БУУнун комиссиясы Жулиан Ассанжды «негизсиз туткундоонун курмандыгы» деп тапты. Маалыматтын эркиндиги үчүн күрөшкөн Ассанж 2012-жылдын жайынан бери Эквадордун Лондондогу элчилигинен чыга албай келет.

Жулиан Ассанждын мыйзамсыз эркинен ажыратылышы боюнча БУУнун жумушчу тобунун адистери 5-февралда «Викиликстин» негиздөөчүсүнүн Эквадордун элчилигинде жашырынып туруусу эркинен ажыратуу болуп эсептеле турганын билдиришти.

Эксперттер ошондой эле Ассанж Улуу Британия менен Швециянын өкмөттөрүнөн компенсация алууга укуктуу экенин кошумчалашты.

Британ полициясынын эл аралык уюмдун тыянагына кулак салуу ниети жок. Эгер Ассанж элчилик имаратынан чыга турган болсо бийлик аны токтоосуз кармап, аны ага каршы кылмыш иши козголгон Швецияга өткөрүп берет.

Улуу Британиянын өкмөтүнүн басма сөз катчысы алар «БУУнун жумушчу тобунун чечими боюнча расмий даттана тургандыктарын» билдирди. Ал ошондой эле Ассанж британ бийлиги тарабынан камакка алынбагандыгын, ал «өз эрки менен мыйзамдуу камактан качып, Эквадордун элчилигинде калуу чечимин кабыл алганын» кошумчалады.

Швеция өкмөтүнүн билдирүүсүндө алар «БУУнун жумушчу тобу тарабынан берилген баага макул эмес экендиктери» жазылган. Ошондой эле швед бийлиги Жулиан Ассанждын Эквадордун элчилигинде дээрлик төрт жыл болушун камак катары эсептебейт.

4-февралда «Викиликс» сайтынын негиздөөчүсү эгер БУУ анын элчиликте болуп туруусун камак деп таппаса, анда ал британ бийлигине багынып берүүгө даяр экенин билдирген.

Ассанждын иши

Швед прокурорлору Ассанжды «Викиликстеги» эки волонтер-аялга асылып, аларды зордуктаган деп айыптап жатышат. Ассанж болсо волонтерлор өз каалоолору менен байланышка баргандыктарын билдирүүдө. Аялдардын өзүлөрү формалдуу доо арыз беришкен эмес.

Ассанж Швеция аны АКШга өткөрүп берет деп кооптонууда. АКШда «Викиликстин» негиздөөчүсүнө америка бийлигинин Ирак менен Ооганстандагы аракеттерин жана жашыруун документтерин жарыялоого байланыштуу тыңчылык айыбы тагылышы мүмкүн.

АКШнын жашыруун дипломатиялык билдирүүлөрү

«Викиликс» — америкалык бийликтин жүз миңдеген дипломатиялык жашыруун доументтери жарыяланган сайт, ал Ассанж тарабынан негизделген.

Сайтка чыккан эң резонанстуу материалдардын бири — америка аскерлеринин 2007-жылы Ирактагы тик учак менен жасаган чабуулу тартылган видео, анда эки журналист жана бир канча жарандык адамдар каза болушкан.

Видеого ылайык, америкалык AH-64 Apache тик учагы Багдаддын четинде бара жаткан ирактыктардын тобун аткылаган, аскерлерге алардын экөөсүнүн колунда курал бар сыяктуу көрүнгөн.

Ал адамдардын арасында «Рейтер» басылмасынын эки журналисти бар болгон, алардын колдорундагы фотокамералары авиатранспорттун экипажы тарабынан гранатомет катары көрүнгөн.

Ал чабуулдун видеосу коомчулукка АКШ армиясынын катардагы жоокери Брэдли Мэннингдин жардамы менен жеткиликтүү болгон. Ал видеону 2010-жылы «Викиликс» веб-сайтына берген.

Тема боюнча: «Викиликс» сайтындагы Кыргызстанга байланышкан маалыматтар

Ошондой эле ал видео менен катар сайтка АКШ өкмөтүнүн жүз миңдеген жашыруун документтерин берген. Алардын арасында АКШнын дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндөгү элчиликтери менен Вашингтондогу Мамдепартаменттин жазышуулары да бар болгон.