Чет өлкөлүктөрдүн жана чет өлкөлүктөрдүн катышуусундагы юридикалык жактардын Кыргызстанда телекомпанияларды ачуусуна тыюу салган мыйзам долбоорун экинчи окууда кароону сентябрга калтыруу пландалууда.

Парламенттин 30-июндагы акыркы жыйынында Жогорку Кеңештин депутаттары чет өлкөлүктөрдүн жана чет өлкөлүктөрдүн уставдык капиталы бар компаниялардын телекомпанияларды ачуусуна тыюу сала турган ЖМКлар жөнүндөгү мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдү кароону кийинкиге калтыруу чечимине келишти.

Долбоордун демилгечилеринин бири, социал-демократ Кожобек Рыспаев Kloop.kgге курган маегинде парламент «кароого жетишпей жаткандыктан» мыйзам долбоорун экинчи окууда кароону кийинкиге калтыргандыктарын айтты.

Анын кесиптеши Марат Аманкуловдун айтымында, документтин кем жерлерин иштеп бүтүрүү керек.

«[…] тактап айтканда, техникалык жерлерин. Мыйзам долбоорунун түздөн-түз кимге багытталганы боюнча телеканалдар тараптан, жөнөкөй адамдар тараптан кайрылуулар болгон. Биз аны күзгө чейин талкуулап, парламенттик угууларды өткөрүп туруп анан кабыл алышыбыз керек», – деди Аманкулов.

K-News маалымат агенттиги «Республика – Ата Журт» фракциясынын депутаттары мыйзамды талкуулоону күн тартибине киргизүүнү каалашкандыктан, документти талкуулоо талаш-тартыштарды жаратканын жазды.

«Ошондой эле биз мыйзам долбооруна телеканалдардын контентинин 50%ы толугу менен мамлекеттик тилде болушу керек деген эрежени киргизүүнү сунуштаганбыз. Мыйзам долбоорун бүгүнкү күн тартибине киргизүүнү сунуштап жатабыз», – деп жазды K-News депутат Руслан Казакбаевдин айткандарын.

ЖМКлар жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоору коомдук талкууга 2016-жылдын 13-майында киргизилген. Документтин алгачкы варианты чет өлкөлүктөргө кандай гана жалпыга маалымдоо каражаты болбосун аларды ачууга тыюу салууну, ошондой эле басылмалардын чет өлкөлөрдөн каржылануусунун үлүшүн 20%дан ашырбай чектөөнү сунуштаган.

Документ укук коргоочулар, журналисттер жана юристтер тарабынан сын-пикирлерди жараткан. Көз карандысыз журналисттер менен укук коргоочулар 16-июнда Ак үйдүн алдына митингге чыгышып, ошол эле күнү мыйзамдын демилгечилери менен жолугушуп, долбоорду чакыртып алууну талап кылышкан.

«Биз долбоорго каршыбыз, анткени бүгүнкү күндө биздин бардык масс-медиа каатчылык абалында жана көптөгөн адамдар жумушсуз калышы мүмкүн. Долбоорду журналисттер менен талкуулоонун ордуна алар [депутаттар] мына ушундай «ажыдаардык ыкмага» барып жатышат», — деп билдирген көз карандысыз журналист Азамат Тынаев.

Сын-пикирлерден кийин мыйзам долбоорунун демилгечиси, депутат Кожобек Рыспаев документтин текстине өзгөртүүлөрдү киргизген.

Мыйзам долбоорунун жаңы редакциясына ылайык, телекомпаниялардын уюмдаштыруучусу болууга Кыргызстандын гана жарандары жана акцияларынын кеминде 65 пайызы кыргызстандыктарга таандык болгон компаниялар гана укуктуу болушат.

Рыспаев Kloop.kgге курган буга чейинки маегинде жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө зарыл экенин билдирген.

«ЖМК жөнүндөгү бул мыйзам Кыргызстанда көптөн бери каралбай турат. Аны эбак эле кабыл алуу керек болчу. Иштөөгө эч ким тыюу салбай эле […] Ал бүткүл дүйнөлүк практикадан алынган, андай Жапонияда, Швейцарияда жана Австралияда бар, алар каржылоо үлүшүн 25-30 пайызга чектешет», — деген ал.

Соавтор: Нияз Абдразаков