Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Зика вирусун дүйнөлүк масштабдагы коркунуч деп тапты. Оорунун өзү чоңдордун саламаттыгы үчүн коркунучтуу эмес, бирок ал жаңы төрөлгөн ымыркайлардын мээсинде кемтиктерди жаратат.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эксперттик тобу Зика вирусун дүйнөлүк масштабдагы коркунуч катары баалады. Бул оору апасы кош бойлуу кезинде ымыркайдын башынын өзгөрүшүн (микроцефалия) жаратат.

«Эксперттердин билдирүүлөрүндө, оору бар өлкөлөрдөгү коркунучтуу азайтуу жана башка өлкөлөргө жайылуу тобокелдигин кыскартуу үчүн биргелешкен эл аралык чечим зарыл», — деп билдирди 1-февралда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Маргарет Чан.

Чандын айтымында, Зика вирус көбүрөөк жайылган Түштүк Америка өлкөлөрү үчүн анча оор эмес оорудан олуттуу коркунучка айланды. Январдын аягында Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму вирустун жайылышына каршы күрөшүү боюнча ыкчам комитет чогулткан.

Бразилияда Зика вирусу менен 2015-жылы 500 миңден 1,5 млн. киши ооруп, микроцефалия учурлары 3500дөн ашык катталган, бул 2014-жылга салыштырганда 30 эсеге көп.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму январдын аягында америка континентинде бул вирус менен 4 миллионго жакын адам оорушу мүмкүндүгүн билдирген.

Зика эмнеси менен коркунучтуу жана Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму кандай кеңеш берет?

Чоңдор үчүн оору анчалык деле коркунуч жаратпайт. Ал калтыратма, тери кызамыгы жана коньюктивит белгилери менен 2-7 күндүн ичинде өтүп кетет. Зика вирусунун негизги алып жүрүүчүлөрү — Aedes түрүндөгү чиркейлер.

Оору аба аркылуу жукпайт, бирок вирус жыныстык жол аркылуу жугушу мүмкүн — мындай бир учур 2009-жылы катталган.

Бул ооруга каршы эмдөө каражаттары жок, бирок Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму чиркейлерден коргонуу, көп эс алуу, көбүрөөк суусундук ичүү жана оору менен калтыратмага каршы дарыларды ичүү кеңешин берет. Спецификалык дарылоосу жок.

Эгер коркунуч жок болсо тынчсыздануунун эмне кереги бар?

Чынында коркунуч бар. Бирок кош бойлуулар үчүн, тагыраагы жарык дүйнөгө келе турган ымыркайлар үчүн гана.

Вирус менен ооруган энеден төрөлгөн балдарда микроцефалия көрүнүштөрү байкалат — акыл жактан артта калууга алып келчү мээси менен баш сөөгүнүн көлөмүнүн кичирейиши.

Азырынча эксперттер Зика оорусу менен микроцефалия учурларынын көбөйүшүнүн кандай байланышы бар экенин билишпейт. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму азырынча «чиркейлердин чагуусунан коргонууда өзгөчө сак болуу» кеңешин берет.

Мен Кыргызстанда жашайм, кантип сактана алам?

Оору жайылган аймак — Түштүк Америка, а жугуу жолдору — чиркейлерди чагышы аркылуу. Андыктан сиздин ооруп калышыңыздын ыктымалдыгы абдан төмөн.

Өзүн коопсуздандыруу үчүн кош бойлуу кыргызстандыктардын эмидемия маалында Латын Америка өлкөлөрүнө барбай туруусу гана жетиштүү — бул Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сунушу эмес, бирок кеминде Орусия менен Украина кош бойлуу жарандарына ушундай кеңештерди беришкен.

А эгер Түштүк Америка өлкөлөрүнө баруу зарыл болсо, анда тиешелүү коргонуу эрежелерин сактоо керек — болушунча денеңерди жапкан кийим кийүү, эшик терезелерди жабуу, атайын торлордун ичинде уктоо, суусундуктар топтолчу идиш-аяктарды жууп, үстүн жабуу.

Кандай болгон күндө да эгер бул оорунун белгилерин сезе турган болсоңуздар, анда кош бойлуу учурда тыкыр көзөмөлдө болуу үчүн дарыгерлерге кайрылыңыздар.