«Деньги и власть» гезитинин башкы редактору Турат Акимов ага кол салуу ички иштер министри Мелис Турганбаев тарабынан уюштурулган деп эсептейт. Милиция анын айыптоосун «сандырак» деп атады.

Акимов президенттен ага кол салуу ишин тергөөнү атайын кызматтарга берүүнү өтүндү. Учурда анын ишин тергөө менен милиция алектенип жатат, бирок журналист кол салууга Ички иштер министрлигинин башчысынын өзүнүн тиешеси бар болгондуктан, алар кылмышкерди таба алышпайт деп ишенет.

«Мелис Токтомамбетович [Турганбаев], мени өлтүрүүгө сиз буйрук бергенсиз деп 99 пайызга шектенип жатам», — деп билдирди ал ички иштер министрине кайрылып.

«Деньги и власть» гезитинин башкы редактору интернетке Турганбаев жана анын жардамчысы менен болгон маегинин аудиосун жарыялай тургандыгын билдирди. Айтымында, ал сүйлөшүүнүн жүрүшүндө ИИМ башчысы ага кол салууга тиешеси бардыгын түшүндүрүп, анын «четин чыгарган».

Журналист эгер өзү же туугандары менен бир нерсе боло турган болсо ал стенограмманы интернетке жарыялоого даяр экенин кошумчалады. Акимовдун айтымында, ал маалымат эл аралык жаңжал чыгарышы мүмкүн.

«Мен жардамчыңыз Рустам менен бирге сиздин иш бөлмөңүздө болгон сүйлөшүү маалындагы айткан ар бир сөзүңүздү, ар бир кыйытууларыңызды салмактап чыктым. Мен сиздин четин чыгарган кыйытмаларыңыздын баарын түшүнүп, анын баарын анализдедим», — деп билдирди журналист.

Акимов Турганбаевдин күнөөсү жок экендигине эгер ага кол салган адам бир айдын ичинде кармалса ишене тургандыгын айтты.

ИИМдин басма сөз кызматынан министрдин дарегине айтылган айыптоону «сандырак» деп аташты.

«Бул сандырак кеп. Эгер ага кол салуу болсо баарын эле министрдин мойнуна жүктөөгө болбойт да. Мен ал билдүрүүнүн эмнеге байланыштуу экенин таптакыр түшүнбөй элем», — деди мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев.

Акимовго кол салуу 20-февралга караган түнү болгон. Анда ал өз үйүнүн дарбазасын жаап жаткан маалда темир союл менен башка уруп кетишкен.

«Мен башыма сокку алдым. Көз ирмемге эс-учумду жоготуп, бирок кайра өзүмө келдим. Мен кезинде мушташ түрлөрү менен машыккам, ошондуктан өзүмдү коргошум керектигин дароо түшүндүм. Ал [кол салган адам] темир союл менен экинчи жолу сокку узатты, бирок аны колум менен тосуп, темир союл анын колунан түшүп кетти», — деди журналист.

Ал кол салган адамды «28-35 жаштардагы олбурлуу жигит» деп сүрөттөдү.

Акимов журналисттер менен болгон жолугушуусунда «Чоң казат» деген патриоттук жаңы кыймыл түзгөнү жатканын айтты. Ал ошондой эле зарылчылык болсо өлкөдөн чыгып кетүү ниетинде экенин билдирди.

«Эгер мени эч ким коргой албастыгын түшүнсөм, анда саясий башпаанек алам, мага сунуштар болду. Балким өлкөдөн чыгып кетем», — деп билдирди ал.

Автор: Азамат Каработоев

Со-автор: Александра Ли