Малайзиялык «Боингди» орусиялык «Буктан» атып түшүрүшкөн. Эл аралык иликтөөнүн жыйынтыктары

Малайазиялык «Боинг» МН17 Донецк Элдик Республикасынын (ДЭР) көзөмөлү менен Орусиядан алынып келинген «Бук» тарабынан атылып түшүрүлгөн — мындай маалыматты учактын түшүшүн иликтөө боюнча Эл аралык тергөө тобу жарыялады. Орусия тергөөнүн жыйынтыгын жаңылыш деп эсептейт.

Австралиялык, бельгиялык, малайазиялык, нидерланддык жана украиналык адистер Украинанын чыгышында малайазиялык «Боингдин» жерге түшүшүн иликтешкен. Алар жарыялаган маалыматка ылайык, атып түшүрүү ДЭРдин аймагындагы «Бук» орнотмосунан жүргүзүлгөн. (ДЭР — өзүн өзү жар салган Донецк элдик республикасы)  

Тергөө тобу күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн, радиолокациянын маалыматтарын, соттук-медициналык экспертизаны жана эксперттердин пикирин изилдеп чыгып, малайазиялык авиакомпаниянын учагы 9М38 сериясындагы ракета менен «Бук» орнотмосунан атылып түшүрүлгөндүгүн аныктаган.  

Топтун эксперттери «Боингдеги» боеголовкалардын фрагменттерин аларды алдын ала чачыратып туруп, ар түркүн ракеталар менен салыштырышкан. Муну менен алар учакты так ошол 9М38 сериясындагы ракета атып түшүргөнүн далилдешкен. Ракетанын фрагменттери экипаждын мүчөлөрүнүн денелеринен дагы табылган — ракета пилоттор кабинасынын сол тарабына тийген.

Тергөөчүлөр «Бук» орнотмосун Украинага жеткирүүгө мүмкүн болгон маршруттарды дагы изилдеп чыгышкан. Алар ортодон жазылып алынган телефондук сүйлөшүүлөрдү, видео, фото жана спутниктен келген маалыматтарды дагы изилдешкен. «Букту» Орусиядан Донецкке жана кайра Луганск аркылуу Орусияга жеткирген жүк ташуучу унаа табылган. Жерге түшүү маалында орнотмо Первомайское айылынын аймагында, ДЭРдин көзөмөлү алдындагы жерде болгон.

Күбөлөр Первомайскийден түтүндүн чыгышын көрүшкөн жана ышкырыкка окшогон катуу добушту угушкан.

Күнөлүүлөрдү аныктоо үчүн тергөө комиссиясы кайрадан телефондук сүйлөшүүлөрдү, күбөлөрдүн билдирүүлөрүн изилдеп, иликтөө жүргүзгөн. Тергөөчүлөр 100 шектелүүчүнү бөлүп чыгарышкан.  

Ошондой эле иликтөө аткаруучудан тартып жүргүнчүлөр учактын атууга буйрук берген адамга чейин чынжырчаны аныктоо үчүн жүргүзүлүп жатат. Бул «Бук»экипажынын демилгеси беле же башкаруучулардан берилген тапшырма экендигин аныктоо абдан маанилүү. Иликтөө уланууда.

Орусиянын реакциясы

Кремль эл аралык тергөөчүлөрдүн маалыматын «алдын ала берилген» деген пикирде. Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков «Би-би-сиге» курган маегинде, иликтөөнүн жыйынтыгын «соңку чындык» деп эсептебей тургандыгын айткан.  

«Бүгүн жасалган билдирүүлөргө ылайык, биз иликтөө 2018-жылга чейин уланат деген корутундуну чыгарабыз, ошондуктан биз дагы деле акыркы вердикттин чыгышын күтүүбүз керек. Дагы деле түшүнүксүз жагдайлар, карама-каршылыктар көп, ал карама-каршылыктарды бардыгыбыз чечип алышыбыз зарыл», — деди Песков.

Орусиянын ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова «Орусия тараптан жокко чыгарууга мүмкүн эмес далилдерди» тергөө тобу этибарга албай жаткандыгын билдирди.

Орусиянын Коргоо министрлиги орусиялык зениттик ракеталык комплекстери украин-орус чек арасынан өтпөгөнүн билдирди.   

Эл аралык тергөө тобунун доклады жарыяланган күндө, «Буктарды» чыгаруучу «Алмаз-Антей» курал-жарак концерни, мындан бир жыл мурда эле билдирген жана кайрадан окуянын өнүгүүсүнүн өздүк версиясын кайталады.

«Алмаз-Антей» ракета украиналык территориядагы Зарощенское айылынан чыккандыгын баса белгилейт.

Журналисттер менен сүйлөшүү учурунда, концерндин башкы конструктору Михаил Малышевский ракетаны жаңылыштык менен чыгарып алышы мүмкүн экендигин айтты. 

Нидерландынын реакциясы

Нидерланддын өкмөтү Эл аралык тергөө тобунун ишине жогорку баасын берди. Премьер-министр Рютте тергөөчүлөргө чыккан доклады үчүн ыраазычылык билдирип, ал кылмыш иште колдонула тургандыгын белгилеген.

Рютте тергөөчүлөрдү максималдуу түрдө көз карандысыз жана адилет болууга жана ишке саясий позицияны аралаштырбоого чакырды. Учурда иликтөө кызуу маалына жеткен чагы жана чыныгы күнөлүүлөрдү табуу өтө маанилүү.

Премьер-министр каза тапкандардын үй бүлөлөрүн кайрат кылуусун суранды, себеби, тергөөнүн тез натыйжаларды көрсөтүүсү мүмүн эмес. Рютте үй бүлөлөрдүн башынан өтүп жаткан кайгыны жана ачуланууну түшүнгөнүн айтып, Эл аралык тергөө тобу МН17нин катастрофасы үчүн жооптуу болгон жактардын соттолушуна бардык аракетин көрө тургандыгын кошумчалады.

Австралиянын реакциясы

Австралиянын премьер-министри Малькольм Тернбулл авиакырсыкка айыптуу болгон жактар жоопкерчиликке тартыла тургандыгын убада кылды. Малайазиялык учактын бортунда Австралиянын 38 жараны бар болчу.

Тернбулл бул тема тууралуу орус президенти Владимир Путин менен ушул жумада талкуулаганын айтты. Премьер-министр адилеттүүлүк орун алмайынча чалыкпастыгын иштей турганына сөз берди.

Австралиянын вице-премьери Барнаби Жойс, Орусиядан эмне себептен учак, орусиялык курал жарактан атылып түшүрүлгөнүн түшүндүрүп берүүнү талап кылды.

Австралия ТИМинин жетекчиси Жул Бишоп тергөө кыйла прогресске жеткенин айтты. Ошондой эле, ал каза тапкандардын үй бүлөлөрү үчүн иш улана бергендигин жана тергөө адилеттүүлүккө жетет жана фактыларга таяна тургандыгын белгиледи.

Украинанын реакциясы

Иликтөөнүн жыйынтыктарын билген Украинанын ТИМи эл аралык иликтөөнүн алдын ала чыккан жыйынтыктары 2014-15-жылдары алар жарыялаган иликтөөнү тастыктаганын белгиледи.

Украина доклад жетиштүү деңгээлде далилдүү болуп, Орусия иликтөөнү дискредитациялоо аракеттерин токтотуп, антиукраиналык версияларын чыгаруусун коёт деп ишенет.

«Кылмыш ишин иликтөө учурунда бул каргашалуу трагедиянын бардык башка мүмкүн болгон версиялары жана себептери каралып жана жокко чыгарылган. Муну менен Орусия Федерациясы биргелешкен тергөө тобунун ишмердүүлүгүн жана иликтөөнүн жыйынтыктарын бурмаланган жана жасалма маалыматты жайылтуу аркылуу дискредитациялоо аракеттеринин бардыгы токтотулат», — деп Украинанын ТИМинин билдирмесинде айтылган.  

Украинанын сырткы саясат боюнча ведомствосу, «Бук» орнотмосунун жүрүү маршруту трагедияга Орусиянын тиешеси бардыгын толугу менен далилдейт деген пикирде.  

Malaysia Airlines малайазиялык авиакомпаниянын Boeing 777 учагы 2014-жылдын 17-июлунда Донецк облусунун чыгышында Грабово айылынын жанынан жерге түшкөн. Учак Амстердамдан Куала-Лумпурду көздөй пландык рейсин ишке ашырып жаткан. Анын бортунда дүйнөнүн 10 өлкөсүнөн 283 жүргүнчү жана экипаждын 15 мүчөсү бар болчу. Авиакыкырсыктан эч ким аман калган эмес.

Сүрөт: NBC news