«Мадина» базарынын сатуучуларынын айтымдарында, контейнерлер электр зымынан чыккан жалындан улам күйүп баштаган. Ал жерге барган өрт өчүрүүчүлөр өрттү жарым сааттын ичинде өчүрүп бүтүштү.

Бишкектин «Мадина» базарынын кездеме бөлүмүндөгү өрт 13-июлда болду. Эртең мененки саат ондордо кездемелери бар эки контейнер күйүп кеткен. Өрт эч кимдин саламаттыгына зыян алып келген эмес.

ӨКМдин кызматкери Нурлан Ташмамбетов Kloop.kgге курган маегинде күйгөн жердин аянты 24 чарчы метрди түзгөнүн билдирди.

«Жабыркагандар жок. Учурда ал жакта адистер иштеп жатышат, алар өрттүн келип чыгуу себептерин аныктап, келтирилген чыгымдын көлөмүн баалап жатышат», — деди ал.

Окуянын күбөсү Kloop.kgге соода контейнерлеринде эч нерсе болбогонун айтты. Ал өрттүн келип чыгышына электр зымынан чыккан жалын себеп болгон болушу мүмкүн деп божомолдоду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, өрттү эки өрт өчүрүү тобу өчүргөн. Бирок өрт болгон жерге Kloop.kgнин кабарчылары барган маалда анда бир гана өрт өчүрүү унаасы жана тез жардам унаасы турган.

Автор: Алина Пак
Видео: Марат Абдыкалыков, Азамат Каработоев