Кош бойлуулуктун акыркы айларындагы бойдон алдыруу — Азиядан келген мигрант кыздардын арасында көнүмүш адатка айланып бараткан сыяктуу. Алар Орусияга иштөө үчүн келишет. Бул кыздарга аборт жасаган медицина кызматкерлери да Орусияга жумуш издеп келгендер — алар бойдон алууну үй шартында жана медициналык жабдыктарсыз жасашат.
Материалдын түп нускасы «Настоящее время» сайтында жайгашкан, автору — Жибек Бегалиева.
Москвадагы кыргыз диаспорасынын активисттери коңгуроо кагууда: Москвага жумуш издеп келген жаш кыздар, мыйзамсыз бойдон алдырууга көп барышууда. Алар эмнеден мажбур болушууда жана мындай операцияларды ким жасайт? Настоящее Времянын кабарчысы кош бойлуу мигрант кыздарга жардам берип жаткан активисттер менен сүйлөшүп, бир канча клиникаларды кыдырып чыкты.
Болжол менен учурда Орусияда Кыргызстан калкынын жарым миллиондою жашап калды. Алардын жарымы — аялдар. Борбордук Азиянын башка өлкөлөрүнүн аялдары Орусияга жумуш издеп келгени чанда кездешет. Ошондуктан, кыргыз аялдары Орусиядагы мигранттар арасында эң алсыз катмарды түзөт.
Подмосковьедеги курулушка «Азия» кайрымдуулук фондунун президенти Урмат Байматова бир аптада бир жолу келет. Жайында, бул жерге чоң үй салынат дейт. Бул үйдө балдары менен көчөдө калган кыргызстандык аялдар жашамакчы.
«Бир күндө мага жарандык никеде турган күйөөсү таштап кетти деген алты-жети кыз кайрылат, учурда биз кризистик борбор куруп жатабыз. Көчөдө калып калган аялдар документтерин топтоп, үйүнө жөнөткөнчө мына ушул борбордо убактылуу жашап турушат. Биргеликте алар бири-бирин колдоп кетишет», — дейт Байматова.
Боюнда бар мигрант кыздар Байматованын үйүндө тыгылып жашап жатышат. Моквадагы кеңсеге күн сайын жаңы аялдар келип турушат. Баарынын тагдыры бир: жигит-жарандык нике-бала. Кош бойлуу болуп калганын билген болочоктогу аталар дароо таштап баса беришет. Бир да кыз никесин каттоого койдура алган эмес.
«Алар өзүбүздүн эле кыргыз жигиттери менен жашашкан, нике кыйдырып алышкан (диний нике). Бирок, эмнегедир кош бойлуулуктун 6-7 айында эркектер таштап кетип калышат — дейт Байматова. — Көпчүлүгүнүн ата-энелери билишпейт. 80-90 пайызы оюна да келбесе керек. Айрым билип калган ата-энелер баланы үйгө алып келбе деп коюшат».
Шермендечиликтен же жумушун жоготуп коюудан корккон кыздар, ар кадамга барышат: кош бойлуулуктун эң акыркы айларында бойдон алдырып салышат. Орусияда өз каалоосу менен бойдон алдырууну 12 аптага чейин мөөнөттө жасата алат. Эгер бала чоңоюп калган болсо — медициналык гана көрсөткүчтөрдүн негизинде каралат.
Мигрант кыздар курсак чоңойгондо да бойдон алдырса боло турганын билишет, жадагалса алар арзан баага аборт жасай турган медициналык кызматкерлерди да таанышат.
«Кош бойлуулуктун акыркы айларында бойдон алдырууга 50 миң төлөшөт. Мен ага айттым: "8-9 айлык бала — бул тирүү адам! Кантип жасатканы турасың дедим?"» — деп Байматова болгон окуяны айтып берип отурду.
«Анын аты Катя Мырзабекова, ал кыргыз кызы. Кыргызстанда мед айым болуп иштеген, эми Москвада иштеп жатат. Ал өзүнүн визиткаларын бардык станцияларда таратып жүргөн. Биз аны милицияга алып бардык», — дейт «Азия» кайрымдуулук фондунун президенти.
Анын мыйзамсыз аборт менен алектенгенин далилдөө үчүн диаспора биргелешип аракет кылдык. Төрөтү жакын аялды таптык. Медайым ага көчөдө эле бойдон түшүрүүчү дарыларды сатты да, жеке батиринде аборт жасап берем деди. Байматова айткандай, бул батирде медициналык жабдыктар жок, жадагалса, төрөт керебети да жок экендигин айтты.
«Ал жакта дээрлик эч нерсе жок эле. Полдо бүктөлгөн төшөнчө гана жатыптыр. Жыты болсо, жалпы колдонуудагы дааратканадай экен. Кош бойлууларга куя турган асма уколдорун болсо, дубалга мык менен кагып коюшуптур. Биз киргенде, аны алып ыргытып жиберишти», — деди Байматова.
Активисттин айтуусунда, полиция участкасында медайымдын кичинекей баласы бар экендиги аныкталды. Диаспоранын өкүлдөрү биригип, жазган арызыбызды кайтарып алдык, медайым болсо жумушун өзгөртүүнү убада берди.
«Настоящее время» редакциясынын кабарчысы күбө болгондой, медайым дагы эле бойдон алуу менен алектенип жүрөт — медикаментоздук жана хирургиялык жол менен да иштээри белгилүү болду. Ал «Марьина роща» станциясында жаңы гинекологиялык кабинет ачып алган. Операция учурунда ага жардамчысы каралашат. Шектенген кардарларды да көндүрүүгө чебер.
Кыргызстандан жана Азиядан барган мигрант-аялдар канча криминалдык бойдон алдырганын эсептеп чыгуу мүмкүн эмес. Мигранттар арасындагы мыйзамдуу жасалган аборттун да саны белгисиз. Моквада эмгек мигранттарына ылайыкташтарылган ондогон гинекологиялык борборлор бар. Көп профилдүү клиниканын башкы дарыгеринин айтуусунда, аборт эң популярдуу медициналык кызмат катары бааланат.
«Биз өзүбүзгө келген пациенттердин санына карап гана айта алабыз. Биз медициналык борборлорду ижарага алабыз, акысы абдан жогору», — дейт башкы дарыгер Момунжан Алиев.
Дарыгерлердин айтуусуна караганда, эмгек мигранттары эң оор кырдаалдарда гана медициналык жардам сурап кайрылышат.
«Бир аз эле жаны жай алып калса, баарын унутушат. Жакшылап дарыланып алууга эч кимдин мүмкүнчүлүгү жок — дейт Момунжан Алиев. — Алар курч симптомдорду дарылап коюп эле жүрө беришет. Москвада мигрант орточо 25 миң өлчөмүндөгү айлык алат. Анын беш миңин батирине берсе, тамак-ашы, кийим-кечеси болуп, калган акчаны үйгө жөнөтүшөт. Анткени, үйдө ал акчаны күтүп жаткандар бар».
Дарыгер дарыланууга акча калбай калат дейт.