Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев «Элдик парламент» кыймылынын күн мурун кармалган мүчөлөрүн «дерьмократтар» деп атады. Ал өлкөдөгү абалды туруксуздаштыруу аракеттерин «катаалдык менен токтотууну» убадалады.

Президент Алмазбек Атамбаев оппозиционерлер тууралуу билдирүүсүн 14-майда, Энелер күнүнө карата көп балалуу апаларга сыйлык тапшыруу маалында жасады.

«[…] Эл тарабынан шайланган мамлекет башчысы катары, Кыргызстандын президенти катары: «Жетишет! Тажатты!» деп түз айткым келет. Мындан ары өлкөдөгү абалды туруксуздаштыруу аракеттеринин бардыгы тең катаал жол менен токтотулат», — деди Атамбаев оппозициялык «Элдик парламент» кыймылынын мүчөлөрүнө кайрылып.

Өз сөзүндө ал оппозициялык кыймылдын 12-майда өткөн форуму тууралуу кеп кылып, ага «ар кошкон адамдардын» чогулганын айтты.

«Анда кимдер гана болгон жок? Талгарбеков башында турган акаевчилер дагы, Калматов башында турган бакиевчилер дагы, «Ислам мамлекетинин» берилген тарапташы Нурлан Мотуев дагы, өздөрүнүн чет элдик гранттарын актап жаткан биздин «НПОшниктер» Төлөйкан Исмаилова менен Азиза Абдрасулова дагы болушту», — деди президент.

«Жарандар коррупцияга каршы» укук коргоо борборунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова Kloop.kgге курган маегинде президент өз сөзүндө «баарын чаташтырып салганын», ал эми укук коргоочулар «Элдик парламенттин» форумунда мониторинг менен алектенгендиктерин айтты.

«Биз [укук коргоочулар] нейтралдуубуз жана абалды мониторинг кылуу менен алектенебиз. Биз «Элдик парламенттин» айрым билдирүүлөрүнө таң калдык. […] Биз Кыргыз Республикасынын Конституциясынын коргоочуларыбыз жана тынчтык өзгөрүүлөрү үчүнбүз. «17-майда бийликти алабыз» деп айтуу туура эмес», — деп эсептейт ал.

Исмаилова президент укук коргоочулардын дарегине «себепсиз жана негизсиз» билдирүү жасады деп эсептейт.

«Эгер анда фактылар менен негиздер бар болсо, эгер Кыргызстанда кимдир бирөө шпион болсо, анда эчак эле камаш керек болчу. […] Укук коргоочулар — бул демократиянын пайдубалы. Эгер [президент] өзү жарандык коомго чабуул жасап жатса — бул өтө өкүнүчтүү. Демек, ал бир нерсени түшүнбөй жатат», — деди Исмаилова.

«Чет өлкөлүк генералдар»

Ошондой эле Атамбаев өз сөзүндө «Элдик парламентке» «чет өлкөлүк генералдар» колдоо көрсөтүп жатканын айтты — президент аны «мекенге карата чыккынчылык» деп атады.

«Чет өлкөлүк генералдар биздин элге эч качан эч кандай жакшылык алып келген эмес. Биз аны 1916-жылдагы падышалык генералдардын кылган иштеринен жакшы билебиз, анда Кыргызстандын түндүгүндөгү жашоочулардын дээрлик жарымы жок кылынган. Биз чет өлкөлүк атайын кызматтардын биздин 400 жараныбыз каза болгон 2010-жылдын июнундагы иштерин билебиз. Ошондой эле «Ганси» авиабазасынын айланасындагы жана биздин «Манас» аба майданыбыздагы коррупция менен жазасыздык дагы биздин эсибизди», — деди президент.

Ал өлкө башчысына карата ишенбөөчүлүгү бар болсо «Элдик парламенттин» мүчөлөрү Кыргызстан жарандарынын президентке карата ишенбөөчүлүгү тууралуу референдум демилгелей ала тургандыктарын белгиледи.

«Эгер шайлоочулар мага каршы добуш беришсе, мен дароо отставкага кетем. Референдумдун чечими бардык мыйзамдардан бийик, Конституциянын ченемдеринен бийик турат», — деп билдирди президент.

Оппозициялык «Элдик парламент» кыймылынын лидерлери Бекболот Талгарбеков менен Марат Султанов «бийликти күч колдонуп басып алууга» даярданышкан деген шек менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тарабынан 12-майда кармалышкан.

Атайын кызматтагылардын маалыматтары боюнча, оппозиционерлер «мамлекеттик кызмат адамдарына карата курал колдонууга» даярданышкан.

Оппозиционерлер 17-майда учурдагы бийликке каршы митингге чыгууну пландап жатышкан. Апрелдин аягында Талгарбеков «Элдик парламент» Бишкектеги борбордук аянтка 20 миң киши алып чыгуу ниетинде экенин билдирген.

Элдик-патриоттук кыймылдын лидери Нурлан Мотуев атайын кызматтагылар тарабынан «террористтик мүнөздөгү чакырыктары» үчүн 13-май күнү кечинде кармалган.

Ал «Элдик парламенттин» 12-майдагы форумунда айткан сөздөрүнөн кийин кармалып отурат. Анда оппозиционер Кыргызстан «Ислам мамлекетиндеги» можахеддердей жашашы керектигин» билдирген.