Эгер «Кумтөр» компаниясында өндүрүш токтоп калса, анда ишкана жумушчулары нааразычылык акцияларына чыгышат. Алардын баамында, акцияга жумушчулардын үй-бүлөлөрүн кошкондо 20 миңден ашык киши катышат.

10-июнда «Кумтөр» алтын өндүрүү компаниясынын жумушчулары ачык кайрылуу жазышты, анда эгер ишкана өндүрүшү токтосо нааразычылык акциясына чыга тургандыктары айтылган.

«2016-жылдын экинчи жарымына карата тоо иштеринин бекитилген планынын жоктугуна […], көптөгөн соттук териштирүүлөргө жана кылмыш иштеринин иликтенип жатышына байланыштуу «Кумтөр» кениндеги өндүрүш токтоп калуу коркунучунда», — деп жазылган кайрылууда.

Кесиптик кошуун комитетинин төрагасы Авазбек Кожокматов учурда «Кумтөрдө» үч миңден ашык киши иштей турганын билдирди.

Анын айтымында, алардын баарында тең төлөнүп бүтө элек насыялары менен карыздары бар жана иштин токтоп калуусу «экономикалык тобокелдиктерге» алып барышы мүмкүн.

«Биздин өлкөдө «Кумтөрдүн» жумушчулары барып орношкудай иштеп жаткан тоо кендерин казуу компаниялары анча көп эмес. 20 миңден ашык кишинин тагдыры түздөн-түз компанияга байланыштуу жана алардын бардыгы тең нааразычылык массанын катарын толукташат», — деди ал.

Ишканадагы өндүрүш компания менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы соттук териштирүүлөргө байланыштуу токтоп калышы мүмкүн.

Кенди иштетүү менен алектенген канадалык «Центерра Голд» компаниясы буга чейин Гааганын арбитраждык сотуна доо арыз берген. Компания мындай кадамга Мамэкотехинспекция «Кумтөр» 6,7 млрд. сом өлчөмүндөгү «экологиялык чыгымдын» ордун толтурмайынча алар менен соттошо бере тургандыгын билдиргенден кийин барган.

«Центерра» кыргыз тергөө органдарынын коюп жаткан дооматтары боюнча даттанууну чечкен. 2016-жылдын апрелинде укук коргоо органдары компаниянын активдери менен каражаттарынын мыйзамсыз чыгарылып кеткендиги боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында «Кумтөрдүн» Бишкектеги кеңсесинде тинтүү иштерин жүргүзүшкөн.

«Центерра» өкүлдөрүнүн айтымдарында, мамлекеттик органдардын аракеттери ишкананын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөгөн макулдашууларды бузууда.

«Кыргыз Республикасынын соттук жана мамлекеттик органдарынын башка аракеттери менен биргеликте алар тараптан көрүлүп жаткан мындай чаралар «Кумтөр» долбоорунун ишмердүүлүгүн көзөмөлдөгөн макулдашууларды ачык бузуу болуп эсептелет жана «Центерранын» негиз болуучу укуктарына коркунуч жаратууда», — деп жазылган компаниянын пресс-релизинде.

Канадалык «Центерра» корпорациясы «Кумтөр» алтын өндүрүү компаниясынын акцияларынын 100 пайызына ээлик кылат. Өз кезегинде Кыргызстан «Центерранын» акцияларынын дээрлик 33%на ээ.