Төлөйкан Исмаилова менен Азиза Абдирасулова аларды «сатылма» деп атагандыгы үчүн президент Алмазбек Атамбаевден моралдык чыгым катары төрт млн. сом талап кылып жатышат.

Биринчи май райондук соту укук коргоочулар Төлөйкан Исмаилова менен Азиза Абдирасулованын Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевден моралдык чыгым катары төрт млн. сом талап кылган доо арызын кабыл алды.

Исмаилова менен Абдирасулова Атамбаев Энелер күнүнө карата өткөн иш-чара маалында айткан сөздөрү үчүн алардын алдында кечирим сурашы керек деп эсептешүүдө.

Анда президент укук коргоочулар «Элдик парламенттин» форумунда «чет өлкөлүк гранттарын актап жатышат» деп айткан.

«Анда кимдер гана болгон жок? Талгарбеков башында турган акаевчилер дагы, Калматов башында турган бакиевчилер дагы, «Ислам мамлекетинин» берилген тарапташы Нурлан Мотуев дагы, өздөрүнүн чет элдик гранттарын актап жаткан биздин укук коргоочулар Төлөйкан Исмаилова менен Азиза Абдрасулова дагы болушту», — деген анда президент.

Укук коргоочулардын өзүлөрү президент тарабынан айтылган сөздөр алардын «ар-намысы менен кадыр баркын жана ишкердик репутациясын булгап жатат» деп эсептешүүдө. Аларды айыптоонун Энелер күнүндө айтылганы өзгөчө нааразы кылган.

«Президент Алмазбек Атамбаевдин бизди эмне себептен дал Энелер күнүндө айыптаганын түшүнбөй турабыз. Бул кимдир бирөөнө белги бергендей (итти агыткандай) айыптоо болду. Ал эмес бизди алып кетүүгө келишет го ойлоп кеттик», — деп билдирди Төлөйкан Исмаилова.

Азиза Абдирасулова президент айткан сөздөрү үчүн жооп бериши керек экенин билдирди.

«Азыр көз карандысыз соттор жок, бирок биз баары бир сотко бердик. Атамбаев журналистке «ылгап сүйлөө» керектигин айтпады беле, а эмнеге өзү ылгап сүйлөбөй жатат? Кудайдын алдында биз баарыбыз теңбиз», — деп белгиледи ал.

Президентке каршы жазылган доо арызды Биринчи май райондук сотунун канцеляриясы кабыл алды. Иштин өндүрүшкө алынар-алынбасы жакынкы күндөрү белгилүү болот.

Бул боюнча түшүндүрмө алуу үчүн президенттин басма сөз кызматы жеткиликсиз болууда.

Укук коргоочулар Атамбаевдин кечирим сурашын талап кылып 16-майда митингге чыгышкан. Анда Исмаилова менен Абдирасулова эгер алардын талаптары канааттандырылбай турган болсо, анда өлкө башчысын сотко бере тургандыктарын билдиришкен.

Президенттин аппарат башчысынын орун басары Мира Карыбаева «айрым укук коргоочулар кыргыз бейөкмөт уюмдарынын жылдап топтолгон абройун түшүрбөө тууралуу буга чейин ойлонушу керек болгондугун» билдирди.

«Өлкөдө маанилүү жана керектүү бейөкмөт уюмдар көп, аларда таза жана абийирдүү адамдар да көп. Бирок тилекке каршы, арасында укук коргоо ишмердүүлүгүн бузукулуктан айырмалай албай калгандары да бар», — деди ал Исмаилова менен Абдирасулова тууралуу.

Буга чейин ар-намысын кемсинткендиги үчүн деп президентти укук коргоочу Нурбек Токтакунов менен журналист Дайырбек Мейманов дагы сотко беришкен. Ал иштер боюнча соттук териштирүүлөр дагы деле уланууда.