Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндиги күнүндө Kloop.kgнин редакциясы басма сөз эркиндигинин деңгээлинин кантип аныкталарын жана кыргыз ЖМКларынын канчалык деңгээлде эркин экендигин аныктап чыгууга аракет кылды.
Жыл сайын 3-майда дүйнөнүн түрдүү өлкөлөрүндө Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндигинин күнү белгилеген. Ал күн ЖМКларды кысымга алуулардан коргоо жана журналисттердин иштөөсү үчүн көз карандысыз жана коопсуз шарттарды түзүп берүү максатында БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан 1993-жылы бекитилген.
Ал күндү майрамдоонун алдында эл аралык «Чек арасыз кабарчылар» бейөкмөт уюму басма сөз эркиндигинин деңгээли боюнча өлкөлөрдүн рейтингин жарыялады. Анда Кыргызстан 180 өлкөнүн ичинен 85-орунга жайгаштырылган.
Уюм рейтинг дүйнөдөгү ЖМКлардын абалын мүнөздөй тургандыгын, биринчи кезекте пикирлердин көп түрдүүлүгүнүн, ЖМКлардын көз карандысыздыгынын, нормативдик-укуктук базалардын жана анын жумушчуларынын коопсуздугунун деңгээлин баалай тургандыгын белгилеген.
«Позитивдүү учурлар»
«Институт Медиа Полиси» коомдук фондунун юристи Алтынай Исаева эркиндик деңгээли боюнча постсоветтик чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн арасынан кыргыз басма сөзү алдыда деп эсептейт.
Анын пикиринде, өлкөдө маалымат каражаттарындагы ушактар менен кемсинтүүлөр үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуунун жоктугу, а сот инстанцияларынын ЖМК кызматкерлерине карата иштерди кароодо эл аралык стандарттарды колдонмо кылып ала тургандыгы «позитивдүү учур» болуп эсептелет.
«Журналисттерге карата иштерди кароодо соттор элге белгилүү адамдар, саясий ишмерлер кадимки кишилерге караганда азыраак колдоо алышы керек болгон эл аралык практиканы киргизип жаткан тенденция байкалууда», — деди ал Kloop.kgге курган маегинде.
Кыргыз ЖМКларындагы өзүн өзү цензуралоо
«Чек арасыз кабарчылардын» өкүлдөрүнүн өзүлөрү Кыргызстанды башка өлкөлөрдөн пикирлердин көп түрдүүлүгүнүн жогорку деңгээли өзгөчөлөнтүп турат деп эсептешет. Анткен менен алар өлкөдө өзүн өзү цензуралоо да бар деп ишендиришүүдө.
Ушул жылдын апрелинде Кыргызстанга келип кеткен орусиялык журналист Юлия Мучник «Интерньюска» курган маегинде өлкөдө цензура бар экенин, бирок мурдагы СССРдин башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу «анчалык күчтүү эмес» экенин айткан.
«Ал цензурадан сырткары өзүн өзү цензуралоо да бар. Менимче, мамлекеттик каналдардын журналисттери аларды коркуткандан да көбүрөөк коркушуп, аларга басым жасаган-жасабагандыктарына карабастан өз берүүлөрүн өзүлөрү цензуралашат», — деген ал.
Ушундай эле пикирди кыргыз журналисти Нарын Айып дагы карманат. Анын айтымында, журналисттер акырындык менен жарандуулук сезимин жоготушуп, «бийликтин унчукпаган кызматчысына» айланып барат.
Басма сөз эркиндигине эмнелер таасир этет?
«Чек арасыз кабарчылар» тигил же бул өлкөдөгү басма сөз эркиндигин баалоодо бир нече индикаторлорго ээ. Басма сөз эркиндигине таасир эте турган бардык индикаторлорду жети негизги тематикага бириктирүүгө болот.
Анда бийлик менен саясий институттардын гана позициялары эмес, ошондой эле ЖМКлардын эркиндигине реалдуу таасир этүүгө жөндөмдүү болгон куралдуу түзүмдөрдүн ишмердүүлүктөрү, жашыруун уюмдардын же топтордун басымдары да эсепке алынат.
Плюрализм
Медиа мейкиндигиндеги түрдүү көз караштардын бар экендигин өлчөйт. Ал чыгарылган материалдардын редакциялык көз карандысыздыгынын, ошондой эле ЖМКлардын өзүлөрүнүн көп түрдүүлүгүнүн (маалымат агенттиктер, гезиттер, радио жана телестанциялар) жардамы менен камсыздалат.
ЖМКлардын көз карандысыздыгы
Бул ЖМКлардын саясий, өкмөттүк, экономикалык жана диний бийлик өкүлдөрүнөн толук көз карандысыз шарттарда иштөө мүмкүндүгү. Анткени алардын каржылык же башка каалаган колдоолору өзүн өзү цензуралоонун себеби же басым жасоо ыкмалары болуп калышы мүмкүн.
Айланасы жана өзүн өзү цензуралоо
Бул индикатор маалыматтык чөйрөдөгү иштөө шарттарын анализдеп, автордун пикири менен жарыялоого болбойт деп атайын алынып салынган материалдын бөлүктөрүн аныктоого мүмкүндүк берет.
Көбүнчө учурларда өзүн өзү цензуралоо коомчулукта (мамлекетте) авторду санциялар менен коркута турган сырткы эркиндикти чектөө бар экендигинин көрсөткүчү болуп эсептелет.
Мыйзамдар
Бул көрсөткүчтө маалыматтык чөйрөнү көзөмөлдөп, аны пикирин айтуу эркиндиги менен камсыздап турган кормативдик-укуктук базалардын сапаты каралат.
Айкындуулук
Маалыматтарды өндүрүүнү колдогон мекемелердин айкындуулугун жана алардын кызыкдар адамдарга көз карандуулугун өлчөйт.
Инфраструктура
Медиа-продуктуларды чыгарууга мүмкүндүк берген инфраструктура менен материалдык-техникалык шарттардын сапатын өлчөйт.
Репрессиялар
Индикатор ырайымсыздыктын деңгээлин өлчөйт. Биринчи кезекте бул журналисттерге карата түрдүү мыйзам бузуулар: өлүтүрүү, эркинен ажыратуу, физикалык зомбулук жана опузалоолор. Мыйзам бузууларга ошондой эле цензура, тыюу салуулар, басылманын чыгарылыштарын конфискациялоо жана басылмалардын өзүн жабуу кирет.
Эң «эркин» жана эң «эркин эмес» өлкөлөр
«Чек арасыз кабарчылардын» акыркы отчетуна ылайык, Европа — эң эркин журналисттердин аймагы. Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Африка мурдагыдай эле журналисттердин укуктары аз сакталган аймактар бойдон калган.
Басма сөз эркиндигинин индекси боюнча 2016-жылдагы рейтингде Финляндия биринчи сапта, андан кийинки саптарда Нидерланды менен Норвегия. Алдыңкы бештикте Дания менен Жаңы Зеландия да бар.
Эркиндиктин эң төмөнкү деңгээли авторитардык башкаруу системасы бар өлкөлөрдө көрсөтүлгөн. Рейтингдин акыркы саптарына ЖМКлар толугу менен бийлик тарабынан көзөмөлдөнгөн Эритрея, Түндүк Корея жана Түркмөнстан өлкөлөрү жазылышкан.
«Чек арасыз кабарчылар» — басма сөздүн көз карандысыздыгы үчүн күрөшүп, камакка алынган журналисттердин бошотулушун колдогон эл аралык бейөкмөт уюм. Ал жыл сайын медиа-мейкиндигинде иликтөөлөрдү жүргүзүп, басма сөз эркиндиги боюнча өлкөлөрдүн рейтингин жарыялайт.
«Чек арасыз кабарчылардын» эксперттери эркиндик индексинин рейтинги мыкты саясатты аныктабай тургандыгын жана журналисттик материалдардын сапатын көрсөтпөстүгүн белгилешет.