1«Кара тизме» деген эмне?

«Кара тизме» — мыйзам бузууларга байланыштуу Орусиянын аймагына кирүүсүнө тыюу салынган чет өлкөлүк жарандардын тизмеси.

2Тизмеге кандай мыйзам бузуулар үчүн киргизишет?

«Кара тизмеге» мыйзам бузуулардын төмөнкү түрлөрү үчүн киргизүүлөрү мүмкүн:

  • Орусия Федерациясынын аймагында 30 күндөн ашык каттоосуз жүрүү;
  • бажы мыйзамдарын бузуу;
  • санитардык нормаларды бузуу;
  • төлөнбөгөн салык, насыя, айып пулдар;
  • өзү тууралуу туура эмес маалыматтарды берүү;
  • эки же андан көп жолу мыйзам бузуу.

3«Кара тизмеге» канча убакытка киргизилишим мүмкүн?

6 айдан 8 айга чейин — майда административдик мыйзам бузуулар үчүн.

3 жылдан 5 жылга чейин — Орусиянын аймагында мыйзамсыз жүрүү үчүн. «Кара тизмеге» мындай мөөнөткө мыйзамды одоно бузуу үчүн киргизүүлөрү мүмкүн. Негизинен андай чечимдерди сот чыгарат.

4«Кара тизмеде» бар-жоктугумду кантип текшерсем болот?

Шилтеме аркылуу кирип Орусия Федерациясынын Федералдык миграция кызматынын сайтынан.

Миграция боюнча мамлекеттик кызматтын алдындагы Жарандардын маалыматтык-консультативдик борборуна кайрылууга болот. Дареги: Бишкек шаары, Токтогул көчөсү 237. Телефон: +996 312 650 254. Мындай борбор Ош шаарында да иштейт.

Ошондой эле 189 тынымсыз байланыш номуруна чалып, миграция маселелери боюнча кеңеш алууга болот.

5«Кара тизмеге» кирип калсам эмне кылуум керек?

Эгер сиз майда административдик мыйзам бузган болсоңуз, анда «кара тизмеден» чыгаруу тууралуу арыз жазсаңыз болот, аны Орусиянын Федералдык миграция кызматы карап чыгат. Же «кара тизмеден» чыга турган мөөнөтүңүздү күтө турсаныз да болот.

Эгер сиз одоно мыйзам бузган болсоңуз же сизди өлкөдөн соттун чечиминин негизинде чыгарып жиберишкен болсо, анда тыюу салуу мөөнөтү аяктаганга чейин күтүп же соттун чечимин жокко чыгаруу үчүн жактоочуларга кайрылсаңыз болот.

6«Кара тизмеден» чыгаруу тууралуу арызды кимге жана кантип жазуу керек?

«Кара тизмеден» чыгаруу тууралуу  арызды Бишкектеги Маалыматтык-консультативдик борбор гана кабыл алат. Барганда жаныңызда паспортуңуздун көчүрмөсү болушу керек.

Андан соң арыз жаран «кара тизмеге» кайсыл райондо (облуста) киргизилсе, ошол жактын миграциялык кызматына жөнөтүлөт. Ал жактан жактырыла турган болсо арызды Орусиянын Федералдык миграциялык кызматы карайт. Арыз анда иштелип чыккандан кийин маалымат чек ара органдарына барып түшөт.

7Арыз канча убакыт каралат?

Бардыгы жасалган административдик мыйзам бузууга жараша болот.

Эки мөөнөт бар: 3 айдан 6 айга чейин жана 6 айдан 9 айга чейин. Процесс узакка созулат, арыз бир нече бачкычтан жана түрдүү мамлекеттик органдардан өтөт.