Бишкектин борборундагы эски үйлөрдү бузуу жөнүндөгү мыйзам долбоору 27-июлда, шаар тургундары парламентарийлерди «жеке керектөөлөрү үчүн тартып алууну каалап жатышат» деп айыпташып, демилгеге каршы жети миң кол топтогондон кийин чакыртылып алынды.

«Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев эски үйлөрдү бузууну сунуштаган «Бишкектин тарыхый борборун жаңылоо жана өнүктүрүү жөнүндөгү» мыйзам долбоорун чакыртып алды. Бул тууралуу депутат партиянын «Фэйсбуктагы» расмий баракчасына жазды.

«Бул мыйзам долбоорун ишке ашыруу боюнча силердин тынчсызданууңар менен күмөн санооңорду тең бөлүшүп, силердин жарандык позицияңар менен активдүүлүгүңөрдү сыйлап, а эң башкысы, бизде шаарлар менен калк жайгашкан аймактарды масштабдуу түрдө реконструкциялоо тажрыйбабыздын жок экенин эске алуу менен демилгеленген долбоорду чакыртып алам», — деп жазды депутат.

Мыйзам долбоору депутаттарды «курулуш компаниялардын кызыкчылыктарын коргоого» жана шаар борборундагы жер тилкелерин жеке керектөөлөрү үчүн «тартып алуу» каалоолоруна айыптаган Бишкектин жашоочуларынын нааразычылыктарынан кийин чакыртылып алынууда.

Демилгелүү топ бир жуманын ичинде депутаттардын идеясына каршы жети миңден ашык кол топтоп, анын үч миңин президенттин аппаратына, Жогорку Кеңешке жана мэрияга жөнөткөн.

Ошондой эле бишкектиктерди акыйкатчы Кубат Оторбаев дагы колдогон. Ал долбоордун демилгечиси, ата-мекенчи Өмүрбек Текебаевге мыйзам долбоорун чакыртып алууну сунуштаган. Ал Текебаевга жазган катында документ мамлекеттин жарандардын укуктары менен эркиндиктерин кемсинткен мыйзамдарды кабыл ала албай тургандыгы көрсөтүлгөн Конституцияга жана башка ченемдерге каршы келе тургандыгын жазган.

Текебаев өз кайрылуусунда мыйзам долбоору конституциялык ченемдерге каршы келбестигин жазып, долбоорду саясатчылардын кийинки мууну ишке ашырат деген үмүтүн билдирген.

«Өлкө саясатчыларынын кийинки мууну бул долбоорду ишке ашырууга күч менен каражат таап, а эң башкысы Башкы пландын чегинде Бишкек шаарын реконструкциялоо зарылдыгы жөнүндө орток пикирге келе алышат деген үмүттөмүн», — деп жазылган билдирүүдө.

Үйлөрдү бузуу жөнүндөгү мыйзам долбоору

«Бишкектин тарыхый борборун реконструкциялоо жана өнүктүрүү жөнүндөгү» мыйзамдын долбоорун депутаттар коомдук талкууга 2016-жылдын 10-июнунда алып чыгышкан.

Анда 1996-жылга чейин курулган жана Жибек-Жолу проспектиси, Жаш Гвардия гүлбагы, Линейный жана Карпинка көчөлөрү менен курчалган аймакта жайгашкан жеке жана башка менчиктеги объектилерди алуу сунушталган.

Документке ылайык, мамлекет үйлөрдү ээлеринен сатып алат, бирок ага чейин шаардык кеңеш менен мэриянын өкүлдөрүнөн, эксперттерден жана окумуштуулардан турган көз карандысыз эксперттик комиссия мүлктү баалап чыгышы керек болот.

Мыйзамдын демилгечилеринин пикирлеринде, 1996-жылга чейин курулган үйлөрдү бузуу «борборго заманбап көрүнүш берүүгө» шарт түзмөк. Долбоорду Бишкектин мэри Албек Ибраимов менен Бишкек башкы архитектура ишканасынын шаар куруу жана долбоорлоо башкармалыгынын башчысы Жыргалбек Асаналиев колдогон — алар  «эч кандай тарыхый баалуулуктарга ээ эмес» эски үйлөрдөн арылып, алардын ордуларына жаңы турак үйлөр курулушу керектигин билдиришкен.