Чоң панда жоголуп бараткан жаныбарлар тизмесинен чыгарылды

Жаратылышты коргоо боюнча эл аралык биримдик (IUCN) Кызыл китепке кирген чоң пандаларды «жоголуп бараткандардын» тизмесинен чыгарып «аярлууларга» киргизди.

IUCN чоң панданын түрү 2004-2014-жылдар аралыгында 17 пайызга өскөндүгүнө байланыштуу статусун өзгөрттү. Бул туурасында Жапайы жаратылыш боюнча дүйнөлүк фонд (WWF) өз сайтында билдирди.

WWFнин генералдык директору Марко Ламбертини билдиргендей, панда тукум курут болуудан бир кадам алдыга жылып, бирок ошол эле убакта сейрек кездешкен жаныбарлар түркүмүнө кирген боюнча калат берет.

«Панданын тукум курут болуудан бир кадам алдыга жылганы — жапайы жаратылышты жана анда жашагандарды корогоо менен алектенген баардыгы үчүн толкундануучу көз ирмем», — деди ал.

Ламбертини кошумчалагандай, пандалардын жашаган чөйрөсүнө начар долбоорлонгон инфраструктура терс таасирин тийгизүүдө.

WWFнын Кытайдагы аткаруучу директору Ла Цзе Пин пандаларга келе турган коркунучтун үстүнөн кытай өкмөтү иштеп жатканын айтты.

Жапайы жаратылыш боюнча дүйнөлүк фонд чоң панданын популяциясын кайра калыбына келтирүү менен алектенет. Чоң панда Кытайдын борбордук бөлүгүндөгү тоолуу аймактарда жашайт. 1961-жылдан бери панда — аталган фонддун расмий символу.

Сүрөт: flickr, Smithsonian’s National Zoo