Шаардыктар депутаттарды курулуш компанияларынын кызыкчылыктарын коргоого жана шаар борборундагы тилкелерди жеке керектөөлөрү үчүн «тартып алуу» каалоолоруна айыптап жатышат. Парламентарийлер эгер мыйзам долбоору кеңири коомдук колдоого ээ болбосо, анда аны чакыртып ала тургандыктарын убадалап жатышат.

Бишкектин жашоочусу Мария Абакирова шаардын борборундагы эски үйлөр менен имараттарды бузууну сунуштаган депутаттардын мыйзам долбоорун — «элге каршы» жана «антиконституциялык» демилге деп эсептейт. Анын пикиринде, компенсация көлөмү турак-жайдын базардагы баасынан төмөн болушу мүмкүн.

«Биз алардын (депутаттардын)  жеке үйлөр менен ресторандарын куруу үчүн элдин нааразычылыктарына карабастан бактарды, парктарды кыйып жаткандыктарын билебиз. Алар жашоого кооптуу болгон көп кабаттуу үйлөрдү куруу үчүн үйлөрдүн жанындагы балдар аянтчаларын, үйлөрдүн айланасындагы аймактарды тартып алып жатышат», — деди ал.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери 1996-жылга чейин курулган үйлөрдү бузуу «борборго заманбап көрүнүш берүүгө» шарт түзөт деп эсептешүүдө. Бирок Абакированын айтымында, Кыргызстан эгемендүүлүккө жеткенге чейинки убакта курулган үйлөр бышык жана адамдар аларда дагы жарым кылым жашаса болот.

Үйлөрдүн бузулушуна каршы болуп жаткан шаардыктардын демилгелүү тобу 7-июлдан бери (1 аптага жетпеген убакыт ичинде) депутаттардын идеясына каршы жети миңден ашык кол топтошкон. Активисттер үч миң колду президенттин аппаратына, Жогорку Кеңешке жана мэрияга жөнөтүшкөн.

Ошондой эле шаардыктарды акыйкатчы Кубат Оторбаев дагы колдоп чыкты. Ал долбоордун демилгечиси, ата-мекенчи Өмүрбек Текебаевге мыйзам долбоорун чакыртып алууну сунуштады. Өз катында ал документ мамлекеттин жарандардын укуктары менен эркиндиктерин кемсинткен мыйзамдарды кабыл ала албай тургандыгы көрсөтүлгөн Конституцияга жана башка ченемдерге каршы келе тургандыгын жазган.

Юрист Фатима Якупбаеванын пикиринде, мыйзам долбоору шаардын өнүгүшүнө эмес, а курулуш компанияларынын кызыкчылыктарын коргоого багытталган.

«Мыйзам долбоорунда айтылып жаткан аймакты [Бишкектин борбору] жана борбордогу мүлккө болгон суроо-талапты эске алуу менен белгилүү бир курулуш компанияларынын кызыкчылыктарын коргоо мүмкүндүгү жөнүндө божомолдоого болот», — деди ал.

Борбор инвесторлорго кызык

«Ата-Мекен» фракциясынан депутат Өмүрбек Текебаев журналисттер менен болгон жолугушуусунда 1996-жылга чейин курулган, шаардын башкы планына жана долбоордук-деталдык пландоосуна туура келбеген аз кабаттуу имараттар гана бузула турганын билдирди.

«Бул мыйзам долбоору көптөгөн талкууларды жаратты, бизде көбү каршы чыгышты. Мыйзам алардын кызыкчылыктарына жооп бербегендиктен эмес же алардын менчикке ээлик кылуу укуктарына каршы багытталгандыктан эмес. Алар болгону адашып жатышат […] Сталинка, хрущ ёвкалардын жана заманбап көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары тынчсызданбай эле коюшса болот. Алар алынбайт, мыйзам алардын макамынын туруктуу экенин дагы бир жолу белгилөөдө», — деди ал.

Текебаевдин айтымында, мыйзам долбооруна өзгөртүүлөр киргизилет жана эгер ал коомдук талкуудан өтпөй калса, анда демилгечилер идеядан баш тартуулары мүмкүн.

Анын партиялашы Алмамбет Шыкмаматов шаар барак тибиндеги эски үйлөрдөн арылышы керек деп эсептейт.

«Үйлөр мамлекет тарабынан сатылып алынып, андан соң конкурстук негизде инвесторлорго берилиши керек», — деди Шыкмаматов.

Бишкектин мэри Албек Ибраимовдун пикиринде, Кыргызстанда эски үйлөрдү бузуу тартиптерин мыйзам менен бекитүү зарыл.

«Мыйзамдын деңгээлинде Бишкектеги эски үйлөрдү бузуунун, ошондой эле аларды инвесторлордун кызыгууларын жараткан жана шаар куруу маселелерин чечүү үчүн баалуу болгон кварталдар менен айрым аймактарды комплекстүү куруу максатында мамлекеттик жана коомдук керектөөлөр үчүн алуунун механизмдери менен тартиптери  жок», — деп жазган ал Текебаевге жолдогон катында.

Бишкек башкы архитектура ишканасынын шаар куруу жана долбоорлоо башкармалыгынын башчысы Жыргалбек Асаналиев шаар «эч кандай тарыхый баалуулуктарга ээ эмес» эски үйлөрдөн арылып, алардын ордуларына жаңы турак үйлөр курулушу керек деп эсептейт.

«Эски үйлөр 1930-жылдары курулган. Алар толугу менен эскирип бүтүштү, аларды бузуу керек. Алар эч кандай баалуулуктарга ээ эмес, көрө турчу эс нерселери жок. Учурда деталдуу пландоо долбоору иштелип чыгууда», — деди ал Kloop.kgге курган маегинде.

Үйлөрдү бузуу жөнүндөгү мыйзам долбоору

«Бишкектин тарыхый борборун реконструкциялоо жана өнүктүрүү жөнүндөгү» мыйзамдын долбоорун депутаттар коомдук талкууга 2016-жылдын 10-июнунда алып чыгышкан. Анда 1996-жылга чейин курулган жана Жибек-Жолу проспектиси, Жаш Гвардия гүлбагы, Линейный жана Карпинка көчөлөрү менен курчалган аймакта жайгашкан жеке жана башка менчиктеги объектилерди алуу сунушталган.

Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, мамлекет андай үйлөрдү ээлеринен сатып алат, бирок ага чейин эксперттик комиссия мүлктү баалап чыгат.

«Кыймылсыз мүлктүн баасы мамлекет тарабынан же потенциалдуу инвестор тарабынан төлөнүп берилет. Өкмөт шаардык кеңештин, мэриянын, көз карандысыз эксперттедин, окумуштуулардын өкүлдөрүнөн турган имараттардын бааларын аныктачу комиссия түзөт», — деди ал.

Соавтор: Айсулуу Бердалиева
Видео: Азамат Каработоев