Башкы почтампттын алдына коюлган «Ата Мекен» партиясынын пианиносун милиция бөлүмүнө алып кетишти. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери анда бомба бар болушу мүмкүн деп шектенишкен.

Милиция кызматкерлери 15-майда «Ата Мекен» партиясынын көчөгө коюлган пианиносунда жарылуучу заттын бар-жоктугун текшерип чыгышты. Музыкалык аспап каалоочулардын бардыгы келип ойношсун деген максатта эки күн мурда коюлган.

Учурда пианино Бишкек милициясынын Свердлов райондук бөлүмүндө.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын өкүлү Олжобай Казыбаев Kloop.kgге милиция аны шаардын борборундагы шектүү нерсе боюнча даттануу келип түшкөндөн кийин алып кеткен.

«Бизге 102ге телефон чалышып, белгисиз адамдар пианино калтырып кеткендиктерин айтышты, коомдук тартипти камсыздап, борбордун тургундары менен меймандарын коопсуздандыруу үчүн аймакты курчоого алууга туура келди. Биз ыкчам-иликтөө иш-чараларын өткөрүп, анда жарылуучу заттын жок экенине көзүбүз жетти», — деди ал.

Казабаев «Ата-Мекен» партиясы милицияга келип, пианинонун «шаардыктарга белек» экендиги тууралуу расмий билдирүүсү керектигин кошумчалады.

«Эгер уюштуруучулар келип, анын борбордун тургундарына белек экенин жана алдын ала пландаштырылган акция болгондугун расмий түрдө билдиришсе, анда пианинону кайра ордуна алып барып коюшат», — деди Казыбаев.

«Кылмыштуулук менен күрөшүшсө болмок»

«Ата Мекен» партиясынын өкүлү Кайыргүл Урумканова өзүнүн «Фэйсбуктагы» баракчасына пианинону партиянын жаштар канаты өз демилгеси менен орнотконун жазды.

«Дагы бир жолу кайталайм, ал жаштар канатынын демилгеси, алар документтерди даярдоодо айрым катачылыктарга жол берип коюулары мүмкүн, бирок алып келгенден кийин эки апта күүлөө керек болгон пианинону мындай кылбай эле коюшса болмок. РИИБ жаштардын демилгелери менен эмес, а чыныгы кылмыштуулук менен күрөшсө жакшы болмок», — деп жазды ал.

Урумканова милиция менен болгон бул окуя жаштардын маданий демилгелерди көтөрүү «каалоолорун жоготпойт» деген үмүттө.

«Кыргызстанда элде маданият жок деп айтып келишет жана борборубузга ойной турган пианинону коюу демилгесин түшүнгөндөр аз болсо керек. Бирок эгер алгачкы кадамды жасап, маданияттуу болууга үйрөнбөсөк, анда маданият болбойт. Сонун угулган пианинону угуп, бардык каалоочулардын анда отуруп бекер ойноо мүмкүндүгүн түзүп берүү жаманбы?» — деп суроо салды ал.