Гейлер менен лесбияндардын диффамацияга каршы альянсы (GLAAD) ЛГБТ-каармандарынын катыштырылган-катыштырылбагандыгы боюнча 2015-жылда чыккан мультфильмдерди текшерип чыккан. Баарынан начар жыйынтыкты Голливуддун «Уолт Дисней» студиясы көрсөтүп, активисттер ага өз тасмаларына ЛГБТ-каармандарын кошуусун сунушташты.
Өткөн жылдын жыйынтыктары менен Голливуддун «Уолт Дисней» студиясы өз тасмаларына ЛГБТ-каармандарын тартуу боюнча эң начар жыйынтыктарды көрсөттү. Мындай жыйынтыкка ири киностудиялар тууралуу отчет жарыялаган Гейлер менен лесбияндардын диффамацияга каршы альянсы (GLAAD) келген.
«Бул отчет жарыяланып келе жаткандар бери GLAAD «Диснейдин» ЛГБТ-каарманы бар бир дагы тасмасын тапкан жок. ЛГБТ — дүйнө жүзү боюнча үй-бүлөлөр менен коомчулуктардын бир бөлүгү болуп саналган адамдар жана аны кинонун бардык жанрлары чагылдырышы керек», — деп жазылган отчетто.
GLAADдын башчысы Сара Кейт Эллис киноиндустрия чыныгы дүйнөнү көрсөтүшү керек деп эсептейт.
«Эгер киноиндустрия атаандаштыкка каршы турууга жөндөмдүү бойдон калгысы келсе, анда ал чыныгы дүйнөнү чагылдырышы керек. Бактыга жараша, айтууга мүмкүн болгон окуялар көп», — деп жазган ал окурмандарына жолдонгон кайрылуусунда.
Активисттердин бири Исабель Монкаддын пикири боюнча, мультфильмдерде бир жыныстагылардын ортосундагы мамилелердин тунуктугу чагылдырылбайт да адам менен жаныбарлар ортосундагы сүйүү көрсөтүлөт.
«Көңүл ачуу индустриясы бизге адамдар менен сүйүү мамилесинде болгон ажыдаарларды, дөөлөрдү сүйүп калган кыздарды берди, а аарыларды сүйгөн жашы өтүп калган аялдарды айтпай эле коелу. Бирок ошол эле маалда биз бир жыныстуулардын ортосундагы мамилелердин тунуктугун эч качан көргөн эмеспиз», — деп жазды Би-би-си анын айткандарын.
«Эльзага кыз бергиле»
Буга чейин Монкада «Муздак жүрөк» мультфильминдеги канбийке Эльзанын сүйгөн кызы болсун деп, #GiveElsaAGirlfriend хэштеги менен онлайн-акция демилгелеген.
Идеяны колдогондордун саны миңден ашкан.
«Гардиан» гезитинин колумнисти Чинтра Рамасвами дагы «Муздак жүрөктүн» экинчи бөлүгүндө Эльзаны лесбиян кылууга чакырган. Ал диснейдин жомоктор дүйнөсүн «ультра-гетеронормативдүү» деп атаган.
«Мында кеп гейлерге карата стереотиптерди күчөтүү тууралуу эмес. Ошондой эле кеп Эльзанын — эркектерди чекке каккан ырайымсыз кар ханышасы, демек лесбиян экендигинде эмес. Кеп ал болжолдонгон нерсенин чын болушу мүмкүндүгүндө, аялдарды сүйгөн аялдардын бар экендигинде жана биздин андай сүйүү тууралуу окуяларга татыксыз экендигибизде», — деп жазган ал.
Гейлер менен лесбияндардын диффамацияга каршы альянсы (GLAAD) — ЖМКларда адамдар менен окуялардын адилеттүү, так жана бүт бардыгын камтыгандай көрсөтүлүшүнүн камсыздалышы үчүн күрөшкөн америкалык ЛГБТ-уюму.
Альянс жыл сайын ЛГБТ-каармандардын катыштырылган-катыштырылбагандыгы боюнча кинотасмаларды текшерет. Өз изилдөөсүндө ал Руссо тестине таянат. Ал тестке ылайык, тасмада ориентациясы анын жалгыз сапаты болбошу керек болгон ЛГБТ-каарманы бар болушу зарыл.
Альянс ошондой эле ЛГБТ-коомчулугунун ЖМКда мыкты чагылдырылгандыгы үчүн GLAAD Media Awards сыйлыгын тапшырат. Сыйлык тапшыруу аземи Нью-Йоркто, Лос-Анжелесте жана Сан-Францискодо өтөт.