Америкалык фотосүрөтчү жана жазуучу Стивен Лиой Борбордук Азияда саякаттап жүргөн кезде Кыргызстанды жактырып калып, өлкөдө биротоло калууну чечкен. 

1498824_526956977414824_6971286298531053749_o

Фотосүрөтчү жана жазуучу Стивен Лиой АКШда туулуп өскөн. Биринчи жолу ал Бишкекке 2012-жылы, аймакта саякаттап жүргөндө келген.

«Мен Борбордук Азияны толугу менен кыдырып чыкканда мага бул жер абдан жаккан. Анан анда дагы бир аз калып, орус тилин үйрөнүүнү чечтим, ал үчүн мага Бишкек идеалдуу жер сезилди», — дейт Лиой.

Саякатчы Кыргызстанга келгенге чейин 50дөн ашык өлкөдө болгон. Лиойдун айтымында, анын өлкө менен болгон алгачкы таанышуусу кыргыз-тажик чек арасын кесип өтүп, Ошко барганда башталган.

Copyright Stephen Lioy - Photography and Travel Media
Copyright Stephen Lioy — Photography and Travel Media

«Биринчи сапарымда мен түштүктөн Бишкекти көздөй баргам, бирок ал жолкусунда өлкөнү жакшылап изилдей алган эмесмин, ошондуктан 2013-жылдын майында дагы бир жолу келгем. Мен дал ошол жолкусунда тоого чыккам жана Кыргызстанда болушунча көбүрөөк болууну каалаганымды түшүнгөм», — деп билдирди саякатчы.

Yurt-Mountains-Issyk-Ata-X2

Кыргызстанга көчүп келгенден кийин анын дүйнөнү кыдырып саякаттоосу токтоп калган эмес — азыр ал Чилиде жүрөт, бирок саякаттан бош убактысын толугу менен Бишкекте өткөрөт.

«Саякаттабай жана сүрөт тартпай жүргөндө мени батиримде, Бишкектин борбордук аянттарынын бирине караган балкондо кофе ичип, китеп окуп отурган жерден табууга болот», — дейт саякатчы.

Анын айтымында, ага Кыргызстандын жаратылышы жагат жана ал аны өз сүрөттөрүнө көбүрөөк түшүрүүгө аракет кылат.

ala-archa alpinada-X2

star trails at issyk ata-X2

Ala-Archa Mountain Snowscape-X2

«Кыргызстан — сонун жаратылышы менен салттуу маданияттын айкалышы бар укмуштуудай жер. Өнүккөн өлкөлөрдө мындайды сейрек кездештиресиң», — деп белгиледи ал.

Саякатчы Кыргызстанды кышкы туризм үчүн идеалдуу жер деп эсептейт.

«Менин оюмча, жакынкы убактарда европалык туристтердин арасында Кыргызстандын популярдуулугу өсөт, анткени ал жеткиликтүү жана кышкы эс алуу үчүн бул сыяктуу Европанын өзүндөгү варианттардан кыйла арзан», — деди ал.

Лиой анын саякаттарында сүрөттөр «башкы орунду» ээлей тургандыгын айтты.

Arslanbob-Walnut-X3

Arslanbob-Walnut-Harvest-X3

«[Анын жардамы менен] мен биз жашап жаткан керемет дүйнөгө өз ыраазычылыгымды билдирем», — деп жазган фотосүрөтчү өз блогунда.

Айтымында, Ысык-Ата капчыгайы — анын Кыргызстандагы эң жакшы көргөн жерлеринин бири.

Bishkek-Hiking-Stream-Crossing-Issyk-Ata-X3

«Ал Бишкекке бир топ эле жакын жайгашкан, ошондуктан ал жакка жөө жүрүш жасоо же бир нече түнгө калуу үчүн чатырларды алып баруу эч кандай деле кыйынчылыктарды жаратпайт. Аны менен катар ал жер шаардан жана күнүмдүк түйшүктөн алыс сыяктанат», — деди саякатчы.

Автор: Айдана Канатбек
Сүрөт: Stephen Lioy/MonkBoughtLunch