«Бир Бол» фракциясынан депутат Лунара Мамытова мандатын 29-апрелде тапшырды. Ал «Фейсбук» социалдык түйүнүндөгү баракчасына «саясаттан көңүлү калганын» жазды. Боршайком тарабынан чечим кабыл алынганга чейин Мамытова депутат болуп кала берет.
«Бир Бол» фракциясынан депутат Лунара Мамытова ыйгарым укуктарын тапшырды. Ал Борбордук шайлоо комиссиясына мандатын тапшыруу тууралуу арызын 29-апрелде жазды.
Мамытова «Фейсбук» социалдык түйүнүндөгү баракчасы аркылуу өз каалоосу менен депутаттыктан кетүү чечимин кабыл алганын жазды.
«Мен үчүн Адам бойдон калуу - башкы максат! Кресло үчүн өлбөйм», — деп жазды ал.
Депутат саясат менен саясатчылардан «көңүлү калганын» билдирди. Бирок эл өкүлдөрүнүн арасында элди ойлогондору да бар экенин белгиледи.
«Саясий чөйрөдө аз убакыт болсом да, саясаттын чыныгы жүзүн биле алдым. Депутаттык ишмердигимде саясатчылардан көңүнүлүм калган учурлар да болду», — деп жазды ал.
Тема боюнча: Лунара Мамытова Kloop.kgнин шайлоо алдындагы дебаттарында, 2015-жыл
«Бир Бол» фракциясынын катчылыгынан «азырынча жетекчилик жок экенин» билдиришип, Мамытованын билдирүүсү боюнча түшүндүрмө берүүдөн баш тартышты.
Боршайком тарабынан чечим кабыл алынганга чейин Лунара Мамытова депутат болуп кала берет. Азырынча БШКнын качан чечим кабыл ала тургандыгы белгисиз. Комиссия өкүлдөрү Kloop.kgнин кабарчысына депутаттын арызы 2-майда каралышы мүмкүндүгүн билдиришти.
«Биз арызды карайбыз. Бирок бүгүн эмес, билким дүйшөмбү күнү», — деди БШК өкүлү.
Эгер БШК Мамытованын арызын канааттандыра турган болсо, анда анын ордун тизмедеги кийинки депутаттыкка талапкер адам ээлейт.
Лунара Мамытова 2015-жылдын октябрында Жогорку Кеңештин депутаты болуп келген. Ага чейин ал Коомдук телерадиоберүү корпорациясында алып баруучу жана редактор болуп иштеген.