77 кишини өлтүрүү үчүн соттолгон Андерс Брейвик абактагы гумандуу эмес шарттарга даттанып сотко кайрылган. Норвегия соту анын доо арызын канааттандырды.

Норвегия соту абактагы адам чыдагыс шарттарга даттанган Андерс Брейвиктин доо арызын канааттандырды. Чечим 2016-жылдын 20-апрелинде чыгарылды. Анда сот бийлик гумандуу мамиле кылуу жана адамдын ар-намысын сыйлоо укуктарын бузган деп тапты.

Ослонун аймактык судьясынын айтымында, «гумандуу эмес мамиле кылууга тыюу салуу демократиялык коомдун негизги баалуулуктарынын бири болуп саналат».

«Ал эч нерсеге карабастан иштейт — ал эмес кеп адам өлтүргүчтөр менен террорчулар жөнүндө болуп жатса да. Сот […] абакта кармоонун шарттары гумандуу эмес мамиле кылуу болуп эсептелет деген жыйынтыкка келди», — деп билдирди Би-Би-Си судьянын айткандарын.

Брейвиктин өзү бийликке 2015-жылдын мартында кайрылып, кароолдогулар анын каттарын текшерип жаткандыктарын, бул анын жеке жашоого болгон укуктарын бузуп атканын айтып даттанган. Андан сырткары ал аны түн ичинде тинтишип, башкалардан обочолонтуп жалгыз камап тургандыктарын билдирген.

Соттун чечими менен бийлик Андерс Брейвикке 40 миң доллар өлчөмүндөгү компенсация төлөп бериши керек.

Брейвик жалпысынан 77 кишинин өмүрүн алган эки терактты уюштургандыгы үчүн 21 жылга эркинен ажыратылган.

Жарылуучу заттар салынган автоунаа Ослонун өкмөттүк кварталында 2011-жылдын июлунда жарылган. Жарылуу ондогон адамдардын өмүрүн алып кетип, жакын жайгашкан имараттарды зыянга учураткан.

Экинчи терактты Брейвик ошол эле күнү жасаган. Ал полиция кызматкеринин кийимин кийип алып, башкаруучу Эмгекчилер партиясынын жаштар лагери өтүп жаткан жердеги адамдарга карата ок чыгарган. Анда каза болгондордун арасында кичинекей балдар да болгон.