Текебаев парламентти Атамбаевдин администрациясынан көз каранды болбоого чакырды

Депутат Өмүрбек Текебаев парламентте сөз сүйлөдү. Өз сөзүндө депутаттарды президент Алмазбек Атамбаевдин администрациясынан көз карандысыз болууга чакырды.

«Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев 1-сентябрда парламенттин сессиясынын ачылышында депутаттарды президенттин администрациясынан көз карандысыз болууга чакырды. Депутаттарды өз кабинетине чакырып алып, кызмат көрсөтүүсүн сурангандын ордуна, тескерисинче, парламент президенттин администрациясынан отчёт алышы керек деди.

Ал президенттин макулдугусуз парламентти түзүүнү сунуштады. Депутат элдин бийликтеги жалгыз өкүлү — бул президент эмес, парламент экенин айтты.

Айтымында, парламент өзү сын-пикир үчүн себеп жаратып эч нерсе чечпей жатат. Ал депутаттарды көз карандысыздыкка ээ болгондон кийин түзүлгөн жана чечкиндүү болгон Жогорку Кеңештин биринчи чакырылышындагы «легендарлуу парламенттей» болууга чакырды.  

Текебаев билдиргендей, өлкөнү президент эмес, анын айланасындагы адамдар башкарууда. Президенттик КСДП фракциясын болсо депутаттар өздөрү эмес, «акаевчи», «бакиевчи» жана президенттин жанында жүргөндөр — администрация башчысы Фарид Ниязов жана администрация башчысынын орун басары Сапар Исаков башкарып жатканын кошумчалады.

Ал Отунбаева менен Убактылуу өкмөттү Атамбаевдин алдында ачык эле коргой баштады. Эгемендүүлүк күнүндө сынга кабылган экс-президент Роза Отунбаеваны Текебаев коргоп чыкты.

Текебаевдин айтымында, Отунбаева 2010-жылдын апрелиндеги революциядан кийин эч бир саясатчы даай албаган мамлекет үчүн жоопкерчилик алган.

Президенттин парламенттеги башкы оппоненти болгон Текебаевдин сөзү Атамбаев тарабынан айтылган сынга жооп болду. Президент өзүнүн мурдагы катарлаштарын «мародёрлукка, өз кызматтык абалдарын кыянат пайдалангандыкка жана сепаратисттерге шыкакчылыкка айыптаган».

Атамбаев Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөлөрүнүн, анын ичинде экс-президент Роза Отунбаеванын да, Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча каршы чыккандыгына нааразы болгон. Президент 2010-жылдагы Баш мыйзам авторитардык режимди түзүүгө шарттарды камтыйт деп эсептейт.