Парламент депутаты Алмамбет Шыкмаматов «чет элдик тыңчылар» тууралуу мыйзам долбоорун чакырып алууну сунуштады. Парламенттик комитет ал документти ушул жылдын февраль же март айында карашы керек болчу.
«Ата Мекен» фракциясынан депутат Алмамбет Шыкмаматов «чет элдик тыңчылар» тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алуу маселеси биринчи жыл талкууланып жатпагандыгын айтып, коомчулук ал боюнча «орток чечимге» келе албай жатат деп эсептейт.
«Бейөкмөт уюмдар менен коммерциялык эмес уюмдар 20 жыл бою демократия жана адам укуктарын коргоо, сөз эркиндиги жана социалдык долбоорлор сыяктуу маселелер боюнча мамлекеттин ишенимдүү өнөктөшү болуп келишкен», — деди депутат Kloop.kgге.
Шыкмаматов мыйзам долбоорун чакырып алууну сунуштоодо, анткени ал анын кабыл алынышы бул багыттагы бардык жетишкендиктерди жокко чыгарышы мүмкүн деп эсептейт.
Парламенттин башка депутаты Исхак Масалиев тескерисинче, «чет элдик тыңчылар» тууралуу мыйзамды кабыл алуу керек деп эсептейт. Анын пикиринде, мамлекет коммерциялык эмес уюмдарды «көзөмөлдөп, тартипке салышы керек».
«Көптөгөн [коммерциялык эмес уюмдар] бир жыныстуу сүйүүлөр менен баш кошууларды пропагандалап жатышат. А ал болсо Кыргызстандын маданияты менен менталитетине туура келбейт. Кыргыз Республикасынын өзүнүн маданияты менен каада-салттары бар. Ошондой эле революцияларды жасоодо да [бейөкмөт уюмдардын] ролу абдан чоң», — деп жазды «24.kg» агенттиги Масалиевдин айткандарын.
Анын пикиринде, мындай мыйзам биринчи кезекте мамлекеттин коммерциялык эмес уюмдарды көзөмөлдөөсүн күчөтүп, алардын саясий ишмердүүлүк менен алектенүүсүнө тыюу салышы керек.
Бирок Масалиев мыйзам долбоорун талкуулап, дагы иштеп чыгуу зарыл деп эсептейт — депутаттын айтымында, азыркыдай калыбында ал «карама-каршылыктар менен нааразычылыктарды» жаратат.
Депутат Чолпон Жакупова «чет элдик тыңчылар» тууралуу мыйзам долбоору «мазмуну жагынан сын-пикирлерге туруштук бербей жатат» деп эсептейт — анын пикиринде, документ Кыргызстандын Конституциясынын нормаларына каршы келет, ошондой эле мыйзамдын «ишке ашырылуусу менен аткарылышынын так механизмдери» жок.
«Келгиле анда коммерциялык эмес уюмдардын гана эмес, а саясий партиялардын жана башка уюмдар менен бирикмелердин ишмердүүлүктөрүн да көзөмөлдөөнү күчөтөлү. Бардыгы үчүн бирдей шарттар болушу керек. Биз [мыйзамга каршылык билдирип жаткандар] болгону басмырлоого гана каршы болуп жатабыз», — деди Жакупова.
Ыктымалдуу натыйжалары
29-февралда «Интербилим» эл аралык борбору менен «Эркин муун» альянсы коммерциялык эмес уюмдардын пикирлери боюнча мыйзамдын кабыл алынышынын Кыргызстан үчүн ыктымалдуу кесепеттери жазылган инфографика таратышты.
Графика тууралуу баяндап жазылган текстте мыйзам «өлкөнүн бир канча жыл артка кетенчиктөөсүнө» алып келери белгиленген.
«Мыйзам долбоорунун кабыл алынышы коммерциялык эмес уюмдардын ишмердүүлүгүнүн кыскарышына жана токтотулушуна алып келет. Өз кезегинде ал коммерциялык эмес уюмдардын акча алуучуларынын жашоо шарттарынын начарлоосуна, өлкөнүн толук кандуу жана натыйжалуу өнүгүшүнүн чектелишине алып барат», — деп эсептешет коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү.
Коомдук бирикмелер мыйзам долбоорунун кабыл алынышына каршы пикирлерин билдиришип, мыйзам долбоорун чакырып алуу өтүнүчү менен 25-февралда президентке, парламент депутаттарына жана коомчулукка ачык кайрылуу жарыялашты. Жалпысынан ал документтин алдына 120дан ашык коомдук бирикмелер кол коюшкан.
«Интербилимдин» директору Асыл Айтбаева мыйзам долбоору кайсыл тармакта иштеп жаткандыктарына карабастан бардык коммерциялык эмес уюмдар менен бейөкмөт уюмдарга таасирин тийгизе тургандыгын белгиледи.
«Чет элдик тыңчылар» тууралуу мыйзам долбоорунда саясий ишмердүүлүккө искусство, илим, маданият жана башка тармактардын кирбей тургандыгы жөнүндөгү абзац бар. Бул деген саясий ишмердүүлүктүн туура эмес чечмеленгендиги тууралуу айтып турат, анткени кайсыл гана тармак болбосун саясат бар, бийликти пайдалануу катары эмес, а белгилүү бир жыйынтыктарга жетишүү үчүн чаралардын стратегиясы катары. Коммерциялык эмес уюмдар кайсыл бир багыттын, аймактын, топтордун жана жалпы эле коомчулуктун өнүгүүсү үчүн көптөгөн күч-аракеттерди жумшап келет», — деди ал.
Парламент мыйзам долбоорун экинчи окууда февралда карашы керек болчу.
Январдын ортосунда Конституциялык мыйзамдар боюнча парламенттик комитеттин башчысы Галина Скрипкина укук коргоочулар менен жеке жолугушуу өткөрүп, өткөнкү жолкусунда мыйзам долбоорунун кабыл алынышына каршы добуш бергенин билдирген.
«Чет элдик тыңчылар» тууралуу мыйзам
«Чет элдик тыңчылар» тууралуу мыйзам долбоору өткөнкү — бешинчи чакырылыштын депутаты Турсунбай Бакир уулу тарабынан 2014-жылдын июнунда сунушталган.
Мыйзам долбооруна ылайык, «саясий ишмердүүлүк» менен алектенген жана чет өлкөлөрдөн каржыланган коммерциялык эмес уюмдар «чет элдик тыңчы» макамын алышы мүмкүн. Бирок ошол эле маалда мыйзам долбоорунун авторлору «саясий ишмердүүлүккө» так аныктама бере алышкан эмес.
Коммерциялык эмес уюмдар Салык кызматы менен Социалдык фондго отчет бергенден сырткары, өз ишмердүүлүгү тууралуу Юстиция министрлигине да кошумча отчетторду берүүгө милдеттүү болушат.
Президент Алмазбек Атамбаев мыйзам долбоорунун идеясын 2014-жылдын ноябрында колдогон, бирок документ боюнча акыркы көз карашын анын парламентте жактырылган версиясын көргөндөн кийин гана билдире тургандыгын бир нече жолу айткан.
Кыргызстандын бир канча бейөкмөт уюмдары мыйзам долбооруна каршы болушуп, «чет элдик тыңчы» макамын «кемсинтүү» катары баалашып, президентке «тирешүүнүн ордуна кызматташууну» сунушташкан.
А 2015-жылдын 27-майында КМШ жана Европа өлкөлөрүнүн 28 укук коргоо уюмунан турган топ кыргыз депутаттарын мыйзам долбоорун кабыл албоого чакырышкан. Алардын айтымдарында, документтин кабыл алынышы Кыргызстандагы жарандык коомчулукка «олуттуу коркунуч» жаратат.