Мэтью бороонунун кесепеттери: Гаити гуманитардык катастрофа коркунучунда

Бороондун Гаити аралына соккусу медикаменттерге жана сууга болгон курч муктаждыкка алып келди. Толук эмес маалыматтарга ылайык, сегиз жүздөн ашык адам каза болду. Беш шаар суу алдында калды.

«Мэтью» бороонунан кийин Гаити толугу менен талкаланды. Табият кубулушу Гаитиге 4-октяобрда келип, беш шаарды суу алдында калтырды. Гаитинин түштүк-батыш тарабы көбүрөөк жабыркады.

Гаитидеги бороондун тийгизген кесепети. Сүрөт: Business Insider
Гаитидеги бороондун тийгизген кесепети. Сүрөт: Business Insider

Жереми шаары түп тамырына чейин урандыга айланды — имараттардын 80 пайызы жашоого жараксыз.

Гаитинин бардык жериндеги үйлөр талкаланды, аман калгандары ылайга чыланып калган. Таза суу менен медикаменттерге муктаждык өтө чоң. Жашоочуларга азык-түлүк жана гигиена буюмдары абдан зарыл болуп жатат. Кир суунун айынан холера оорусу

күч алды. Аталган илдеттен ондой адам каза тапты.
Табигый кырсыкка байланыштуу дүйшөмбү күнкүгө белгиленген президенттик шайлоо токтотулду.

Гаитидеги бороондун тийгизген кесепети. Сүрөт: Business Insider
Гаитидеги бороондун тийгизген кесепети. Сүрөт: Business Insider

Бороондон кийинки биринчи маалыматтарга ылайык тогуз адам мерт болгону айтылган. Бирок кыска убакытта эле курмандыктардын саны 340ка жетти, ал эми азыркы тапта 800 адамдан ашып кеткен. Каза болгондордун саны аябай көп, анткени көпчүлүк гаитиликтер мародёрлуктан чоочулап, эвакуациядан баш тартышкан.

Reuters 842 адамдын каза болгонун маалымдады, бирок бул так көрсөтүлгөн сан эмес экенин эске салат. Көпчүлүк сөөктөр 6-октябрда, төртүнчү күнү кечинде, суу азая баштаганда табылган.

Суу 6-октябрда кеч ооп калганда гана кете баштаган. Сүрөт: Haitian Truth
Суу 6-октябрда кеч ооп калганда гана кете баштаган. Сүрөт: Haitian Truth

Шанталь кыштагынын көпчүлүк тургуну өздөрүнүн үйүндө мерт кетишкен, себеби жашаган жерин бактар басып калган.

Кыштактын жашоочусу Жан Пьер Жан Дональддын үйүн да бак басып калган. Үйүндө колуктусу калган болчу, ал каза болду. Жан Пьер өзү урандылардын арасынан араң чыгып аман калды. Урандыларды тазалагандан кийин жубайынан айрылганын түшүндү. Кичинекей кызын эми жалгыз чоңойтот.

Бул үйдүн урандылары гана калды. Сүрөт: Reuters
Бул үйдүн урандылары гана калды. Сүрөт: Reuters

Шанталь кыштагынын мэринин орун басары Марк Ноэль бороондон кийинки кейиштүү абалды айтып нааразы болду. Адамдардын арасындагы жоготуулардан тышкары инфраструктуранын бардыгы талкаланып, мал кырылып, дыйкан чарбачылык да жарабай калды.

«Мындан ары тиричилигибизди улантып кетүү үчүн эч нерсебиз калган жок. Дан эгиндин баары, мөмө-жемиш бактарыбыздын бардыгы талкаланды. Мунун баарын кантип калыбына келтиребиз, билбейм», — деди Ноэль.

Урандылардын үстүндө турган кыз. Сүрөт: The Week
Урандылардын үстүндө турган кыз. Сүрөт: The Week

Гаитинин ӨКМи менен эл аралык уюмдар дагы деле алыскы райондорго жете албай жатышат. Көбүрөөк залакасын тарткан райондорго суу менен же аба аркылуу гана жетүү мүмкүн.

Гаитиликтерге АКШ жана Канада жардам көрсөтүүдө. Алар жабыркагандарга урандыларды тазалоо үчүн техника бөлүп беришкен, андан тышкары транспорт жана медициналык жабдыктар да жөнөтүлгөн. Бейтапканаларда жабыркагандар өтө көп. Дарыгерлерге колу-буту сынып же болбосо холера оорусу менен ооругандар кайрылып жатышат.

Үйүнүн урандыларында отурган үй бүлө. Сүрөт: Reuters
Үйүнүн урандыларында отурган үй бүлө. Сүрөт: Reuters

Гаитинин эли 2010-жылдагы катуу жер титирөөдөн кийин дагы деле калыбына келе элек болчу. Бул Латын Америка регионундагы эң жарды мамлекет.

Ал ортодо «Мэтью» бороону АКШнин жээгине жеткен. Жээктеги шаарлардын инфраструктуралары жабыркап, көчөлөрдү суу каптаган, айрым имараттар талкаланган. Курмандыктар дагы бар, ЖМК азырынча төрт адамдын каза болгонун билдирүүдө.

Тема боюнча: АКШ: Жээктеги штаттарда «Мэттью» бороонунан өзгөчө кырдаал түзүлдү