Казакстандын бийлиги Сейтказы жана Асет Матаевдерди бир канча миллиондогон мамлекеттик каражатты уурдоого айыптап жатат. Кармалгандардын өзүлөрү даректерине айтылган айыптоолорду «мамлекет тарабынан жасалып жаткан басым» деп аташууда.

Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча улуттук бюронун кызматкерлери журналисттер союзунун жана «Улуттук пресс-клуб» коомдук биримдигинин башчысы Сейтказы Матаев менен КазТАГ маалымат агенттигинин башкы директору Асет Матаевди 22-февраль күнү эртең менен кармашты.

Биринчиси бир канча миллиондогон мамлекеттик каражатты уурдоого жана «Улуттук пресс-клубдун» Алматыдагы имаратын мыйзамсыз кайра келбеттөөгө, а экинчиси мамлекеттик маалыматтык буйрутманы аткарууда акча уурдоого айыпталып жатат.

Матаевдер мамлекет мындай жол менен аларга басым жасоого аракет кылып жатат деп ишендиришүүдө.

«Иштин шарттары алардын чыныгы максаты пресс-клуб сыяктуу ачык диалог аянттарын азайтуу, КазТАГдагы жарыяланган макалалардын мазмунун тымызын мамлекеттик көзөмөлдөө жана Казакстандын Журналисттер союзунун коомдук активдүүлүгүн төмөндөтүү болуп эсептелет деп божомолдоого мүмкүндүк берүүдө», — деп жазылган алардын расмий кайрылуусунда.

Матаевдер кармалгандыктары тууралуу мыйзам бузбагандыктарын жана бюджеттик каражаттарды уурдабагандыктарын жазышкан.

Алардын айтымдарында, «Улуттук пресс-клуб» мамлекеттик саясатты ЖМКлар аркылуу чагылдыруу боюнча жарыяланган тендерлерге катышкан эмес жана анын эсебине бюджеттик акчалар түшкөн эмес.

Матаевдер КазТАГ Байланыш, маалыматташтыруу жана маалымат боюнча мамлекеттик комитет менен келишим түзгөнүн мойундарына алышты, бирок маалымат агенттиги алынган акчалардын кандай пайдаланылгандыгы боюнча толук отчет берген деп ишендирип жатышат.

Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча улуттук бюронун басма сөз катчысы Атжан Рысалдинов Kloop.kgге курган маегинде аларды кармоо мамлекеттин басымы болуп эсептелери тууралуу Матаевдердин билдирүүлөрүн четке какты.

«Бүгүнкү маалымат жыйынында айтылган [мамлекет тарабынан басым жасоолор болуп жаткандыгы тууралуу] дооматтар кылмыш жоопкерчилигинен качуу жана тергөөнүн объективдүү жүрүшүнө тоскоолдук кылуу максаттарын көздөйт», — деп билдирди ал.

Салык кызматы Мамлекеттик кызматтардын иши боюнча министрликтин алдындагы Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча улуттук бюронун демилгеси менен 12-январдан тарта «Улуттук пресс-клуб» менен КазТАГдын документтерин текшерип баштаган. Матаевдердин айтымдарында, 20-январдан баштап каржы полициясы аларды күнү-түнү аңдууга өткөн.

«Ошондой эле биз тараптан каржы полициясы телефондорубузду тыңшап, компьютерлердеги жеке жазышууларыбызды ачып алгандыктарын аныктадык. Биз Усть-Каменогорск менен Костонайдан почтабызды бузуп ачып киргендиктерин аныктады», — деп жазышты алар өз билдирүүлөрүндө.

КазТАГдын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү — КирТАГ — азырынча Матаевдин кармалышы агенттиктин ишмердүүлүгүнө кандай таасир этиши мүмкүндүгү боюнча түшүндүрмө бербей эле.

Автор: Александра Ли

Сүрөт: TengriNews