2016-жылы жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ) Кыргызстанда 17-майдан 21-майга чейин өтөт. Учурда ЖРТнын жыйынтыктары жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн милдеттүү болуп эсептелет. ЖРТда жалпы билим берүү мектептеринин жана орто профессионалдык билим берүү жайларынын бүтүрүүчүлөрү катышышат.

Тестирлөө аяктагандан кийин 11-июндан 13-июлга чейин жогорку окуу жайларга кабыл алуу сынактары болот.

Анын эртеси окуу жайга кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси белгилүү болот. А алардын мыкты жыйынтык көрсөткөн элүүсү сынаксыз эле гранттык негизде кабыл алынышат. Салтка ылайык, андай абитуриенттер «алтын сертификаттарды» алышат.

Kloop.kgнин редакциясы «алтын сертификаттардын» ээлери менен маектешип, аларга ЖРТда кантип даярдануу керектиги жана жогорку упайга ээ болуу үчүн эмнелерге көбүрөөк көңүл буруу зарыл экендиги жөнүндө суроолорду узатты.

Вадим Курочкин (236 упай)

Курочкин — №61 физика-математикалык лицейдин бүтүрүүчүсү. 2015-жылы ал негизги тест боюнча 236 упай алган. Москвадагы Жогорку экономика мектебинин (ЖЭМ) «экономика» бөлүмүнө тапшырган. Ошол эле учурда параллелдүү түрдө каржы эсеп-кысап боюнча долбоорду аяктап жатат.

— Эгер аны даярдануунун элементи деп эсептөөгө боло турган болсо анда мен мектепте сыноо тесттерин тапшыргам. Анан да Славян университетинин расмий курстары деп аталган орус тили боюнча курстарга бир айга жакын убакыт баргам, ал үчүн миң сомдой акча төлөгөм. Бир айга жетпеген убак өткөндөн кийин мен ал жактан жаңы эч нерсе ала албай турганымды түшүнүп, убакытты текке кетирүүнү токтоттум.

Мен үчүн ЖРТда аналогиялар кыйыныраак болду, алар жеке мен үчүн эле кыйын болбосо керек деп ойлойм. Ошондой эле кийинки секцияга өтүүгө качан уруксат беришет деп күтүп отуруу оор болду, анткени мен тесттин баарын жарым убакыттын ичинде эле белгилеп койгом.

Мен албетте «алтын сертификат» алууну каалагам, бирок аны башкы максатым катары караган эмесмин. Мен үчүн ата-энемдин, мугалимдердин жана сүйлөшкөн кызымдын алдында уят болбоо маанилүү болгон. Алар менин мотивациям болушкан.

ЖРТ тапшыруу маалында албетте толкундангам, бирок мен тез эле өзүмдү колго алып, ойлорумду бир жерге топтой алам. Ойлоруңду топтой алуу — сени дайыма коштоп жүрүүсү керек. Ансыз жакшы упайларды ала албайсың. Ошондой эле тапшырмалар менен жооптордун варианттарын жакшылап көңүл коюп бир нече жолу окуп чыгуу маанилүү.

Мага «алтын сертификаттын» пайдасы тийген жок.

Жылдыз Кожоярова (2013-жыл үчүн 225 упай, 2015-жыл үчүн 229 упай)

Бишкектеги кыргыз-түрк «Айчүрөк» лицейинин бүтүрүүчүсү. Эки жолу «алтын сертификат» алган. Польшадагы Лодзинск техникалык университетинин студенти. Ошол эле маалда параллелдүү түрдө Бишкек гуманитардык университетинде (БГУ) сырттан окуйт.

— Мен мектепти артыкчылык менен аяктагам, а ЖРТны «документ үчүн» жана өзүмдү текшерүү үчүн тапшыргам, анткени окуу жылынын аягына чейин эле мен бир канча чет өлкөлүк окуу жайларга тапшырып койгом. ЖРТ тапшыргандан кийин Түштүк Кореядагы Ульсан улуттук илим жана технологиялар университетин (UNIST) тандап алып, технологиялык менеджмент факультетинде окуп баштагам. Бирок көп өтпөй эле ал менин жашоомдун максаты эмес экенин түшүнүп, кыялымдын чыйыр жолу аркылуу кетүүнү чечтим.

Мен Кыргызстанга кайтып келип профиль боюнча сынактарга даярданып баштадым. Анан дагы бир жолу ЖРТ тапшырып, кайрадан «алтын сертификат» алдым. Анан июнда Польшадагы өз факультетиме кеттим, бирок мага баары бир «алтын сертификаттын» пайдасы тийди — мен параллелдүү негизде БГУда да сырттан окуп жатам.

ЖТРде математика менен орус тили оңой эле болгон. Жалгыз гана аналогия бир аз оңтойсуздандырды.

Мен берчү эң башкы кеңеш — бул өзүңдүн алсыз жактарыңды анализдеп, андан соң алардын үстүнөн иштөө. Эстеп калууга аракеттенип китептерди жанталашып окуунун кереги жок. Ал пассивдүү окуу. Көбүрөөк практикалык тесттерди жасап, тапшырмаларды аткаруу, эгер жоопторун таба албай же эмнеге дайыма каталарды кетирип жатканыңды түшүнбөй жатсаң жардам суроо керек. Тесттин өзүн тапшырып жаткан маалда токтоороок болуп, өтө нерв болбой, бирөөнөн көчүрүп албоо кеңешин берет элем. Анан да тапшырып бүткөндөн кийин аны жакын досторуңдун курчоосунда даамдуу тамак менен белгилеп коюуну унутпагыла.

Чынында ЖРТ алгач элестеткенден кыйла жеңил болуп чыгат. Жөн гана мектепте 11 жыл убакытты бошко кетирбестен окуу керек.

Азамат Өмүралиев (226 упай)

Ефим Якирдин Бишкектеги №61 физика-математикалык мектеп-лицейинин 2015-жылдагы бүтүрүүчүсү. Учурда Голландиянын Утрехтск университетинин студенти.

— Мен алдын ала даярдоо курстарына барган эмесмин, өз алдынча да даярданган эмесмин. Тест болор күнү уйкумду кандырып, курсагымды жакшылап тойгузуп алгам. Бул чынында абдан маанилүү, анткени ЖТР – узакка созулчу тест. Кезек күтүүлөр, класстарга бөлүштүрүү жана нускамалар сыяктуу жол-жоболор кыйлага созулат, андыктан тестте ачка болбоо маанилүү.

Менде ЖРТде даярданууга өзгөчө деле мотивациялар болгон эмес, анткени майга карата мен үч университетке тапшырып койгом — Москвадагы Жогорку экономика мектеби менен Москва физика-математикалык институтуна жана Голландиядагы Утрехтск университетине.

ЖРТдагы суроолор мага абдан эле жөнөкөй сезилди. Мен америкалык SAT тесттин тапшыргам, аны менен биздин тестирлөөнүн чоң окшоштугу көрүнүп турат. Биро ЖТРдеги тапшырмалардын баары тең андан жыйырма эсеге жеңил – эгер SATта diaphanous жана idiosyncratic сыяктуу сөздөрдү билип, математикалык индукцияны колдонууну талап кылса, ЖРТда эң оору экинчи тартиптеги туундулар.

ЖРТнын көйгөй жарата турган бөлүмдөрү – бул бир аз аналогия жана көбүрөөк орус тилинин грамматикасы болсо керек. Балким алар менин гана көйгөйүм болгондур, бирок упайлардын көбүн орус тилинен жоготтум.

ЖРТ мага Орусиянын ЕГЭси (бирдиктүү мамлекеттик сынак) менен Американын SATы же мен тапшырган башка окууга кабыл алуу сынактарына салыштырмалуу өтө эле жөнөкөй тесттей сезилди. Бирок ошол эле маалда ага даярдануу оор, анткени анын көпчүлүк бөлүгү чынында эле тапшыруучунун логикасына жараша болот.

Андыктан бир гана кеңешим бар – жакшы китептерди окуп, математикага көбүрөөк убакыт бөлгүлө. Эгер филолог, журналист же жүк унаасынын айдоочусу болгуңар келсе да математиканы окугула. Чынында ал мектептеги эң пайдалуу сабак.

Албетте, алтын сертификат алгым келген, бирок мен спецификалык абалда болгом. 61-мектеп жыл сайын бардык алтын сертификаттардын үчтөн бирин алып келген жана ЖРТнын жыйынтыктарын жарыялоого мезгил келгенде баары жогорку упайларды күтүшкөн. Ал бекеринен эмес – менин классымда 19 окуучу болсо, алардын сегизи алтын сертификат алышты. Ал жылы бир дагы мектеп анчалык сертификат алган эмес. Биздин класс ЖРТнын рекордун жаңыртты – бизди Кыргызстандын тарыхындагы эң акылдуулар деп эсептесеңер болот.

Кемелбек Ирсалиев (226 упай)

Бишкектеги №13 мектеп-лицейинин бүтүрүүчүсү. Борбордук Азиядагы Америка университетинин студенти.

— Мен негизинен тестирлөө борборунан сатып алууга мүмкүн болгон ЖРТ боюнча колдонмо китепчени алып үйүмдө же сейил бактарында даярдангам. Бактыга жараша, менде жарымы толтурулбаган эжемдин 2013-жылдагы колдонмосу бар болчу. Анан мен SECOMдон эки колдонмо сатып алып даярдануумду уланттым. Курстардан менин орус тил жана адабият мугалимим менен даярданганымды айтууга болот. SECOM колдонмолорунда суроолордун жооптору берилбегендиктен улам божомолдоп табуу керек болгон. А жалгыз божомолдоп тапканга караганда мугалимиң менен чогу божомолдогонуң жакшыраак эмеспи. Бир сааты үчүн 250 сом төлөчүмүн, анда алган билимим мага жетиштүү болду.

Мага ЖРТда баарынан «окуу жана түшүнүү» бөлүмү оор болду. Андагы төрт жооптон дайыма эки окшошу жана туура сезилгени бар болгондуктан тандаган жообумдун туура экендигинен көп күмөн санадым.

Бир гана мотивация болгон: же бекер окуйм, же бекер окуйм. Башка варианттарды караштырган эмесмин. Мен Борбордук Азиядагы Америка университетине тапшырууну каалагам, бирок андагы контракттык төлөмдүн баасы 6400$ экенин уккандан кийин окуумду төлөө боюнча үй-бүлөмдүн башын оорута албастыгымды түшүндүм. Мен сыноо тесттеринин жыйынтыктарына таянуу менен алтын сертификат ала ала турганымды сезгем, бирок баары бир башка мүмкүнчүлүктөрдү да ойлонуштуруп баштагам.

ЖРТда «мына, ошол учур келди», дедим да баштадым. Ал бир жыл эрте даярданып баштап, анан көпкө күткөн чемпион менен рингге чыгуу учуруна окшош болду.

Мен бүтүрүүчүлөргө көбүрөөк шоколад жегиле деп кеңеш берет элем. Анан өз башыңар менен гана ойлонуп, башка бирөөнөн көчүрүп алууга аракет кылбаганыңар жакшы. Бардык тапшырмаларды черновикте аткарып алып, жооптордун туура экенин дагы бир жолу текшерип чыккыла. Эгер кайсынысы туура жооп экенин так билбей жатсаңар туура эместерин чыгарып салгыла. Эгер тапшырма көп убактыңызды алып жатса, аны суроо белгиси менен белгилеп коюп, кийинки тапшырмага өтө бергиле. Эгер тапшырмалардын бирин жоопсуз калтырсаңыз анын номурун черновикке белгилеп койгула, аягында ага кайра кайрылып баруу үчүн.

«Үчкө окугандар»

Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, 2016-жылы босого упайы былтыркыдай эле 110 бойдон калат.

Негизги тестти бардык абитуриенттер тапшырышат. Ал төмөндөгүдөй бөлүмдөрдөн турат: «Математика», «Аналогиялар», «Сүйлөмдөрдү толуктоо», «Тестти окуу жана түшүнүү» жана «Практикалык грамматика».

Предметтик тесттерди алты сабак боюнча тапшырууга болот: химия, биология, физика, математика, тарых жана англис тили.

Жалпы республика боюнча 130га жакын тест тапшыруу борборлору уюштурула тургандыгы кабарланууда. Алардын даректерин ар бир райондогу же шаардагы мектептерден же райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнөн билип алууга болот. Абитуриенттерге жашаган жеринен алыс эмес жерлерде тест тапшыруу мүмкүнчүлүктөрү берилет.

Kloop.kgнин редакциясы «алтын сертификаттардын» ээлеринен сырткары мектепте «үчкө окуган», бирок тестте жогорку упайларды алган улан-кыздарга да суроо узатты.

Алтынай Калыбекова (197 упай)

Ивановкадагы №1 мектептин бүтүрүүчүсү. Учурда Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында окуйт.

— Мектепти жалаң үч менен аяктагам. Үч сабактан гана төрт болчу — орус тил, адабият жана дене тарбия. Мен эч качан өзгөчө жоопкерчиликтүүлүгүм менен айырмаланчу эмесмин, активист эмес болчумун, кээ бирде сабактардан да качып кетчүмүн. Мугалимдердин баары тең менден эч нерсе чыкпай тургандыгын, ЖРТдан босого упайга да жетпей кала турганымды айтышкан. Албетте, мен алардын андай пикирлери менен макул болчумун.

Бирок дем алыш күндөрдүн биринде каналдарды барактап отуруп бир тасманы көрүп калдым. Анан ал тасма менин жашоомду өзгөрттү. Анын аталышы эсимде жок, актердук курамын да билбейм, бирок сюжетин абдан жакшы эстеп калгам: өспүрүм кыз башынан өткөргөн кыйынчылыктарга, ата-энесинин ишенбегендигине жана акчанын жетишсиздигине карабастан өз максатынан тайган эмес — ал качандыр бир кезде музда бийлөө боюнча Американын чемпиону болом деп кыялданчу. Анан ал тасманын соңунда акыры максатына жетет.

Мен тасманын ортосунда эле өксөп ыйлап, мындан жакшыраак болуп, окуп баштап, университетке тапшырып, таптакыр өзгөрөм деген чечимге келгем. Ал тасманы марттын ортосунда көргөм. Тактап айтканда, мектепти бүтөөрүмө эки жарым гана ай калганда.

Ошол эле күнү кечинде мен бошко кеткен убакыттын эсесин толтуруп баштадым: адабиятты окуп, анын ортосунда формулаларды жаттап, бош эмес болуп калганда үйдү жаңырта аудио-китептерди коюп укчумун. Абдан кыйын болгон, түнү менен уктабастан окугам. Тилекке каршы, мен өзүмдүн жыйынтыктоочу бааларымды өзгөртө алган жокмун жана анча жакшы эмес аттестат алдым. Бирок ЖРТда алган упайларыма абдан таң калгам! Мен үчүн 197 упай деген абдан көп да. Элестетсеңер, бул деген 11 жыл тамак жасаганды билбей жүрүп эле күндөрдүн биринде беш түрдөн турган падышалык тамак жасап салгандай эле да!

Олег Алексеев (204 упай)

№14 орто мектептин бүтүрүүчүсү. У.Асаналиев атындагы Тоо-кен иши жана тоо-кен технологиялары институтунун студенти.

— Менин аттестатымда төрт жок, жалаң үч. Буга өз убагында окуп баштабаган өзүм күнөөлүү болсом керек. Жөн гана күндөрдүн биринди окуудан чарчап, баарын таштап салгам. Ал эмес мектептен чыгып кетүүнү каалагам, бирок ата-энем уруксат берген жок, мен ошолордун аркысы менен гана 11-классты аяктадым.

ЖРТны мен эки жолу тапшыргам. Биринчи жолу 2010-жылы тапшырып, 133 упай алгам. Бирок ошол маалда досум Дубайга барып иштеп келбейлиби деп калды. Анда билим көбүрөөк керекпи же акчабы деп көпкө бир чечимге келе албай турганым эсимде. Акыры акча керегирээк деген чечимге келдим жана жаңылышкан жокмун деп айтсам болот. Ал жактан мен үч жылдын ичинде англис жана араб тилдерин үйрөнүп, апама автоунаа сатып бердим. Билесиңерби, ал жактан мен нормалдуу, баары менен камсыз болгон жашоодо жашагың келсе, билим керек экенин түшүндүм. Анткени мен анда күн сайын диплому жок адамдардын басынып жүргөндөрүн көрдүм.

Мен эч качан андай абалга туш болбойм деген чечимге келип, окууга тапшырууга даярданып баштадым. Керектүү суммадагы акчаны топтоп, үйгө февралдын башында учуп келдим. Каттоодон өтүп, даярданып баштадым. Өтө тырышчаактык менен даярдандым деп деле айтпайм, бирок убакыт болгондо сыноо тапшырмаларын аткарып коюп жүрдүм. ЖРТ болор күнү жакшылап тамактанып алдым, ал эмес апам дары (валерьянка) да берди. Мен убагында окууга тапшырбай артта калдым, кетип калбай ошондо окуганымда азыр окууну бүтүп калмакмын деп ойлоодон уялган жокмун. Анан күтүүсүздөн ушундай упай алдым, тоо инженерлигине тапшыргам. Эми адистигим менен жана туруктуу негизде иштеш үчүн кайра Дубайга барууну пландап жатам.

Тема боюнча: