Казакстанда жайгашкан Байкоңур космодромунан Марста жашоонун бар-жогун изилдөө үчүн жабдуу жүктөлгөн ракета ийгиликтүү учурулду. Учуруу ExoMars-2016 аталышындагы орус-европа биргелешкен долбоорунун алкагында ишке ашырылды.

«Протон-М» ракетасы 14-мартта «Байкоңур» космодромунан учурулду.

Анын бортунда Марстын атмосферасындагы кичи газ аралашмаларын жана планетанын бетиндеги суу музунун жайылышын изилдөө үчүн керектүү болгон жабдуу бар.

Андан сырткары кызыл планетага жөнөтүлгөн «Протондогу» жабдуу десанттык модулдан маалыматтарды трансляциялоосу керек болот — аны Марска 2018-жылы жөнөтүү пландалууда.

ExoMars долбоору Роскосмос менен Европа космикалык агенттигинин биргелешкен аракеттери менен ишке ашырылууда. Анын баасы 1,4 млрд. долларга бир аз жетпеген сумманы түзөт. Анын максаттарынын бири — Марстагы мурдагы же азыркы жашоонун белгилерин издеп табуу.

2015-жылдын сентябрында Абада учуу жана космос мейкиндигин изилдөө боюнча улуттук башкармалык (НАСА) Марста агып жаткан дарыяларды тапканын билдирген. Окумуштуулар Марстагы туздуу суунун агымдары пайда болуп, дөбөлөрдүн беттеринде жоголуп турарын аныкташкан. Суудагы туз аны тоңдурбайт. НАСАдагылар мунун бардыгы Кызыл планетада жашоого мүмкүн экендиги тууралуу айтып турат деп эсептешет.