Темир Сариев мыйзам долбоорун чакыртып алып, аны аймактардагы социалдык-экономикалык шарттарга байланышкан бардык маселелерди эске алуу менен кайрадан иштеп чыгууну тапшырган.

Автор: Аман Абдыласов
Со-авторлор: Адина Айылчиева жана Нурия Рыскулова