Католик чиркөөсүнүн башчысы Рим Папасы Франциск I чиркөөнү жана бардык христиандарды гейлерден, кедейлерден, аялдардан жана балдардан кечирим суроого чакырды.

Рим Папасы Франциск католик чиркөөсү менен дүйнөнүн бардык христиандары буга чейин кылган мамилелери үчүн гейлерден кечирим сурашы керектигин билдирди. Бул тууралуу ал Арменияга болгон сапары маалында журналисттерге курган маегинде билдирди.

«Менимче, чиркөө буга чейин кемсинтип келген гейлерден гана эмес, а кедейлерден, ошондой эле эксплуатацияга туш болгон аялдар менен эксплуатацияланган балдардан да кечирим сурашы керек», — деп жазды «Рейтер» эл аралык агенттиги анын айткандарын.

Франциск ЛГБТ-коомчулугунун өкүлдөрү басмырлоого туш болбошу керектигин жана аларды сыйлоо зарыл экенин кошумчалады.

«Айрым өлкөлөр менен маданияттарда бул маселе боюнча башка менталитетке ээ салттар бар. Кээ бирөөлөр үчүн демонстрациялар кемсинтүүчү болуп эсептелет. Бирок ал гейлерди басмырлоого жана маргинализациялоого себеп эмес», — деди ал.

Өз билдирүүсүндө Франциск 2013-жылдагы маалымат жыйынында айткан фразасынын түрүн өзгөрттү.

«Эгер ал (гомосексуалдуулук — ред. түшүндүрмөсү) — адамдын абалы болуп, анын жакшы каалоосу бар болсо жана Кудайды издеп жатса — аларды айыптагыдай биз кимбиз?» — деген ал.

Аны Ватикандын өкүлү Федерико Ломбарди колдоп, чиркөө «көп нерселери» үчүн жалгыз ЛГБТдан гана кечирим сурашы керек эмес экенин билдирген.

«Биз кечирим сурашыбыз керек! Кечирим! Бул биз көп учурларда утуп калып жаткан сөз»,— деген ал.

Рим Папасынын бул билдирүүсү Орландодо болгон 12-июндагы окуянын фонунда жасалууда — анда жергиликтүү жашоочулардын бири 300дөн ашык киши бар «Pulse» деген гей-клубда ок чыгарган. Анын жыйынтыгында 50 киши каза болуп, дагы 53ү жарааттарды алышкан. АКШ бийлиги ал окуяны террористтик акт деп атаган.