Бишкектин Фучик көчөсүндө газ ташыган унаа жарылды — ӨКМдин маалыматы боюнча, каза болгондор бар жана дагы 10 киши жаракат алды.
Жарылуу 6-июнда кечке жуук болду — Фучик көчөсүндө газ ташыган унаа күйүп кетти. Азырынча анын себептери так белгисиз.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) болжолдуу маалыматтары боюнча, жарылуудан каза болгондор бар, бирок алардын саны так айтылбай эле.
ӨКМдин басма сөз кызматынын өкүлү Эльмира Шерипова «Фэйсбуктагы» баракчасына өрттү өчүрүү менен алты өрт өчүрүү тобу алектенип жатканын жазды.
«Болжолдуу түрдө бир май ташуу унаасы күйүп жатат — өндүрүштүк өрт, курмандыктар бар. Болжол менен 15 киши жараат алды, каза болгондор да бар (такталып жатат). Кошумча маалымат берилет», — деп жазды ал.
Бишкек тез жардам кызматынын өкүлү Kloop.kgге курган маегинде жараат алгандардын арасында истүү газга ууланган 9 чоң киши жана бир кичинекей бала бар экенин билдирди.
«Жаракат алгандардын алтоосунун абалдары өтө оор деп бааланууда, алар оорукананын реанимация бөлүмүнө жаткырылышты. Үчөөсүнүн денелери күйгөн, алардын абалдары орточо оордукта», — деп билдирди ал.
Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы өрттүн чыгуусуна автоунааны оңдоо маалында газ-ширетүү жабдуусунун этият пайдаланылбагандыгы себеп болгон болушу мүмкүн деп божомолдоодо.
«Учурда шаар кызматтары жарылуунун кесепеттерин жоюу менен алектенип жатышат. Борбордо теракт болду деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Жаракат алгандар бар, медиктер 14 кишиге биринчи жардам көрсөтүштү», — деп билдирди мэриянын басма сөз кызматы.
Буга чейин «Заноза» маалымат агенттиги газ ташыган унаа менен бирге ага жакын турган дагы эки автоунаанын күйүп кеткенин билдирген.
Окуянын чоо-жайы жана келтирилген чыгымдын суммасы азырынча белгисиз.
Сүрөт: «Заноза»