Аза күтүүнү теледен жарыялаганда Атамбаевдин сүрөтү жылмайып турду беле?

Коомдук тармактарда КТРКнын кызматкерлеринин кесипкөйлүк сапаты төмөн деп күнөөлөй башташты — колдонуучулардын пикиринде журналисттер Президент Алмазбек Атамбаевдин аза күтүү жарыялаган эфиринде анын жылмайган сүрөтүн коюшкан. Чынбы ушул?

КТРК жарыялаган президент Атамбаевдин фотосуна алгачкылардан болуп журналист Григорий Михайлов көңүл бөлгөн. Эфирде телеканал Атамбаевдин каза болгондордун урматына аза күтүү тууралуу жарыясын чыгарган.

«Кыргызстандын башкы телеканалы 29-августта Москвадагы өрттө каза болгон 17 адамга аза күтүү тууралуу билдирүүнү Атамбаевдин жылмайган (!) сүрөтү менен чыгарды», — деп жазган ал.

КТРКнын генералдык директору Илим Карыпбеков «Фэйсбуктан» сүрөт президенттин аппараты менен макулдашылып чыгарылгандыгын билдирди.

Анын пикиринде Атамбаев сүрөттө эч кандай эмоциясыз.

«Менин жеке пикиримде, жарыяланган сүрөттө өлкөнүн президентинин жүзүндө жылмаюу же кайгыруу жок, официалдуулуктан башка эмоция жок. Эгер айрым телекөрөрмандарга жана социалдык түйүндөрдүн колдонуучуларына президент жылмайып тургандай сезилсе, анда мен расмий кечирим сурайм!» — деп жазган Карыпбеков.

«Майкрософт» компаниясынын адамдын эмоциясын сүрөтү менен аныктаган кызматы КТРКнын президентинин пикирине макул. Сүрөткө ылайык, Атамбаев 99 пайыз нейтралдуу эмоцияда.  

14191753_1262828620418688_1573499101_o

Атамбаевдин фотосу пайыздык ченем менен:

99,2% — нейтралдуу;
0,5% — бактылуу;
0,2% — жактырбоо;
0,04% — кайгыруу;
0,05% — ачуулануу;
0,01% — жийиркенүү;
0% — коркуу.

Тема боюнча:

Сүрөт: Илим Карыпбеков