Кара-Сууда жашаган Абдуллох Нурматов соттолгон имам Рашод Камаловду колдогон билдирүүгө «лайк» койгондон кийин шарттуу түрдө бир жылга кесилди. Расмий түрдө ал «экстремисттик материалдарды» сактоого күнөөлүү деп табылды.

Ош шаардык соту Кара-Суунун жашоочусу Абдуллох Нурматовго карата шарттуу түрдө бир жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Судья аны Кылмыш кодексинин 299-беренеси менен каралган экстремисттик материалдарды сактоого күнөөлүү деп тапты.

Нурматов камакка алынган дин ишмери Рашод Камаловду колдогон билдирүүнүн алдына «лайк» койгондугу үчүн бир жыл мурда кармалган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери Нурматовдун үйүндө 2015-жылдын 10-сентябрында тинтүү жүргүзүшүп, аны экстрмисттик материалдарды сактоого айыпташкан.

«Бир Дүйнө Кыргызстан» укук коргоо уюмунун өкүлү Сахира Назарова Kloop.kgге ал материалдарды экстремисттик деп табуу үчүн соттун чечими керек экенин айтты.

«Жактоочулар «Экстремисттик ишмердүүлүккө каршы туруу жөнүндөгү» мыйзамдын 13-беренесине ылайык, маалыматтык материалдар соттун чечими менен гана экстремисттик деп табыларын, а экстремисттик материалдарды сактоого айыпталып жаткан Абдуллохтун кылмыш ишинде соттун андай чечиминин жок экенин айтып түшүндүрүштү», — деп жазды ал соттун жыйынтыгы боюнча.

Ал Нурматовдун иши «жактоочулук ишмердүүлүккө тоскоолдук кылып», «кыйноолорду колдонгон» укук коргоо органдары жана сот тарабынан «мыйзам бузуулар менен жүргүзүлгөнүн» кошумчалады.

Нурматовдун өзү тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө анын күнөөнү мойнуна алышы үчүн атайын кызматтын өкүлдөрү сабагандыктарын айтты.

«Кемсинтип, сабашты, канча убакытка чейин экенин билбейм бирок эсимди жоготуп койгом, мага кайра суу чачышып, кайрадан сабашты. Мага аталган лайктарды койгонсуң дешти, бирок мен аларды койгон эмесмин. Мен аларга соцтүйүндөгү сыр сөзүмдү берип, басым алдында кандайдыр бир кагаздарга кол коюп бергенден кийин гана жактоочу жана атам менен көрүшүүгө уруксат беришти», — деди ал.

Кара-Суу имамы

Жерлиги Ош облусунун Кара-Суу шаары болгон Рашод Камалов шаардын адам эң көп барган «Ах-Сарахси» мечитинде иштеген. Жума намаздарында ал мечитке беш миңге чейин адам чогулат.

Камалов халифат түшүнүгүн түшүндүрүп берип жаткан сөздөрүнөн алынган үзүндүлөрдүн негизинде 2015-жылдын 9-февралында кармалган. Ал диний аралык кастыкты козутуу жана экстремисттик материалдарды таратуу айыбы менен беш жылга соттолгон.

Камаловдун өзү президент Алмазбек Атамбаевге жолдонгон ачык кайрылуусунда ал өз баянында «чогулгандарга «Ислам мамлекети» менен Сирияда болуп жаткандар халифат болуп эсептелбестигин жеткирүүгө аракет кылганын» жазган.

«Менин баяндарым эч кандай диний аралык кастыкты же башка зомбулук иштерге чакырууну жараткан эмес жана жаратмак эмес дагы», — деп жазган анда Камалов.

Дин таануучу Галина Колодзинскаянын корутундусуна ылайык, Камаловдун сөздөрүндө куран менен хадистерге негизделген «халифат» түшүгүнүн түшүндүрмөсү болгон.

«Имам акыр замандан кийин мусулмандар эч кандай зомбулуксуз эле пайгамбардык менен халифатка ээ боло алышат, алар анын айланасына чогулушуп, аны кабыл алышат деп айткан. Имам «Ислам мамлекетинин» «жалган халифаты» чыныгы халифат түшүнүгүнөн эмнеси менен айырмаланарына түшүндүрмө берген», — деп билдирген Колодзинская эл аралык «Фергана» маалымат агенттигине.

Башкы сүрөттүн оң жагындагысы Абдуллох Нурматов. Сүрөттүн булагы: «Фергана».