Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Жогорку соттун төрагасынын орун басары Феруза Жамашеванын «Манас» орденинен баш тартуусун талап кылып митингге чыкты. Активист ал сыйлыкты «эл алдындагы эмес, а президенттин алдындагы сиңирген эмгеги» үчүн алган деп эсептейт.

Жалгыз өткөргөн пикеттери менен белгилүү активист Өндүрүш Токтонасыров 17-февралда Жогорку соттун төрагасынын орун басары Феруза Жамашеваны «Манас» орденинен ажыратуу талабы менен парламент имаратынын алдына чыкты.

Ал Жамашеваны аталган сыйлыкка татыктуу эмес деп эсептей тургандыгын жана аны кандай эмгектери үчүн алганына түшүнбөй жатканын айтты.

«Ал сыйлыкты алуу үчүн Чолпонбай Түлөбердиев, Дүйшөнкул Шопоков сыяктуу фантастикалык эрдиктерди жасоо керек. Ал эмне [оденди] беш жыл Жогорку соттун төрайымы болуп тургандыгы үчүн алдыбы? Балким Алмазбек Атамбаевди ыраазы кылгандыр, андай болсо президент элдин атынан эмес, а өзүнүн атынан сыйласын», — деп билдирди активист.

Өз кезегинде Жамашева анын Жогорку сотту башкарып тургандагы иши жакшы баалангандыгын айтты.

«Мен жумушумду жакшы аткаруу үчүн бардык күч-аракетимди жумшадым. Мен [алар] жакшы бааланды деп эсептейм», — деди ал Kloop.kgге курган маегинде.

Токтанасыров Жамашева сот системасынын башында турган кезде маанилүү деле эч кандай жаңы нерсе болгон жок деп эсептейт.

«Сот системасындагы толук бүлүнгөндүк. Эч кандай реформа жок. Ал орден алды. Андан бери эч нерсе болбогондой. Азыр Жогорку соттун төрагасынын орун басары кызматын ээлеп турат», — деди Токтонасыров.

Жамашева бул кызматты 2015-жылдын сентябрынан бери ээлеп келет. 2010-жылдан бери ал алгач төрайымдын милдетин аткаруучу болуп, кийин Жогорку сотту башкарып калган.

Жамашева II даражадагы «Манас» ордени менен өткөн жылдын соңунда, Шайлообек Дүйшеев менен бирге сыйланган.

Соттук реформа

Алмазбек Атамбаев өлкө башчылыгына талапкер кезинде алгач аткарылышы керек болгон маселелердин бири катары соттук реформаны атаган. 

2011-жылдан бери жүргүзүлүп келе жаткан соттук реформанын алкагында калктын бийликтин бул бутагына болгон ишенимин кайтаруу жана сот системасындагы коррупцияны жоюу максатында Жогорку сотттун жаңы курамы тандалган.

Бирок Атамбаев төрт жыл президент болгондон кийин сот системасындагы реформа аяктабагандыгын жана тармактын чыгымдары 1 млрд. сомдон ашканы менен ишеничке ээ боло электигин мойнуна алган.

Укук коргоочулар дагы соттук реформа Курманбек Бакиев бийликтен кеткен 2010-жылдан бери анчалык деле илгерилебегендигин белгилеп келишет.

Автор: Нурсейит Төлөнбай уулу, Мурат Асан