УКМК: кыргызстандык 98 паспортту жасалмалаган шектүүлөр Бишкекке алынып келинди

Кытайдын жарандарына жасалма 98 паспортту берген эки шектүү  Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынын Бишкектеги имаратына алынып келинди. Буга чейин Түрк бийлиги аларды Сауд Арабиясына учуп кетүү аракетинин үстүнөн кармашкан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы Кыргызстанга Кытайдын жарандарына кыргызстандык 98 паспортту мыйзамсыз берген эки шектүүнү алып келишкенин билдирди мекеменин пресс-кызматы.  

Атайын кызмат жасалма документтерди жасоо жана сатуу, ошондой эле мыйзамсыз миграцияны уюштуруу беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Кармалгандар эки жылдан 9 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.   

«Иликтөөнүн кызыкчылыгы үчүн» УКМК азырынча кармалгандар тууралуу маалымат берген жок.

Эки шектүү 2016-жылы майда Түрк полициясы тарабынан Стамбулдун  Ататүрк атындагы аэропортунан Сауд Арабияга учуп кетүү аракетинде кармалышкан. Алар менен бирге кыргызстандык жасалма паспорту менен делген Кытайдын 96 жараны да кармалган.  

Түрк ЖМКнын маалыматы боюнча алар бирөөсү 2500 еврону түзгөн жасалма кыргыз паспорттору менен тийиштүү жерине жетүүнү көздөшкөн.

Hurriyet басылмасы полицияга шилтеме менен “уюштуруучулар” камакка алынганын, ал эми 96 жүргүнчү Кытайга депортациялануу үчүн иммиграциялык кызматка жөнөтүлгөнүн билдирди.

Мамлекеттик каттоо кызматынын пресс-катчысы Мелис Эржигитов Kloop.kgге буга окшогон окуялардын алдын алуу үчүн кызмат паспортторду берүү боюнча коопсуздук чараларын такай  күчөтүүдө деп билдирген.

Автор: Сезим Каныбекова