Улуу Британиянын Ирактагы аракеттерин жети жыл иликтеген көз карандысыз комиссия өз докладында 2003-жылы британ аскерлери өлкөгө негизсиз кирип баргандыктарын билдирди.

Улуу Британиянын Жашыруун кеңешинин мүчөсү Жон Чилкоттун жетекчилиги алдындагы комиссия Лондондо өз баяндамасын тааныштырды. Анда британ аскерлеринин 2001-жылдан 2009-жылга чейинки Ирак согушундагы аракеттери каралган.

Көз карандысыз комиссиянын иликтөөсүнүн негизги корутундусу: Ирактагы согуш жөнүндөгү чечим чалгындоодогу «текшерилбеген жана жаңылыш» маалыматтардын негизинде кабыл алынган.

Чилкоттун айтымында, Саддам Хуссейндин башкаруусу алдында Ирак чынында эле химиялык жана биологиялык куралдын бир канча запастарына ээлик кылган, бирок алардын коркунуч туудуруу ыктымалдыгы бир топ апыртылган.

«Улуу Британия Иракта согуштук аракеттерди жүргүзүү үчүн юридикалык негиздерге ээ деген чечим кабыл алынган шарт-жагдайлар канааттандыраарлык шарт-жагдайлардан кыйла алыс болгон», ‒ деди Чилкот.

Баяндамада ал Иракка кирип баргандан кийинки согуштук аракеттер жетишээрлик деңгээлде пландалбагандыгына жана даярдалбагандыгына ишендирүүгө аракет кылган.

Иликтөөнүн жыйынтыгы менен көз карандысыз комиссия Улуу Британиянын мурдагы премьер-министри Тони Блэр ирак өнөктүгүнүн кесепеттери тууралуу ал баштала электе эле билгенин баса белгилеген.

«Блэрге согуштук аракеттер «Аль-Каиданын» Бириккен королдук менен АКШнын кызыкчылыктарына карата коркунуч жаратуу деңгээлин жогорулата тургандыгы жөнүндө эскертишкен. Ошондой эле ага өлкөгө кирип баруу ирак курал-жарактарынын террорчулардын колунда болуп калуу ыктымалдыгына алып келиши мүмкүндүгүн эскертишкен», — деп жазды «Би-би-си» Чилкоттун айткандарын.

Ошондой эле Чилкот баяндамада Улуу Британиянын гана эмес, а Ирак өнөктүгүнө катышкан союздаш өлкөлөрдүн аракеттерине да баа берген.

«Коалиция Бириккен Улуттар Уюмунун каалоосун көңүлгө албаган жана тынчтык менен коопсуздукка коркунуч жаратуучу катары каралып жаткан катаал режимди кулатууга жетишкени менен жаңы Иракта алдыга коюлган максаттарына жетише алган жок», ‒ деди ал.

Жон Чилкоттун жетекчилиги алдында жазылган көз карандысыз комиссиянын баяндамасынын толук тексти 2 млн 600 миң сөздөн турат. Ал иликтөө комиссиясынын интернеттеги расмий баракчасына жарыяланган.

Баяндама жарыялангандан кийин Улуу Британиянын мурдагы премьер-министри Тони Блэр ирак өнөктүгүнүн алкагындагы жаңылыштыктар үчүн жоопкерчиликти алууга даяр экенин билдирди.

«Мен кандай гана жаңылыштыктар үчүн болбосун эч кандай жеңилдиктерсиз жана актанууларсыз толук жоопкерчиликти кабыл алам», — деди ал.

Коалициялык күчтөр Иракка кирип барган согуштук операция АКШ тараптан Ирактын массалык жок кылуу куралын түзүп жаткандыгы жөнүндө чалгындоо маалыматтар келип түшкөндүгү билдиргенден кийин, 2003-жылдын мартында башталган.

АКШнын, Улуу Британиянын жана коалиция боюнча союздаш өлкөлөрдүн аскерлеринин аракеттеринин жыйынтыгында үч жуманын ичинде ирак армиясы толугу менен талкаланып, 2006-жылы өлүм жазасына тартылган Ирактын президенти Саддам Хуссейндин режими кулатылган.

Ассошиэйтед Пресс маалымат агенттигинин баасы боюнча, 2006-жылы Иракта 13 миң 813 жайкын адам каза болгон, а 2007-жылы алардын саны 18 миң 610 кишиге жеткен. Улуу Британия Иракта жалпысынан 179 аскерин жоготкон.