Ошто төрөлгөн Сусана Жамалидинова (сахнадагы аты — Жамала) «Евровидение» сынагына Украинанын атынан катышат. Ал 10-майда Стокгольмдо ырдайт.

Жамала 21-февралда Украинада аяктаган тандоо турунун жыйынтыгы боюнча аталган өлкөнүн атынан катышуу укугуна ээ болду. Көрүүчүлөрдүн добушу анын башка беш катышуучудан озуп кетишине мүмкүндүк берди.

Ал жыл сайын өтчү музыкалык «Евровидение» сынагында 10-майда ырдап, крым татарларынын депортациясы тууралуу «1944» деген ырды аткарат.

Ырчынын айтымында, «1944» — бул анын жеке окуясы. Жамаланын атасы — крым татары, а ырчынын бала чагы Крымда өткөн.

«Мен Швециядан Украинага жеңиш алып келер-келбесимди Кудай гана билет, бирок мен жеңишти абдан каалайм. Мен чынында эле өз күчүмдү сезип турам. «1944» — оор окуя. Мен башка вокалчылар менен атаандаша аларымды түшүнүп атам» , — деген ал украиналык Tochka.net басылмасына курган маегинде.

Ырдын өзү коомчулук арасында көп түрдүү реакция жаратты.

Калыстар тобунун курамында болгон украиналык ырчы Руслана Жамаланын ыры «толкунданта тургандыгын» айтты.

Анткен менен орусиялык музыкалык сынчы Артемий Троицкий РИА Новостиге курган маегинде ырды «саясатташтырылган» деп атады.

«Албетте, азыр Европада абал өтө саясатташкан жана чыңалган, бирок «Евроведениенин» уюштуруучулары ал ырды сынакка жаратпай коюулары мүмкүн, анткени алар дайыма сынактын саясатташпашы керектигин билдирип келишет», — деген Троицкий.

Өз кезегинде «Евровидениенин» расмий өкүлү жана медиа-баяндамачы Пол Жордан ырдын сөзү кылдат текшериле тургандыгын жана анын жыйынтыктары 14-мартта белгилүү болорун билдирди.

«Алгач биз ырдын сөзүн, анын ичинде адепсиз лексиканын бар-жоктугун текшерип чыгышыбыз керек», – деди Жордан «Говорит Москва» радиостанциясына курган маегинде.

Жамаланын өзү Ошто төрөлгөн, андан улам ага карата кыргызстандыктардын арасында кызыгуу арткан.

«Евровидение»

Европа өлкөлөрүнүн арасында жыл сайын өтчү эстрада ырларынын сынагы 1956-жылдан бери уюштурулуп келет.

Ар бир өлкөдөн жандуу ырдаган бир өкүл (ырчы же топ) катыша алат. Ырлардын популярдуулары калыстар тобунун жана ар бир өлкөнүн телекөрүүчүлөрү катышкан добуш берүү жолу менен тандалат.

2016-жылы «Евровидение» Стокгольмдо өтөт. Бул жолкусунда эл аралык сынакка рекорддук сандагы — 43 өлкө катышат. Жарым финалы 10чу жана 12-майда, финалы 14-майда болот.

Өткөн жылкы сынакта швед поп-ырчысы Монс Сельмерлёв жеңүүчү деп табылган. Украина болсо «оор саясий абалдан» улам 2015-жылы сынакка катышкан эмес.