Укук коргоочулар Төлөйкан Исмаилова менен Азиза Абдирасулова президент аларды Крыловдун тамсилинин каармандарына салыштырып, аларды «гранттарын актап жатышат» деп атагандан кийин Алмазбек Атамбаевге каршы доо арыз жазышкан. Kloop.kgнин кабарчысы ал иш боюнча өткөн алгачкы сот отурумуна байкоо салды.

Баяндоо Kloop.kgнин кабарчысы Александра Титованын атынан жүрөт.

8-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту укук коргоочулар Төлөйкан Исмаилова менен Азиза Абдирасулованын «ар-намысы менен кадыр-баркын кемсинтүү» боюнча ишти карап баштады.

Ал процессте жоопкер катары укук коргоочуларды Иван Крыловдун «Квартет» тамсилиндеги каармандарга салыштырып, аларды «гранттарын актап жатышат» деп айыптаган президент Алмазбек Атамбаев өтүүдө.

Президенттин ал сөздөрү Исмаилова менен Абдирасулова да катышкан оппозиционерлердин форумунун контекстинде айтылган. Кийинчерээк ал форумдун айрым катышуучуларын кармашып, «бийликти күч колдонуп басып алууга» айыпташкан.

***

Отурум кечиктирилбестен туура саат 9да башталды. Аны өткөрүү үчүн жүргүнчүлөргө толгон маршруттук таксидегидей болуп дээрлик 30 киши кысылып отурган судья Алмазбек Калыевдин анчалык чоң эмес иш бөлмөсү тандалган.

Президенттин өзү сот отурумуна келген жок, анын өкүлү катары жактоочусу Алмаз Осмонова катышты. Ал Бишкек аймактык адвокатура башкармалыгынын төрагасынын сымбаттуу жана көп сүйлөбөгөн орун басары.

Судья Калыбаев биринчи кезекте укук коргоочулар менен президенттин жактоочусунун бардык өтүнүчтөрүн четке какты — ал Осмонованын өтүнүчү менен ишти токтотуудан жана Абдирасулованын процесске Атамбаевдин өзүн катыштыруу өтүнүчүнөн баш тартты.

— Кийинки отурумга жок дегенде бир жолу президенттин өзү келсинчи. Мен Алмазды жакшы билем, бирок мен анын өзүнө берүүнү каалаган суроолорума ал жооп бере албайт болуш керек, — деди укук коргоочу.

Отурумга катышып жаткан журналисттерди судьянын процессти видеого тартууга уруксат бербегендиги иренжитти — ыза болгон алар блокноттору менен диктофондорун алып чыгышты.

Исмаилова судьядан анын укук коргоочулук иши тууралуу мамлекеттик органдар менен министрликтер тарабынан айтылган жакшы пикирлерин жана коомдук ишмер катары алган сыйлыктарын эске алуусун өтүндү.  

— Менин күнөөм эмнеде? Түшүнбөй турам. Эмдиги жылы чет өлкөлүк гранттарга президенттик шайлоо өткөнү жатат. Атамбаев тарапка гранттардын эмне экендиги тууралуу жооп даярдоого туура келет көрүнөт. Мени жана үй-бүлөмдү травма кылып, абалды туруксуздаштыруу ишмердүүлүгүнө антип барк албай айыптоонун эмне кереги бар? — деп нааразычылыгын билдирди ал.

***

2015-05-21_10-56-58_994307_w

Андан соң судья Исмаилованы Атамбаевдин сөздөрүнүн кайсылары кемсинткенин жакшылап тактап чыгууну сунуштады.

— Биринчи сүйлөм боюнча. «Кандай ар кошкон адамдар» сөз айкашы сиздин ар-намысыңызды кемсинтеби? — деп сурады Калыбаев укук коргоочудан.

— Албетте, кемсинтет! Ал деген «кандай ар кошкон адамдар» дебей эле да. Ал маймылдар, эшек деп атат. Мен эмне — маймыл же эшекминби? — деп нааразы болуп жооп берди Исмаилова.

Калыбаев укук коргоочу алып келген Атамбаевдин айткандарынын кагазга түшүрүлгөн сөздөрүн карап чыгууну сунуштады. Ал өз суроолорун президенттин сөзүнүн стенограммасындагы тыныш белгилери боюнча берип баштады.

— Биринчи сүйлөмдү кайра карайбыз. «Кандай ар кошкон адамдар», [андан кийин] суроо белгиси турат, бул сүйлөм Төлөйкан Исмаилованын ар-намысын кемсинтеби?

— Кемсинтет!

— Эмнеси менен, түшүндүрүп берсеңиз? — деп кызыкты судья.

— Анткени ыйык майрам эсептелген Энелер күнүнүн алдында бардык катышуучуларды куттуктап, ошол эле маалда мейманканада болгон адамдар жөнүндө сөз кыдып жатып ар кошкон адамдар тууралуу айтып жатат. Анан мени айыптап жатат, — деп жооп берди Исмаилова.

— Кийинки сүйлөм. «Улуу Крыловдун «Квартет» тамсили эске түшүүдө» — бул сиздин ар-намысыңызды кемсинтеби?

— Албетте, кемсинтет. Мен деген квартет эмесмин да, мен — көз карандысыз байкоо салуучумун. Эгер квартет болгонумда мен президиумда отурмакмын.

— Айтсаңыз, жашоодо Крыловдун тамсилиндегидей квартет барбы? Жашоодо? — деп сурады Калыбаев.

— Албетте, бар, ал деген сарказмдын формасы да.

— Түшүнүктүү. Эми үчүнчү сүйлөм, «Эсиңердеби» [анан] суроо белгиси турат. Бул сиздин намысыңызга тийдиби?

— Албетте, президент деген «эсиңердебиге» фокус жасап жатпайбы. Дал «эсиңиздебиге».

— «Эсиңиздеби».

— Эсиңиздеби. Ал (президент — ред. түшүндүрмөсү) кайрадан ал топко, «иши ордунан чыкпаган квартетке» шилтеме жасап жатат. Анан эшек, эчки, мамалак жана маймыл деп улантууда. Албетте намысыма тийди, мен эшекминби же маймылмынбы деп ойлонгом?

— Мына, «Кандай ар кошкон адамдар» сөз айкашынан кийин жана «Алардын көбүнүн акчалары да, турак-жайлары да, ошондой эле чет жактарда бай колдоочулары бар», ушул жерде «Исмаилова» деген фамилия барбы?

— Жок, бирок кийин менин фамилиям айтылат, а бул жерде азырынча мен жөнүндө эмес.

Судья тыныгуу жарыялап, отурумду 17:00гө жылдырды.

***

aziza-abdirasulova

Тыныгуудан кийин сот Абдирасулованын көрсөтмөлөрүн карап баштады. 58 жаштагы укук коргоочу Атамбаевдин ал сөздөрүнөн кийин анын дарегине карата соцтүйүн колдонуучулары жана айрым шаардыктар тарабынан коркутуп-үркүтүүлөр айтылып баштаганын билдирди.

— Менин кызым эртең менен телефон чалып, [социалдык түйүндөрдөгү] талкууларга карасаңыз деди. Алар үрөй учурарлык — ачык эле коркуткан адамдардын сөздөрү бизди шок абалына жеткирди. Биз коркуп, чынында эле биздин үйгө келиши мүмкүн деп ойлогонбуз, — деди ал.

Абдирасулова Атамбаевдин айткандарын окугандан кийин шашылыш түрдө өлкө башчысы билдирүүсүн төгүндөсүн деп президенттин аппаратына кайрылганын айтты. Ал иш-чарада байкоо жүргүзүү максатында жүргөнүн түшүндүргөн.

— Эгер андай сөздөрдү мени менен таптакыр жолугуп көрө элек [мурдагы президент Аскар] Акаев айтса мен таарынбайт болчумун. Бирок Атамбаев… Ал оппозиционер болуп жүргөн кезде биз Исмаилова экөөбүз анын укуктарын коргоп келгенбиз, ал бизге телефон чалчу. А биз күн-түн экенине карабастан анын укуктарын коргоо үчүн барчубуз. Ал эмес аны куткаруу үчүн түн ичинде да үйдөн чыгып кеткен учурларыбыз болгон, — деди ал.

Укук коргоочу өз эмцияларын кармай албай калды — сөзүнүн аягында ал суудан улам-улам ичип баштап, андан соң ыйлап жиберди. Ал Атамбаевдин сөздөрү келтирген моралдык чыгымды 2 млн. сомго баалап жатканын, бирок эми аны 10 млн. сомго баалай турганын айтты.

— Биз тубаса кембизби? Бизди [президент] ушинтип атадыбы? Анда бул түздөн-түз коркутуп-үркүтүү, мага карата бийлик түзүмдөрүнө жасалган буйрук! Мен муну өзүмдүн жеке коопсуздугум үчүн коркунуч катара кабыл алам. Бул дагы менин ар-намысым менен кадыр-баркымды кемсинтет, — деди Абдирасулова.

Судья Калыбаев отурумду  аяктап, кийинкисин 15-июнга белгиледи.