УКМК: Кытай элчилигиндеги теракт «уйгур террористтик топторунун» буйрутмасы менен ишке ашкан

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кабарлагандай, 30-августта Кытай элчилигинде теракт уюштурган согушкер-жанкечтинин тек-жайы аныкталган. Аны «Чыгыш Түркистандын ислам кыймылы» террористтик уюмунун мүчөсү 1983-жылы туулган Зоир Халилов уюштурган.

УКМКнын басма сөз кызматы кабарлагандай, иликтөөнүн жүрүшүндө 30-августта Кытай элчилигинде терактты уюштурган жана аткаргандардын тек-жайы аныкталган.

Мекеменин маалыматы боюнча, терактты жасаган жанкечти «Чыгыш Түркистандын ислам кыймылы» (ЧТИК) террористтик уюмунун мүчөсү, паспорту боюнча Тажикстандын жараны 1983-жылы туулган Зоир Халилов болуп чыккан.

УКМКнын тергөө башкармалыгы «Терроризм» жана «Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү» беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Иликтөөнүн жүрүшүндө, ошондой эле, теракттын буйрутмачылары учурда «Жабхат ан Нусра» террористтик уюму менен байланышы бар Сириядагы уйгур террористтик топтору экени аныкталган.

УКМК кабарлагандай, террористтик актыны сириялык террористтер каржылап, Кыргызстандагы «Жамаат Таухид ва Жихад» (ЖТЖ) уюму ишке ашырган. Ош шаардык сотунун чечими менен бул уюм 2016-жылдын мартында террористтик топ деп табылган.

ЖТЖнын башчысынын өздүгү иликтөөнүн натыйжасында аныкталган. Аталган уюмдун башчысы Кыргызстандын жараны Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылында 1971-жылы туулган Сирожиддин Мухтаров болуп чыккан. Учурда ал эл аралык издөөдө.

Мухтаров Кыргызстандагы терактты жасоо боюнча координатору болгон, деп эсептейт УКМК. Ал үчүн Мухтаров ЖТЖнын мүчөсү, Түркияда жүргөн Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун тургуну Бурханидин Жантораевди тарткан.

УКМК кабарлагандай, 6-сентябрга карата тогуз кишиден турган айыпталуучулардын тобу аныкталган.

Бул боюнча чет өлкөлүк өнөктөштөргө көрсөтүлгөн адамдарды кармап, Кыргызстанга өткөрүп берүү боюнча кайрылуу жасалган.

Террорист-жанкечти «Митцубиси Делика» унаасы менен Кытай элчилигинин дарбазасын талкалап кирип, «чоң кубаттуулуктагы» жардыруучу затты жардырган.

Натыйжада үч адам жабыркап, орто деңгээлдеги жаракаты менен ооруканага жаткырылган. Андан сырткары имарат менен анын жанындагы курулуштарга зыян келтирилген.

Уйгурлардын көз карандысыздык үчүн күрөшү Кытай Уйгурстанды XVIII кылымда өзүнө каратып алгандан бери уланып келүүдө. Ошондо жаңы провинция Шинжаң деп аталып калган.

Шинжаңда 1933-жылы Чыгыш Түркстандагы Түрк ислам республикасы негизделген. Аталган мамлекетти түптөөдө уйгурлардын ролу чоң болгон. Ал көп убакытка чейин сакталып калбаса да Экинчи Чыгыш Түркистан республикасынын түзүлүшүнө өбөлгө болгон. Экинчи жолу мамлекет 1944-жылы түптөлүп беш жыл жашаган.

Шинжаң 1955-жылы Шинжаң-Уйгур автоном районуна (ШУАР) айландырылган.

Пекин бул аймакты кытайлаштыруу үчүн жигердүү иш алып бара баштаган. Кытайдын расмий бийлиги уйгурлардын өнүгүшүнө жымсалдап тоскоолдук көрсөтүп келишет.

Пекиндин саясаты уйгур сепаратизминин чыгышына себеп болгон. Уйгурлар көз карандысыз Чыгыш Түркистанды түзүүнү каалашат. ШУАРдын аймагында 1955-жылдан бери 15тен ашуун ири каршылык акциялары өткөн. Уйгур согушкерлери 1999-жылы бир нече теракт актыларын жасашкан. Бийлик өкүлдөрү мындай иш-аракеттерге дароо жооп кылып, массалык камоолорду орундатып келет.

Тема боюнча:

Сүрөт: УКМК, согушкер-жанкечти Стамбулдан Ош аба майданына келди.