Кыргызстан Украина менен эркин соода жүргүзүү келишимин бузганы жатат. Украинанын элчилиги мындай кадамга таң калууда, а Кыргызстандын Экономика министрлиги ал келишим башка бир келишимди кайталай турганын билдирүүдө.
Өкмөт өлкөлөр ортосунда 1995-жылдын май айында кол коюлган Украина менен эркин соода жүргүзүү тууралуу эки тараптуу келишимди бузганы жатат. Учурда мыйзам долбоору макулдашуу жол-жобосунан өтүүдө.
Украинанын Кыргызстандагы элчиси Николай Дорошенко «Азаттык» радиосуна курган маегинде келишимди бузуу сунушуна таң калып жатканын билдирди. Ал «документ калышы керек» деп эсептейт.
«Украина менен Кыргызстандын кызматташтыгы тууралуу келишим – бул ишкерлик жана экономика өнүгүп жаткан жер. Экономика министрлигинин бул келишимди бузуу тууралуу демилгеси, ачык айтсам, мени аябай таң калтырды», — деди Дорошенко.
Экономика министрлигинен Kloop.kgге келишимдин денонсацияланышы Украина менен болгон өз ара мамилеге таасир этпей турганын билдиришти.
Экономика министрлигинин өкүлү Бүбүсара Токтоналиева Kloop.kgге курган маегинде Украина менен болгон соода мамилелерди жөнгө салган башка эл аралык келишим бар экенин айтты — ал КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы эркин соода жүргүзүү аймагы тууралуу көп тараптуу келишим.
«Эки тараптуу келишимдин денонсацияланышынан биздин өлкөлөр ортосундагы соода режими эч кандай өзгөрүүгө дуушар болбойт. Өлкөлөр ортосундагы эркин соода кандай болсо ошол бойдон сакталып калат», — деди ал.
КМШ өлкөлөрү эркин соода жүргүзүү аймагы тууралуу көп тараптуу келишимди 2011-жылдын 18-октябрында кабыл алышкан. Анда башка жети өлкө менен катар ал келишимге Кыргызстан менен Украинанын өкмөттөрү да кол коюшкан.
Эркин соода жүргүзүү аймагы тууралуу келишимге ылайык, ага кол койгон өлкөлөр соодалашуу тууралуу алардын ортосундагы эки тараптуу келишимдерди бузуулары керек — Кыргызстандын бийлиги келишимди бузуу чечимин ушуну менен түшүндүрүүдө.
Экономика министрлигинин өкүлү Украина элчилиги Кыргызстан келишимди кандай себептерден улам бузганы жатканын «анча түшүнгөн эмес окшойт» деп божомолдоду.
«Биздин ниетибиз элчиликке анча түшүнүксүз болгон окшойт. Балким ал [элчи] биздин жол-жоболорубузду жакшы түшүнгөн эместир. Денонсация биздин Украина менен болгон мамилелерибизди өзгөртпөйт, алар буга чейин кандай жакын болсо, ошол бойдон кала берет», — деп билдиришти министрликтен.
Мекеменин билдирүүсү боюнча, жакынкы убактарда эркин соода жүргүзүү аймагы тууралуу келишимге кол койгон башка өлкөлөр менен дагы эки тараптуу келишимдер бузулат.